Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин кезексиз
V-сессиясы
2025-жылдын 13-марты № 5/4
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мөөнөтү бүткөн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн башталгыч баасын бекитүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мөөнөтү бүткөн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн башталгыч баасын бекитүүнү талкуулап Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мөөнөтү бүткөн айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн башталгыч баасы Жаны-Арык, Правда, Таш-Арык, Ак-Терек, Достук айылдарында башталгыч баасы 1 га суулуу жер аянтына 15 000 (он беш миң) сом, ар кадамы 1000 (бир миң) сом, кайракы 1 га жер аянтына 2000 (эки миң) сом, ар кадамы 500 (беш жүз) сом, Алп-Ордо, Чайчи, Талаа , Корок, Жору айылдарында суулуу 1 га жер аянтына 10 000 (он миң) сом, ар кадамы 1000 (бир миң) сом, кайракы 1 га жер аянтына 1500 сом ар кадамы 500 сом, чөп чабынды 1 га жер аянтына 1000 сом, ар кадамы 200 сом. Кыйынчылык менен суу барган (Правда, Ак-Терек, Балык жоон) жер аянттарына 5000 (беш миң) сом ар бир кадамы 1000 (бир миң) сомдон бекитилсин.
2.Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарба, бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.Дунаев |