Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-апрели № 10
Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы “Кара-Балта суу каналы” муниципалдык ишканасынын борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана агынды сууларды чыгаруу кызматтарынын тарифтеринин баа тизмеси жөнүндө»
Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Кара-Балта суу каналы» муниципалдык ишканасынын директору Сарсембаев Г.А. тарабынан борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана агынды сууларды чыгаруу кызматтарынын тарифтери тууралуу маалымат угулуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен бекитилген «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана агынды сууларды чыгаруу кызматтары үчүн тарифтерди аныктоо тартиби» тууралуу токтомунун 10-пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын 2026-жылдын 8-апрелиндеги №7 буйругу менен макулдашылган Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Кара-Балта суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана агынды сууларды тазалоо кызматтарынын прейскуранты бекитилсин (тиркелет)
2.Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 04-августундагы №9 “Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Кара-Балта суу каналы” муниципиалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү ичүүчү суу менен камсыздоо жана агынды сууларды тазалоо (канализация) кызматтарынын тарифтеринин прейскуранты жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелинсин.
3. Ишкердик менен алектенген (башка жана коммерциялык) уюмдар, менчиги кандай болбосун, борборлоштурулган ичүүчү суу жана канализация кызматтарын колдонгон 2-категориядагы абоненттер үчүн тарифтерди эсептөөдө 1-категориядагы абоненттерге белгиленген тарифке 3,0 көбөйтүүчү коэффициент бекитилсин.»
4. 2-категориядагы керектөөчүлөрдүн тизмеси бекитилсин-бюджеттик уюмдар, алар үчүн 1-категориядагы керектөөчүлөрдүн тарифи 2-тиркемеге ылайык белгиленет.
5.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |