Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 22-апрели № 4-д
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 4 “Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын иштешинин айрым маселелерин тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 6-пунктунун 9-пунктчасына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 4 “Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартипте:
- 14-пункттун экинчи абзацы “Колдонуучуларды каттоо” деген сөздөрдөн кийин “Бирдиктүү идентификациялоо системасы,” деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пунктта:
3-пунктчасында “жаңылыктарды алуу үчүн” деген сөз “жөнөтүүлөрүнө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пункттун 2-пунктчасында “13” деген цифралар “12” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 19-пункт “квартал сайын” деген сөздөрдөн кийин “, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен,” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укуктук маалымат башкармалыгы:
1) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтына жарыяласын;
2) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Экономикалык мыйзамдар башкармалыгы (Иманалиева Т.К.) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары С.Т. Ызаковага жүктөлсүн.
Министр |
| А.Б. Баетов |