Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-марты № 207
Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыккан зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |