Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 249 токтомуна) |
Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-1-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана мамлекеттик тапшырманын тизмесин түзүүнүн жана аны аткаруунун тартибин аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик заказчы - мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, фонддор жана мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка юридикалык жактар;
2) мамлекеттик тапшырманын тизмесин түзүү жана жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
3) мамлекеттик тапшырманын аткаруучусу - мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү 50 жана андан жогору пайыз болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарба коомдору;
4) субподрядчы (кошо аткаруучу) - мамлекеттик тапшырманын аткаруучусу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте мамлекеттик тапшырманын бир бөлүгүн аткарууга тартылган юридикалык жак/жеке ишкер.
3. Мамлекеттик тапшырма болуп мамлекеттин социалдык-экономикалык туруктуулугун жана (же) социалдык-маданий өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган артыкчылыктуу мамлекеттик милдеттерди аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен юридикалык жактарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен заказ берүү саналат.
4. Мамлекеттик тапшырманы аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен юридикалык жактарга бюджеттик каражаттарды бөлүү уставдык капиталды көбөйтпөстөн жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекеттик тапшырманын алкагында сатып алынуучу товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр өзгөчө учурларда төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча так сатып алынат:
1) маданият, туристтик иш, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу чөйрөлөрүндөгү;
2) билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча;
4) эл аралык жана республикалык маанидеги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармактарын куруу, реконструкциялоо, оңдоо, күтүү жана өнүктүрүү боюнча;
5) негизги фонддорду түзүү, көбөйтүү, жаңылоо жана модернизациялоо, ошондой эле экономиканын тармактарын өнүктүрүү боюнча;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик деңгээлде расмий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча.
6. Мамлекеттик заказчы жана мамлекеттик тапшырманын аткаруучусу мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруунун алкагында бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
7. Мамлекеттик заказчы тарабынан мамлекеттик тапшырманы мамлекеттик тапшырманын аткаруучусуна өткөрүп берүү, ошондой эле аткаруучу тарабынан мамлекеттик тапшырманы субподрядчыга (кошо аткаруучуга) өткөрүп берүү ачыктык, бейтараптык, коомчулукка жеткиликтүүлүк, айкындуулук принциптеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктардын кагылышы жана коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
2-глава. Ыйгарым укуктуу орган
8. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик тапшырманы аткаруу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат.
9. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик тапшырма чөйрөсүнө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, анын ичинде Мамлекеттик тапшырма реестрин түзүү жана жүргүзүү;
2) мамлекеттик тапшырманын ишке ашырылышын координациялоо, жөнгө салуу, көмөк көрсөтүү жана мониторинг жүргүзүү;
3) мамлекеттик тапшырманы аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында Мамлекеттик тапшырмалардын тизмегин жайгаштыруу;
4) мамлекеттик тапшырманы талаптагыдай ишке ашырбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартуу;
5) мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу бөлүгүндө статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды түзүү;
6) субподрядчыларга (кошо аткаруучуларга) контракттарды аткаруу боюнча укуктарды жана милдеттерди өткөрүп берүүнү кошкондо, мамлекеттик тапшырманын алкагында мамлекеттик контракттардын түзүлүшүн контролдоо жана мамлекеттик заказчылар тарабынан алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.
10. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган ар айлык негизде расмий сайтында Мамлекеттик тапшырмалардын тизмегин жайгаштырат.
Мамлекеттик заказчылар жана мамлекеттик тапшырманы аткаруучулар веб-порталына (zakupki.gov.kg) мамлекеттик тапшырма жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде мамлекеттик тапшырманы субподрядга өткөрүп берүү жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат.
11. Негиздеме-маалымкат, Мамлекеттик тапшырмалардын тизмеги, контракт жана мониторингдин жыйынтыктары мамлекеттик тапшырманы аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
3-глава. Мамлекеттик заказчынын укуктары жана милдеттери
12. Мамлекеттик заказчы мамлекеттик тапшырманы аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Тизмекке киргизүү үчүн мамлекеттик тапшырма системасынын иштеши, адекваттуулугу, эффективдүүлүгү жана натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу менен негиздеме-маалымкатты берет.
13. Белгиленген мөөнөттөн кийин берилген негиздеме-маалымкат каралбайт.
14. Мамлекеттик тапшырмалардын тизмегине киргизүүнүн жыйынтыктары боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу муктаждыгынын негизинде стратегиялык өнүгүүнү эске алуу менен мамлекеттик тапшырманын алкагында пландалган иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды киргизүү менен сатып алууларды өз убагында пландоо (Сатып алуулар планы) жүзөгө ашырылат.
15. Мамлекеттик заказчы ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик тапшырманы аткарууга контракттын көчүрмөсүн берүү менен мамлекеттик тапшырманы жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат берет.
16. Мамлекеттик заказчы ыйгарым укуктуу органга аткаруучу алмашкан учурдан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен аткаруучу же субподрядчы (кошо аткаруучу) менен мамлекеттик тапшырманы аткарууга контракт түзүлгөндүгү жөнүндө кабарлайт.
17. Мамлекеттик тапшырманын тизмегине мониторинг жүргүзүү, алып салуу жана өз убагында жаңылоо мамлекеттик заказчы тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат.
18. Мамлекеттик заказчы аткаруучу жана/же субподрядчы (кошо аткаруучу) менен макулдашуу боюнча контракттын көчүрмөсүн ыйгарым укуктуу органга берет.
19. Документ жүгүртүү жана маалымат алмашуу формасы автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу электрондук документ жүгүртүү (электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы ("ЭДМС" АМС) жана башка маалыматтык системалар) аркылуу жүзөгө ашырылат.
20. Мамлекеттик заказчы мамлекеттик тапшырманын алкагында контрактты аткаруунун, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуунун жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик тартат.
21. Контрактты аткаруу процессинде мамлекеттик заказчы/аткаруучу/субподрядчы (кошо аткаруучу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контракттарды аткаруу, дооматтар, контрактты токтотуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзөт.
22. Мамлекеттик заказчы төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) Тизмекке киргизүү үчүн берилген маалыматтын аныктыгы;
2) мамлекеттик тапшырманын максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик каражаттарды пландоо, башкаруу жана эсепке алуу;
3) бардык финансылык операцияларды толук, туура, так жана оперативдүү эсепке алуу;
4) бардык операциялык процесстерди документтештирүү жана мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу процесстерине байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу;
5) коррупцияга каршы жол-жоболорду жүргүзүү;
6) отчеттуулукту жана финансылык башкаруу жана контролдоо системасынын абалын документтер түрүндө чагылдырууну камсыз кылуу.
23. Мамлекеттик заказчы ички документтерде сатып алынуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата талаптар бөлүгүндө потенциалдуу аткаруучулардын квалификациясынын минималдуу деңгээлине карата кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу.
24. Зарыл болгон учурда мамлекеттик заказчы ички документте мамлекеттик заказчынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн сатып алуу предметинин коопсуздугуна, ишенимдүүлүгүнө жана эксплуатациялык комплекттүүлүгүнө талаптарды да белгилөөгө укуктуу.
4-глава. Аткаруучунун укуктары жана милдеттери
25. Мамлекеттик тапшырманы аткаруучу төмөнкү минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу;
2) кызыкчылыктардын кагылышуусунун, анын ичинде мамлекеттик заказчы экөөнүн ортосунда жоктугу;
3) лицензиялардын болушу (эгер иш лицензияланса);
4) жоготуулардын жоктугу жана финансылык отчеттуулук менен ырасталуучу финансылык мүмкүнчүлүктүн болушу;
5) контрактты жүзөгө ашыруу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;
6) зарыл билимге жана тажрыйбага ээ тиешелүү квалификациядагы кызматкерлердин болушу;
7) сатып алуу предмети боюнча документ түрүндө ырасталган контракттарды аткаруунун окшош тажрыйбасынын болушу;
8) контракттардын же товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларынын көчүрмөлөрүн берүү менен акыркы 3 (үч) жылга аткарылган окшош контракттардын жалпы көлөмү;
9) акыркы 3 (үч) жылга учурдагы жана бүтө элек жумуштар, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар.
26. Аткаруучу мамлекеттик заказчынын алдында мамлекеттик заказды жана түзүлгөн контрактты талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
27. Аткаруучу мамлекеттик заказчынын алдында мамлекеттик тапшырманы аткаруунун алкагында ушул Жобонун тиркемелеринде каралган документтердин толук пакетинин өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик тартат.
5-глава. Субподрядчынын (кошо аткаруучунун) укуктары жана милдеттери
28. Мамлекеттик тапшырманын субподрядчысы (кошо аткаруучусу) төмөнкү минималдык квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жок болушу;
2) кызыкчылыктардын кагылышынын, анын ичинде мамлекеттик заказчы менен кызыкчылыктардын кагылышынын жок болушу;
3) лицензиялардын болушу (эгер иш лицензияланса);
4) чыгымдардын жоктугу жана финансылык отчеттуулук менен ырасталган финансылык мүмкүнчүлүгүнүн болушу;
5) контрактты аткаруу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;
6) керектүү билими жана тажрыйбасы бар тиешелүү квалификациядагы кызматкерлердин болушу;
7) сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруунун документ түрүндө ырасталган окшош тажрыйбасынын болушу;
8) контракттардын же товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларынын көчүрмөлөрүн берүү менен акыркы 3 (үч) жылга аткарылган окшош контракттардын жалпы көлөмү;
9) акыркы 3 (үч) жылга учурдагы жана бүтө элек жумуштар, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар.
29. Субподрядчы мамлекеттик тапшырманы аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6-глава. Мамлекеттик тапшырмалардын тизмегин түзүү тартиби
30. Мамлекеттик заказчы ыйгарым укуктуу органга Мамлекеттик тапшырмалардын тизмегине киргизүү тууралуу негиздеме-маалымкатты берет.
31. Ыйгарым укуктуу орган кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик заказчыга Мамлекеттик тапшырмалардын тизмегине киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө 7 жумуш күндүн ичинде милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө кабарлоо менен Мамлекеттик тапшырмалардын тизмегине киргизүү жөнүндө оң же терс чечим чыгарат.
32. Учурдагы жылга Мамлекеттик тапшырмалардын тизмеги учурдагы кварталдын айынын акыркы күнүнүн аягына чейин мамлекеттик тапшырмаларды аткаруу үчүн жооптуу республикалык же жергиликтүү бюджеттердин мамлекеттик заказчыларын көрсөтүү менен түзүлөт.
33. Келерки финансылык жылга Мамлекеттик тапшырмалардын тизмеги учурдагы жылдын 1-июлуна чейин мамлекеттик тапшырмаларды аткарууга жооптуу республикалык же жергиликтүү бюджеттердин мамлекеттик заказчыларын көрсөтүү менен келерки финансылык жылга жана пландалган мезгилге түзүлөт. Мамлекеттик тапшырмалардын тизмеги ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыйт.
34. Артыкчылыктуу мамлекеттик милдеттерди аткарууга мамлекеттик тапшырмалардын тизмеги жана аны толуктоо боюнча сунуштар мамлекеттик заказчы тарабынан ыйгарым укуктуу органдын кароосуна төмөнкүдөй киргизилет:
1) учурдагы жылга - учурдагы кварталдын айынын акыркы күнүнүн аягына чейин;
2) келерки финансылык жылга - учурдагы жылдын 1-июлуна чейин.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан негиздеме-маалымкатты кароо мөөнөтү катталган учурдан тартып 14 жумуш күндү түзөт.
7-глава. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу тартиби
35. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу ушул Жобонун 3, 4 жана 5-тиркемелерине ылайык контракттардын формасында натыйжалардын көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен мамлекеттик заказчы менен мамлекеттик тапшырманы аткаруучунун ортосунда жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
36. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу көрсөткүчтөрүнө жетпегендик үчүн мамлекеттик заказчы жана мамлекеттик тапшырманы аткаруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
37. Мамлекеттик тапшырманы субподрядчыга (кошо аткаруучуга) өткөрүп берүү бааларды мониторингдөөнүн негизинде жүргүзүлөт, ал рынокту изилдөөгө, өндүрүүчүлөрдөн бааларды, берүүчүлөрдөн коммерциялык сунуштарды (экиден кем эмес) суроо аркылуу жарнамалык жарыяларды жана прейскуранттарды, ошондой эле окшош предметтерге бааларды изилдөөгө негизделүүгө тийиш. Рынокко мониторинг жүргүзүүдөн кийин сатып алуу предметинин сапатына талаптарга (техникалык спецификация, техникалык тапшырма, жумуштардын көлөмдөрүнүн жана чыгымдалуучу материалдардын ведомосту) ылайык келген учурда, эң төмөн бааланган наркты сунуштаган берүүчү менен контрактка кол коюлат.
38. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамында каралган конкурстук жол-жоболорду сактабастан жүзөгө ашырылат.
39. Мамлекеттик заказчылар аткаруучу, субподрядчы (кошо аткаруучу) менен түзүлгөн контракттардын көчүрмөлөрүн тиркөө менен коштоочу катты жогоруда аталган документтердин бири түзүлгөн учурдан тартып 7 жумуш күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга берет.
40. Ыйгарым укуктуу орган түзүлгөн контракттар боюнча берилген маалыматтын жыйынтыгы боюнча ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык таблица формасында мамлекеттик тапшырмаларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик заказчылардын реестрин түзөт.
41. Отчеттук мезгилде аткарылган мамлекеттик тапшырмалар боюнча жыйынтыктар жөнүндө отчет ыйгарым укуктуу орган тарабынан кийинки жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык расмий сайтта жарыяланат.
|
| Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Уюмдун фирмалык бланкы
Аталышы
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Төмөнкү маалыматты көрсөтүү менен кат | 1. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-1-беренесинде көрсөтүлгөн төмөнкү артыкчылыктуу багыттарга ылайык өзгөчө учурларда гана колдонулуучу мамлекеттик тапшырманын алкагында сатып алынуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик тапшырманы киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун негиздөө |
2. Мамлекеттик тапшырманы аткарууга пландалган каржылоо ыкмасы, мөөнөттөрү, суммасы бааларга мониторинг жүргүзүү, сметалык эсептөөлөр жана башка суммаларды тастыктаган документтерди тиркөө менен | |
3. Негиздеме-маалымкатта мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу учурунда жетишиле турган жыйынтыктар көрсөтүлүүгө тийиш | |
4. Ишке ашыруу мөөнөтү _______________________________________________ (учурдагы жыл же пландалган жыл) |
Тиркеме (тастыктоочу документтер тиркелет):
Жетекчинин кызмат орду | жетекчинин колу | аты-жөнү |
| МО |
|
|
| Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Мамлекеттик тапшырмалардын ТИЗМЕСИ
Мамлекеттик тапшырманын аталышы | Мамлекеттик тапшырманын кыскача сыпаттамасы (мамлекеттик тапшырманын предмети) | Мамлекеттик заказчынын аталышы | Каржылоо булагы республикалык же жергиликтүү бюджет | Мамлекеттик тапшырманы аткаруу үчүн учурдагы мезгилге же алдыдагы финансылык жылга жана пландоо мезгилине керектелүүчү бюджеттик каражаттардын суммасы |
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Товарларды берүү боюнча контракттын ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
20___-ж. "___" _____________ |
| № _____________ |
Бир тараптан Жобонун (Уставдын) негизинде аракеттенген __________________ атынан, мындан ары "Мамлекеттик заказчы" деп __________________ аталуучу (мамлекеттик заказчынын аталышын көрсөткүлө) жана экинчи тараптан Уставдын (Паспорттун) негизинде аракеттенген ____________________ атынан, мындан ары "Аткаруучу" деп аталуучу ____________________ (берүүчүнүн аталышын көрсөткүлө), биргелешип "Тараптар" деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Контрактты түздү.
1. Контракттын предмети
1.1. Аткаруучу ушул Контракттын шарттарында Мамлекеттик заказчыга мындан ары Товар деп аталуучу товарларды берүүнү жүзөгө ашырууга милдеттенет.
1.2. Товар ушул Контракттын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, ушул Контракттын "Баалар таблицасы" 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн ассортиментте, санда жана баада, ушул Контракттын "Техникалык спецификация" 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн сапатта берилет.
1.3. Товар Мамлекеттик заказчыга төмөнкү дарек боюнча берилет: _____________________________________________________.
1.4. Мамлекеттик заказчы Аткаруучуга Товарды бергендиги үчүн ушул Контрактта белгиленген тартипте жана мөөнөттө акы төлөөгө милдеттенет.
2. Контракттын баасы жана эсептөө тартиби
2.1. Контракттын баасы Кыргыз Республикасынын валютасында көрсөтүлөт жана __________ (____________________) сомду түзөт.
2.2. Контракттын баасы Товардын наркын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана чегерүүлөрдү, ошондой эле берүү, жүк түшүрүү-жүктөө, эксплуатациялоого берүү жана Мамлекеттик заказчынын кызматкерлерин окутуу менен байланышкан бардык чыгымдарды камтыйт.
2.3. Бул Контракт боюнча төлөө Тараптар кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде үч айдын ичинде, накталай эмес эсептешүү боюнча Мамлекеттик заказчы тарабынан ушул Контрактта көрсөтүлгөн Аткаруучунун эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен, сом менен жүргүзүлөт.
3. Товарды берүү жана кабыл алуу тартиби, мөөнөтү жана шарттары
3.1. Товарды жеткирүү жана түшүрүү Аткаруучунун автотранспорту менен Мамлекеттик заказчыга __________________ дареги боюнча контракт түзүлгөн учурдан тартып ________________ күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
3.2. Товарды кабыл алуу ушул Контракттын "Баалар таблицасы" 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн ассортиментте, санда жана баада, ушул Контракттын "Техникалык спецификация" 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн сапатта Аткаруучунун өкүлүнүн катышуусунда Мамлекеттик заказчынын өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик заказчынын өкүлү Спецификацияда көрсөтүлгөн берилүүчү товардын аталышынын, санынын жана башка мүнөздөмөлөрүнүн Аткаруучунун коштоочу документтеринде камтылган маалыматтарга шайкештигин текшерет.
3.3. Товарды кабыл алууда _____________________ жүзөгө ашырылат (товардын сапатын текшерүү ыкмасын сүрөттөө керек: визуалдык контроль, Техникалык спецификацияга шайкештиги). Дефекттер жана шайкеш эместиктер табылган учурда мындай кайтаруунун себептерин көрсөтүү менен Товардын бардык санын кайтарып берүү жүзөгө ашырылат.
3.4. Аткаруучу Товарды өткөрүп берүү менен бир эле учурда Мамлекеттик заказчыга зарыл документтерди, төлөөгө эсепти, эсеп-фактураны жана ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча товардык-транспорттук коштомо кагазды берүүгө милдеттүү.
3.5. Аткаруучу жана Мамлекеттик заказчынын өкүлү кабыл алган учурда Товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт жана кол коюлат. Берүү датасы болуп Тараптардын Товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол койгон датасы эсептелет.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
4.1. Аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
4.1.1. мамлекеттик заказчыга товарды Баалар таблицасында көрсөтүлгөн ассортиментте, санда жана баада, Техникалык спецификацияда көрсөтүлгөн сапатта өз убагында жана тиешелүү түрдө берүүгө жана Мамлекеттик заказчыга Контрактта каралган документтерди берүүгө;
4.1.2. ушул Контрактта каралган тартипте жана мөөнөттөрдө Товарды берүүнү камсыз кылууга;
4.1.3. Контрактта каралган тартипте жана шарттарда Товардын аныкталган дефекттерин жоюуну камсыз кылууга же аны тиешелүү түрдө алмаштырууга.
4.2. Аткаруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
4.2.1. мамлекеттик заказчыдан товарды Контрактта каралган тартипте жана мөөнөттө кабыл алууну талап кылууга;
4.2.2. мамлекеттик заказчыдан Контракттын 2-бөлүмүнө ылайык берилген Товардын толук жана өз убагында төлөнүшүн талап кылууга.
4.3. Мамлекеттик заказчы төмөнкүлөргө милдеттенет:
4.3.1. ушул Контрактта каралган тартипте берилген Товарларды өз убагында кабыл алууну камсыз кылууга;
4.3.2. Контракттын 2-бөлүмүндө каралган тартипте жана мөөнөттө Товарды төлөөгө.
4.4. Мамлекеттик заказчы төмөнкүлөргө укуктуу:
4.4.1. аткаруучудан Контракт боюнча милдеттенмелердин толук жана өз убагында аткарылышын талап кылууга;
4.4.2. Контракттын шарттарына ылайык келбеген Товарды кабыл алуудан жана төлөөдөн баш тартууга.
5. Товардын сапаты жана кепилдик милдеттенмелер
5.1. Аткаруучу берилген Товар сапаттуу, жаңы (пайдаланылбаган, керектөө касиеттерин калыбына келтирүүдөн өтпөгөн) болуп эсептелет жана ушул Контрактта белгиленген талаптарга жооп берет деп кепилдик берет.
5.2. Товар колдонуудагы МАМСТ, техникалык регламенттерге, санитардык ченемдерге ылайык келүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Контрактта көрсөтүлгөн сапат, коопсуздук талаптарына жана башка талаптарга жооп берүүгө тийиш.
5.3. Товар ташуу учурунда Товарды сынуудан, булгануудан же бузулуудан коргоону камсыз кылуучу таңгакта (идиште) берилүүгө тийиш. Товарда механикалык бузулуулар болбошу керек.
5.4. Аткаруучу берилген Товардын сапатына жана ишенимдүүлүгүнө кепилдик берет. Товарга кепилдиктин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде Мамлекеттик заказчы Аткаруучуга Товардын сапаты боюнча дооматын билдирүүгө укуктуу.
5.5. Аткаруучу Товардын сапаты боюнча дооматты алган учурдан тартып _________________ календардык күндүн ичинде дефекттерди жоюуга же талаптагыдай эмес сапаттагы Товарды алмаштырууга милдеттүү.
5.6. Мамлекеттик заказчы Контракт боюнча кепилдик милдеттенмелерин аткарбагандыгы (кемчиликтерди жоюу жана талаптагыдай эмес сапаттагы Товарды алмаштыруу мөөнөттөрүн өткөрүп жибергени) үчүн мындай ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн Контракттын баасынын ______%ы өлчөмүндө айып төлөмдү Аткаруучудан талап кылууга укуктуу. Мында айып төлөмдүн максималдуу кошуп эсептелүүчү өлчөмү Контракттын баасынын ______%ын түзөт.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
6.1. Ушул Контрактты аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Контракттын шарттарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6.2. Мамлекеттик заказчы ушул Контракттын 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн берүү мөөнөттөрү бузулгандыгы үчүн ар бир мындай мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн Контракттын баасынын _____%ы өлчөмүндө айып төлөмдү Аткаруучудан талап кылууга укуктуу. Мында максималдуу эсептен чыгарылуучу сумма Контракттын баасынын _____%ын түзөт.
6.3. Аткаруучу ушул Контракттын 2.4-пунктунда көрсөтүлгөн төлөө мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн ар бир өз убагында төлөбөгөн күн үчүн Контракттын баасынын _____%ы өлчөмүндө айып төлөмдү Мамлекеттик заказчыдан талап кылууга укуктуу. Мында максималдуу эсептен чыгарылуучу сумма Контракттын баасынын _____%ын түзөт.
6.4. Айыптык санкцияларды төлөө Тараптарды ушул Контракт боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.
7. Талаш-тартыштарды кароо жана чечүү
7.1. Контракттын аткарылышына байланыштуу келип чыккан Тараптардын дооматтары, анын ичинде техникалык жана финансылык маселелер боюнча талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен ушул тиешелүү документтерди тариздөө менен Тараптар тарабынан 10 жумуш күндүн ичинде каралат.
7.2. Жөнгө салынбаган талаш-тартыштар аларды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлгөндөн кийин гана Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясындагы сотко чечүүгө берилет.
8. Форс-мажор
8.1. Эгерде күтүүсүз жана ал жеткис күчтүн жагдайларынын, атап айтканда - өрттүн, суу ташкынынын, жер титирөөнүн, ушул Контракт боюнча Тараптардын милдеттенмелерди аткаруусуна тоскоолдук кылуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, мамлекеттик органдар тарабынан актыларды чыгаруунун натыйжасы болсо, Тараптар ушул Контракт боюнча милдеттенмелерди толук же жарым-жартылай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
8.2. Ал жеткис жагдайлардын аракетине дуушар болгон Тарап мындай жагдайлар келип чыккан учурдан тартып 10 күндүн ичинде тиешелүү түрдө, жазуу жүзүндө башка Тарапка кабарлоого милдеттүү.
8.3. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо өз убагында жиберилбесе же жиберилбесе, алардын иш-аракетине шилтеме берген Тарап өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулбайт.
9. Контрактты колдонуу мөөнөтү жана бузуу тартиби
9.1. Контрактты бузууга Тараптардын макулдашуусу боюнча, соттун чечими боюнча же Мамлекеттик заказчынын Контракттан бир тараптуу баш тартуусунун натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздер боюнча жол берилет.
9.2. Мамлекеттик заказчы Аткаруучудан дооматта белгиленген 10 жумуш күндүн ичинде жооп болбосо, же болбосо ал дооматты ыктыярдуу тартипте канааттандыруудан баш тартса, Контрактты аткаруудан бир тараптуу баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
9.3. Ушул Контрактты аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын бардык билдирүүлөрү, эскертүүлөрү, кабарлоолору жана арыздары жазуу жүзүндө факсимилдик же электрондук почта аркылуу түп нусканы кийин жөнөтүү менен же почта, кабарлоо менен заказ кат аркылуу жиберилет. Мында жиберүүчү Тарап даректелген Тарап жиберилген билдирүүнү, эскертүүнү же арызды алгандыгын ырастоого тийиш.
10. Башка шарттар
10.1. Ушул Контракт бирдей юридикалык күчкө ээ ________ нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлдү.
10.2. Ушул Контракт кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптар алган милдеттенмелерди толук аткарганга чейин колдонулат. Контракттын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы Тараптарды аны бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.
Контрактка тиркеме сатып алуу жөнүндө документтерге жана Аткаруучунун сунуштарына ылайык аныкталат:
1-тиркеме. Баалардын таблицасы
2-тиркеме. Техникалык спецификация
Тараптардын юридикалык даректери жана банк реквизиттери.
Мамлекеттик заказчы |
| Аткаруучу |
|
| Товарларды берүү боюнча контракттын типтүү формасына 1-тиркеме |
Баалардын таблицасы
Лоттун № | Товардын аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Бирдик үчүн баа | Жалпы баасы |
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
Мамлекеттик заказчы |
| Аткаруучу |
|
| Товарларды берүү боюнча контракттын типтүү формасына 2-тиркеме |
Техникалык спецификация
Аталышы | Техникалык спецификация | Саны | Келип чыгуу өлкөсү | Өндүрүүчү |
|
|
| Жыйынтыгы |
|
Жыйынтыгында: _______________________ сом 00 тыйын суммасына
Мамлекеттик заказчы |
| Аткаруучу |
|
| Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Жумуштарды аткаруу боюнча контракттын ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
20____-ж. "___" ________________ |
| № ___________ |
Бир тараптан Жобонун (Уставдын) негизинде аракеттенген ______________________ атынан, мындан ары "Мамлекеттик заказчы" деп аталуучу ____________________________ жана экинчи тараптан Уставдын негизинде аракеттенген _______________________ атынан, мындан ары "Аткаруучу" деп аталуучу ____________________________, биргелешип "Тараптар" деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Контрактты түздү:
1. Контракттын предмети
1.1. Аткаруучу Мамлекеттик заказчынын тапшырмасы боюнча ушул Контракттын ажырагыс бөлүгү болуп саналган ушул Контракттын "Наркын көрсөтүү менен чыгымдалуучу материалдардын таблицасы" 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн сапаттуу материалдарды пайдалануу менен ушул Контракттын "Жумуштардын көлөмүнүн ведомосту" 1-тиркемесине ылайык _______________________ курулуш иштерин аткарууга милдеттенет.
1.2. Мамлекеттик заказчы өз кезегинде бардык белгиленген талаптарга ылайык аткарылган иштерди кабыл алууга жана алар боюнча ушул Контрактта каралган шарттарда акы төлөөгө милдеттенет.
2. Ушул контракттын жалпы суммасы жана эсептешүү тартиби
2.1. Контракттын жалпы баасы бардык салыктарды жана Кыргыз Республикасынын бюджетине болгон төлөмдөрдү эске алуу менен ______________________ (контракттын валютасын көрсөтүү керек) ________________________ (контракттын жалпы суммасын жазуу түрүндө көрсөтүү керек) түзөт.
2.2. Контракттын жалпы баасы ушул Контрактты аткаруу менен байланышкан Аткаруучунун бардык чыгымдарын камтыйт.
2.3. Контракт боюнча төлөм Мамлекеттик заказчы тарабынан Контракт аткарылгандан кийин/же жарым-жартылай аткарылгандан кийин аткарылган жумуштардын актысынын, Аткаруучунун төлөм эсебинин негизинде жана Тараптар кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде Аткаруучунун алыш-бериш эсебине сом менен которуу аркылуу жүргүзүлөт.
3. Тараптардын милдеттенмелери
Аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1. Контрактка кол коюлган учурдан тартып __________ жумуш күндүн ичинде ишке киришүүгө;
3.2. ушул Контракттын 1.1-пунктунда каралган жумуштарды "Жумуштарды аткаруу графиги" көрсөтүлгөн же Мамлекеттик заказчы тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарууга;
3.3. ушул Контракттын шарттарында каралган жумуштарды өз убагында жана сапаттуу аткарууга жана жумуштарды Мамлекеттик заказчыга жумуш долбооруна шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берген абалда тапшырууга;
3.4. сапатсыз аткарылган жумуштарды өз күчү менен жана өз каражаттарынын эсебинен Мамлекеттик заказчы менен макулдашылган мөөнөттө - _____ календардык күндө оңдоого;
3.5. курулуш аянтында коопсуздук техникасы, өрт коопсуздугу, эмгекти коргоо ж.б. боюнча зарыл иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылууга;
3.6. Контрактты жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык материалдарды жана жабдууларды колдонууга, аларды кабыл алуу, сактоо жана Контракт боюнча жумуштарды аткаруунун бүткүл мезгилинде пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартууга;
3.7. объектти Мамлекеттик заказчы кабыл алганга чейин анын кокустан кыйроо же кокустан бузулуу тобокелдигин өзүнө алууга;
3.8. Мамлекеттик заказчыга Аткарылган жумуштардын актысын берүүгө, ал текшерүүгө бардык зарыл болгон ырастоочу документтер менен комплектте гана кабыл алынат.
Мамлекеттик заказчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.9. Аткаруучу тарабынан жумуштар аткарылып башталганга чейин курулуш даярдыгын камсыз кылууга;
3.10. Аткаруучу тарабынан аткарылуучу жумуштарга техникалык көзөмөл жүргүзүүгө;
3.11. ушул Контракттын шарттарына ылайык аткарылган иштердин айрым этаптарын, ошондой эле бүткүл көлөмүн бардык зарыл болгон ырастоочу аткаруу документтери берилген учурдан тартып _______ күндүн ичинде кабыл алууга;
3.12. Аткаруучуга ушул Контракттын 2.4-пунктунда каралган шарттарга ылайык белгиленген мөөнөттө ишке акы төлөөгө.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Бул Контракт боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же ушул Контрактка ылайык жоопкерчилик тартат.
4.2. Жумуштарды аткаруу мөөнөттөрүн же жумуштардын дефекттерин жана кемчиликтерин жоюу мөөнөтүн бузгандыгы үчүн Мамлекеттик заказчы мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн Контракттын жалпы баасынан ____% өлчөмүндө, бирок ушул Контракттын суммасынан ____%дан ашык эмес айып төлөм эсептөөгө укуктуу.
4.3. Айып төлөмдү (айып пулду, туумду) төлөө Контракттын Тараптарын Контракт боюнча милдеттенмелерди толук көлөмдө аткаруудан бошотпойт.
4.4. Аткаруучу Мамлекеттик заказчыдан ушул Контракттын 2.4-пунктунда көрсөтүлгөн төлөө мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн, төлөм кечиктирилген ар бир күн үчүн Контракттын баасынан ____% өлчөмүндө айып төлөмдү талап кылууга укуктуу. Мында, максималдуу алынуучу сумма Контракттын баасынан ___%ды түзөт.
4.5. Аткаруучу ушул Контракттын шарттарын олуттуу бузган учурда Мамлекеттик заказчы ушул Контрактты бузууну демилгелөөгө укуктуу.
4.6. Мамлекеттик заказчы Аткаруучудан дооматта көрсөтүлгөн 10 жумуш күндүн ичинде жооп келбеген же дооматты канааттандыруудан ыктыярдуу тартипте баш тарткан учурда Контрактты аткаруудан бир тараптуу баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
5. Жумуштардын сапаты үчүн Аткаруучунун жоопкерчилиги
5.1. Аткаруучу Мамлекеттик заказчынын алдында Жумуштар көлөмүнүн ведомостунда каралган талаптардан, жумуштарды аткаруу графигинен, курулуш ченемдеринен жана эрежелеринен четтөөгө жол бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
5.2. Аткаруучуга колдонулган материалдардын сапаты, ошондой эле алар тургузган бардык курулмалардын бекемдигин, туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн азайтуу же жоготуу үчүн жоопкерчилик жүктөлөт.
5.3. Дефектти же кемчиликтерди оңдоо менен байланышкан бардык чыгымдар Аткаруучунун эсебинен жүргүзүлөт.
6. Жумуштарды өткөрүп берүү жана кабыл алуу
6.1. Аткаруучу Контрактта каралган бардык жумуштар аяктагандан кийин Мамлекеттик заказчыга жумуштардын аяктагандыгы жөнүндө кабарлама жиберет. Мамлекеттик заказчы 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Контрактка ылайык жумуштардын аяктагандыгын баалоо боюнча комиссияны дайындайт.
6.2. Жумуштарды кабыл алуу Аткаруучунун катышуусу менен комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
6.3. Комиссия толук аткарылбаган жумуштардын тизмегин түзөт жана аларды жоюу мөөнөтүн көрсөтөт. Табылган дефекттер жана кемчиликтер Аткаруучунун эсебинен жоюлат. Кемчиликтерди жоюуда Тараптар кемчиликтерди жоюу актысына кол коет. Толук аткарылбаган жумуштарды жоюу датасы Контракт аяктаган дата болуп саналат. Толук аткарылбаган бардык жумуштарды жоюу фактысы Объектти эксплуатациялоого акыркы кабыл алуу актысы менен таризделет.
6.4. Мамлекеттик заказчы долбоордон жана жумуштардын көлөмүнүн ведомостунан четтөөлөр табылган учурда, алар толук жоюлганга чейин жумуштун жыйынтыгын кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.
7. Форс-мажордук жагдайлар
7.1. Эгерде Тараптардын милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбоосу ал жеткис күчтөн, б.а. Тараптардын эркинен жана каалоосунан тышкары келип чыккан жана алдын ала билүүгө же болтурбоого мүмкүн болбогон өзгөчө жана алдын алууга болбогон жагдайлардан улам келип чыкса, Тараптар ушул Контракт боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
7.2. Өз милдеттенмелерин аткара албаган Тарап экинчи Тарапка жогоруда аталган жагдайлардын башталгандыгы жана токтогондугу жөнүндө жазуу жүзүндө токтоосуз, бирок кандай учурда болбосун алардын иш-аракети башталгандан жана токтотулгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен маалымдайт.
7.3. Ал жеткис күчтүн жагдайлары жөнүндө кеч кабарлоо же кабарлабоо тиешелүү Тарапты аталган жагдайлардын себептери боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуу укугунан ажыратат.
7.4. Эгерде ал жеткис күчтүн жагдайы ушул Контрактта белгиленген мөөнөттө милдеттенмелерди аткарууга түздөн-түз таасирин тийгизсе, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү тиешелүү жагдайдын күчүндө болуу убактысына жараша, бирок 3 айдан ашык эмес артка жылдырылат.
7.5. Эгерде ал жеткис күчтүн жагдайлары 3 айдан ашык болсо, анда Тараптардын ар бири ушул Контрактты бузууга укуктуу жана мындай учурда Тараптардын биринде да зыяндын ордун толтурууну талап кылуу укугу жок.
7.6. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын болгондугун жана алардын узактыгынын далили Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү жазуу жүзүндөгү күбөлүгү болуп саналат.
8. Контрактты колдонуу мөөнөтү
8.1. Контракт ага Тараптар тарабынан кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптар ушул Контракт боюнча милдеттенмелерди толук көлөмдө аткарганга чейин колдонулат.
8.2. Контрактты колдонууну токтотуу Тараптарды зыяндардын ордун толтуруу жана айыптык санкцияларды төлөө милдетинен жана ушул Контрактта жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка жоопкерчиликтен бошотпойт.
9. Контрактты өзгөртүү жана толуктоо тартиби
9.1. Мамлекеттик заказчы Аткаруучу тарабынан Контрактты аткаруу процессинде жумуштардын көлөмдөрүн жана түрлөрүн өзгөртүү түрүндө Контрактка өзгөртүү киргизүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Контрактка Кошумча макулдашуу түрүндө башка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
9.2. Мамлекеттик заказчы тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр Аткаруучу менен макулдашылгандан кийин Контракттын бир бөлүгү болуп калат.
9.3. Бул өзгөртүүлөр мындай өзгөртүүлөрдүн аталышын жана бул өзгөртүүлөрдүн наркын чагылдырган "НАРЯД-ЗАКАЗ" формасы боюнча таризделет.
10. Контрактты бузуу
10.1. Тараптардын макулдашуусу, соттун чечими боюнча же Мамлекеттик заказчынын Контракттан бир тараптуу баш тартуусунун натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздер боюнча Контрактты бузууга уруксат берилет.
10.2. Дооматта көрсөтүлгөн 10 жумуш күндүн ичинде Аткаруучудан жооп келбесе же ал дооматты ыктыярдуу тартипте канааттандыруудан баш тартса, Мамлекеттик заказчы Контрактты аткаруудан бир тараптуу баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.
10.3. Ушул Контрактты аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын бардык билдирүүлөрү, эскертүүлөрү, кабарламалары жана арыздары кийин түп нусканы жиберүү менен жазуу жүзүндө факсимилдик же электрондук почта аркылуу же почта, кабарлоо менен заказ кат аркылуу жиберилет. Ошол эле учурда жөнөтүүчү Тарап даректелген Тараптын жиберилген билдирүүнү, эскертүүнү же арызды алгандыгын күбөлөндүрүүгө тийиш.
11. Талаш-тартыштарды кароо тартиби
11.1. Ушул Контракттын шарттарын аткарууда Тараптардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар жана/же пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. Пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү мүмкүн болбогон учурда, алар белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясындагы сотто каралууга тийиш.
11.2. Ушул Контрактта жөнгө салынбаган, бирок ал боюнча Тараптардын мамилелеринен түз же кыйыр келип чыккан, ушул Контракттын Тараптарынын мүлктүк кызыкчылыктарына жана ишкердик беделине тиешелүү бардык маселелер боюнча Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алат.
12. Башка шарттар
12.1. Ушул Контракт бирдей юридикалык күчкө ээ ______ нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлдү.
12.2. Ушул Контракт эки Тарап тең ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптар алган милдеттенмелерди толук аткарганга чейин колдонулат.
Контрактка тиркеме Аткаруучунун сатып алуу жөнүндө документтерине жана сунуштарына ылайык аныкталат:
1-тиркеме. Жумуштардын көлөмүнүн ведомосту
2-тиркеме. Наркын көрсөтүү менен чыгымдалуучу материалдардын таблицасы
3-тиркеме. Жумуштарды аткаруу графиги
Тараптардын юридикалык даректери жана банк реквизиттери.
Мамлекеттик заказчы |
| Аткаруучу |
|
| Жумуштарды аткаруу боюнча контракттын типтүү формасына 1-тиркеме |
Жумуштардын көлөмүнүн ведомосту
№ | Жумуштардын түрлөрүнүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Бирдик үчүн баасы | Жалпы баасы | Суммасы жазуу жүзүндө |
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик заказчы |
| Аткаруучу |
|
| Жумуштарды аткаруу боюнча контракттын типтүү формасына 2-тиркеме |
Наркын көрсөтүү менен чыгымдалуучу материалдардын таблицасы
№ | Чыгымдалуучу материалдардын аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Бирдик үчүн баа | Жалпы баасы | Суммасы жазуу жүзүндө |
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик заказчы |
| Аткаруучу |
|
| Жумуштарды аткаруу боюнча контракттын типтүү формасына 3-тиркеме |
Жумуштарды аткаруу графиги
№ | Жумуштардын этабынын/түрүнүн аталышы | Баштоо мөөнөтү | Аяктоо мөөнөтү | Узактыгы | Жооптуу | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жумуштарды аткаруунун жалпы мөөнөтү: ______________________________________________
Мамлекеттик заказчы |
| Аткаруучу |
|
| Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Кызмат көрсөтүүлөр боюнча контракттын ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
20___-ж. "___" _______________ |
| № ___________ |
Бир тараптан Жобонун (Уставдын) негизинде аракеттенген _______________________ атынан, мындан ары "Мамлекеттик заказчы" деп аталуучу _____________________________ (Мамлекеттик заказчынын аталышы) жана экинчи тараптан Уставдын (Паспорттун) негизинде аракеттенген ____________________________ атынан, мындан ары "Аткаруучу" деп аталуучу _______________________________ (аткаруучунун аталышы), биргелешип "Тараптар" деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Контрактты түздү:
1. Контракттын предмети
1.1. Аткаруучу Мамлекеттик заказчынын тапшырмасы боюнча Контракттын ажырагыс бөлүгү болуп саналган ушул Контракттын "Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн ведомосту" 1-тиркемесине ылайык шарттарда, тартипте жана мөөнөттө ______________________ (мындан ары - Кызмат көрсөтүүлөр) аткарууга милдеттенет, ал эми Мамлекеттик заказчы аткарылган Кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алууга жана акы төлөөгө милдеттенет.
1.2. Ушул Контракт боюнча Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун мөөнөтү Контракт түзүлгөн учурдан тартып ___________ күндү түзөт.
2. Контракт боюнча баа жана эсептешүү тартиби
2.1. Контракттын жалпы баасы бардык салыктарды жана Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөөлөрдү эске алуу менен _____________________ (Контракттын жалпы суммасы жазуу түрүндө көрсөтүлүшү керек) ________ (Контракттын валютасы көрсөтүлүшү керек) түзөт.
2.2. Контракттын жалпы баасы Аткаруучунун ушул Контрактты аткаруу менен байланышкан бардык чыгымдарын камтыйт.
2.3. Контракт боюнча төлөм Мамлекеттик заказчы тарабынан Аткаруучунун эсептешүү эсебине сом менен которуу аркылуу Мамлекеттик заказчы менен Аткаруучу Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу актысына кол койгондон кийин жана Аткаруучунун эсебинин негизинде жүргүзүлөт.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты
3.1. Мамлекеттик заказчы Аткаруучунун ишине кийлигишпестен, ушул Контракттын колдонуу мезгилинде көрсөтүлүүчү Кызматтардын жүрүшүн жана сапатын текшерүүгө укуктуу.
Мамлекеттик заказчы Кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрүшүндө Аткаруучу тарабынан бузууларды аныктаган учурда Тараптар Кызмат көрсөтүүлөрдүн кемчиликтерин жана аларды жоюу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен эки тараптуу акт түзөт.
3.2. Аткаруучу дефектти ________ күндүк мөөнөттө жоюуга тийиш. Дефект Мамлекеттик заказчы тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюлбаган учурда, Мамлекеттик заказчы өз убагында аткарбаган ар бир күн үчүн _______ (айып төлөмдүн өлчөмүн көрсөтүү керек) туумду ________ суммада (айып пулдун суммасын көрсөтүү керек) кошуп эсептейт.
3.3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына карата талаптар олуттуу бузулган учурда Мамлекеттик заказчы өз тандоосу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:
3.3.1. ушул Контрактты бузууну демилгелөөгө жана акы төлөнгөн учурда төлөнгөн сумманы кайтарып берүүнү талап кылууга;
3.3.2. көрсөтүлүүчү Кызматтардын кемчиликтерин жоюуну талап кылууга.
4. Кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүп берүү-кабыл алуу тартиби
4.1. Кызматтарды көрсөтүү аяктаган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен Аткаруучу Мамлекеттик заказчыга эки нускада түзүлгөн жана өзү кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын берүүгө милдеттүү.
4.2. Көрсөтүлгөн Кызматтарды кабыл алууда Аткаруучу ушул Контракттын шарттарынан четтеген учурда Мамлекеттик заказчы кабыл алуу актысына кол коюудан жүйөлүү баш тартууну түзөт жана кемчиликтерди жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын алган учурдан тартып 2 жумуш күндүн ичинде аны Аткаруучуга жөнөтөт. Аныкталган кемчиликтер Аткаруучунун өз эсебинен жоюлат. Кемчиликтерди жоюуда Тараптар кемчиликтерди жоюу актысына кол коет.
4.3. Кызмат көрсөтүүлөр Тараптар кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол койгондон кийин кабыл алынды деп эсептелет.
4.4. Көрсөтүлгөн Кызматтар кабыл алынгандан кийин кемчиликтер аныкталган учурда Мамлекеттик заказчы бул жөнүндө Аткаруучуга токтоосуз кабарлайт жана көрсөтүлгөн Кызматтарда аныкталган кемчиликтер жана аларды жоюу мөөнөттөрү жөнүндө эки тараптуу актыга кол коюу үчүн чакырат.
Эгерде Аткаруучу Мамлекеттик заказчынын билдирүүсүн алган күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде көрсөтүлгөн Кызматтарда аныкталган кемчиликтер жөнүндө актыга кол коюу үчүн келбесе, Мамлекеттик заказчы көрсөтүлгөн Кызматтарда аныкталган кемчиликтер жөнүндө бир тараптуу мындай актыны түзүүгө жана аны Аткаруучуга аныкталган кемчиликтерди жоюуну талап кылуу менен жөнөтүүгө укуктуу.
5. Тараптардын милдеттенмелери
5.1. Аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
5.1.1. Кызматтарды жеке көрсөтүүгө;
5.1.2. ушул Контрактта белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюуга жана отчеттук материалдарды өткөрүп берүүгө;
5.1.3. отчеттук материалдардын купуялуулугуна кепилдик берүүгө. Көрсөтүлгөн Кызматтардын натыйжасы Аткаруучу тарабынан ар кандай пайдаланылбайт;
5.1.4. аткарылган Кызмат көрсөтүүлөрдүн актысын, эсепти Мамлекеттик заказчынын _______________________ дареги боюнча берүүгө.
5.2. Аткаруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
5.2.1. Мамлекеттик заказчыдан ушул Контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл болгон ар кандай маалыматтарды алууга;
5.2.2. ушул Контракттын алкагында Кызмат көрсөтүүлөрдүн методун өз алдынча аныктоого.
5.3. Мамлекеттик заказчы төмөнкүлөргө милдеттенет:
5.3.1. ушул Контрактка ылайык Аткаруучу тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөөгө;
5.3.2. ушул Контракттын алкагында Кызматтарды көрсөтүүнүн жүрүшүндө аны кызыктырган маселелер боюнча Аткаруучуга зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү берүүгө.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
6.1. Ушул Контракт боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же ушул Контрактка ылайык жоопкерчилик тартат.
6.2. Кызматтарды көрсөтүү же Кызматтарды көрсөтүүнүн аныкталган кемчиликтерин жоюу мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн Мамлекеттик заказчы Аткаруучуга мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн Контракттын жалпы баасынын ____% өлчөмүндө, бирок ушул Контракттын суммасынын ____%нан көп эмес айып төлөмүн кошуп эсептөөгө укуктуу.
6.3. Айып төлөмдү (айып пулду, туумду) төлөө Контракттын Тараптарын Контракт боюнча милдеттенмелерди толук көлөмдө аткаруудан бошотпойт.
6.4. Аткаруучу Мамлекеттик заказчыдан ушул Контракттын 2.3-пунктунда көрсөтүлгөн төлөө мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн, өз убагында төлөнбөгөн ар бир күн үчүн Контракттын баасынын ___% өлчөмүндө айып төлөмдү талап кылууга укуктуу. Мында максималдуу эсептен чыгарылуучу сумма Контракттын баасынын ___%ын түзөт.
6.5. Аткаруучу ушул Контракттын шарттарын олуттуу бузган учурда Мамлекеттик заказчы ушул Контрактты бузууну демилгелөөгө укуктуу.
7. Форс-мажордук жагдайлар
7.1. Эгерде Тараптар тарабынан милдеттенмелерди талаптагыдай эмес аткаруу ал жеткис күчтөн, б.а. Тараптардын эркинен жана каалоосунан тышкары келип чыккан жана алдын ала билүүгө же болтурбоого мүмкүн болбогон өзгөчө жана алдын ала каралбаган жагдайлардан улам келип чыкса, Тараптар ушул Контракт боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
7.2. Өз милдеттенмелерин аткара албаган Тарап башка Тарапка жогоруда аталган жагдайлардын башталышы жана токтотулушу жөнүндө жазуу жүзүндө токтоосуз, бирок кандай учурда болбосун алардын аракети башталгандан жана токтотулгандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша 3 календардык күндөн кечиктирбестен маалымдайт.
7.3. Ал жеткис күчтүн жагдайлары жөнүндө кечиктирип кабарлоо же кабарлабоо тиешелүү Тарапты аталган жагдайлардын себептери боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуу укугунан ажыратат.
7.4. Эгерде ал жеткис күчтүн жагдайы ушул Контрактта белгиленген мөөнөттө милдеттенмелердин аткарылышына түздөн-түз таасир этсе, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү тиешелүү жагдайдын күчүндө болуу убактысына жараша, бирок 3 айдан ашык эмес убакытка артка жылдырылат.
7.5. Эгерде ал жеткис күчтүн жагдайлары 3 айдан ашык убакыт күчүндө болсо, анда Тараптардын ар бири ушул Контрактты бузууга укуктуу жана мындай учурда Тараптардын биринин да зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укугу жок.
7.6. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын бар экендигинин жана алардын узактыгынын далили болуп Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү жазуу жүзүндөгү күбөлүгү саналат.
8. Контрактты бузуу
8.1. Контрактты бузууга Тараптардын макулдашуусу боюнча, соттун чечими боюнча же Мамлекеттик заказчынын Контракттан бир тараптуу баш тартуусунун натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздер боюнча жол берилет.
8.2. Мамлекеттик заказчы Аткаруучудан дооматта көрсөтүлгөн 10 жумуш күндүн ичинде жооп болбосо же ал дооматты ыктыярдуу тартипте канааттандыруудан баш тарткан учурда Контрактты аткаруудан бир тараптуу баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
8.3. Ушул Контрактты аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын бардык билдирүүлөрү, эскертүүлөрү, кабарлоолору жана арыздары жазуу жүзүндө факсимилдик же электрондук почта аркылуу түп нусканы кийин жөнөтүү менен же почта, кабарлоо менен заказдык кат аркылуу жөнөтүлөт. Мында жөнөтүүчү Тарап жиберилген билдирүүнү, эскертүүнү же арызды даректелген Тарап алгандыгын ырастоого тийиш.
9. Талаш-тартыштарды кароо тартиби
9.1. Ушул Контракттын шарттарын аткарууда Тараптардын ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштар жана/же пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн болбогон учурда алар белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясындагы сотто каралууга тийиш.
9.2. Ушул Контракт менен жөнгө салынбаган, бирок ал боюнча Тараптардын мамилелеринен түз же кыйыр келип чыккан, ушул Контракттын Тараптарынын мүлктүк кызыкчылыктарына жана иштиктүү беделине тиешелүү бардык маселелер боюнча Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алат.
10. Башка шарттар
10.1. Ушул Контракт бирдей юридикалык күчкө ээ ______ нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлдү.
10.2. Ушул Контракт эки Тарап тең ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптар алган милдеттенмелерди толук аткарганга чейин колдонулат.
Контрактка тиркеме:
1-тиркеме. Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн ведомосту
2-тиркеме. Наркын көрсөтүү менен чыгымдалуучу материалдардын таблицасы
Тараптардын юридикалык даректери жана банк реквизиттери.
Мамлекеттик заказчы |
| Аткаруучу |
|
| Кызмат көрсөтүүлөр боюнча контракттын типтүү формасына 1-тиркеме |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн ведомосту
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Бирдик үчүн баасы | Жалпы баасы | Суммасы жазуу жүзүндө |
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик заказчы |
| Аткаруучу |
|
| Кызмат көрсөтүүлөр боюнча контракттын типтүү формасына 2-тиркеме |
Наркын көрсөтүү менен чыгымдалуучу материалдардын таблицасы
№ | Чыгымдалуучу материалдардын аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Бирдик үчүн баасы | Жалпы баасы | Суммасы жазуу жүзүндө |
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик заказчы |
| Аткаруучу |
|
| Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Мамлекеттик тапшырмаларды аткаруучу мамлекеттик заказчылардын РЕЕСТРИ
№ | Мамлекеттик тапшырманын аталышы | Мамлекеттик тапшырманын сыпаттамасы | Мамлекеттик тапшырманы аткарууга жооптуу юридикалык жактын аталышы | Мамлекеттик тапшырманы аткаруу үчүн негиз | Мамлекеттик тапшырманы аткарууга пайдаланылган бюджеттик каражаттардын суммасы | Мамлекеттик тапшырманы аткаруу мөөнөтү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү. Мамлекеттик заказчы реестрге контракттардын көчүрмөлөрүн тиркейт.
|
| Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Аткарылган мамлекеттик тапшырмалар боюнча жыйынтыктар жөнүндө 202___-жыл үчүн ОТЧЕТ
№ | Мамлекеттик тапшырманын аталышы | Мамлекеттик тапшырманын сыпаттамасы | Мамлекеттик тапшырманы аткарууга жооптуу юридикалык жактын аталышы, дареги, ИСН | Мамлекеттик тапшырманы аткаруу үчүн негиз | Мамлекеттик тапшырманы аткарууга пайдаланылган бюджеттик каражаттардын суммасы | Мамлекеттик тапшырманы аткаруу мөөнөтү | Аткарылган мамлекеттик тапшырма боюнча жыйынтыктар тууралуу маалымат |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|