Редакцияот 15.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 15-августу № 86

 

Мин-Булак айыл аймагынын көрктөндүрүү, көгөлтүрлөндүрүү

жана тазалыкты сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Мин-Булак айыл аймагында  көрктөндүрүү, көгөлтүрлөндүрүү жана тазалыкты сактоо боюнча бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында жана белгиленген эрежелеринин долбоорун карап чыгып, Мин-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Мин-Булак айыл аймагынын көрктөндүрүү, көгөлтүрлөндүрүү жана тазалыкты сактоо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Ушул Эрежелер менчик формасына жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, Мин-Булак айыл аймагында жайгашкан бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп эсептелсин.

 

3.Мин-Булак айыл өкмөтүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыздасын:

– бекитилген Эрежелерди белгиленген тартипте жарыялоо;

– калк жана чарба жүргүзүүчү субъекттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

– Эрежелердин сакталышына көзөмөл жүргүзүү.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин жеке турак-жай курулушу, муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

Булазова Г.Т.