Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-июну № 3126-VII
"Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, Э.К.Кокулов, М.К.Алиев, Н.О.Сыдыгалиев, В.К.Раимбачаева, А.Н.Абдибаева, А.Т Маткеримов, Б.Э.Тентишев, Б.З.Түлөбаев, А.Исатбек кызы, Л.Х.Лурова, Ш.Мажитова, Т.Т.Мамытов, М.Ж.Сыдыков, Ы.Ы.Атажанов, Р.Ш.Жакышов, А.А.Козуев, А.Алтынбеков, Э.Т.Токтошев, М.О.Темирбаева, Т.И.Икрамов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Ж.Садырбаева |