Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 14-апрели № 50
2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы Жарактуу дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы Жарактуу дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Бенилюкс мамлекеттерине кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 12-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |