Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-марты № 48
Бишкек, Баткен, Аксы, Токтогул, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Чүй, Ысык-Ата, Кочкор, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы № 21 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-мартындагы № 2 Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-мартындагы № 3, № 4 жана 2026-жылдын 27-мартындагы № 5 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Уч-Коргон, Ак-Жол айылдык кеңештери жана Кербен шаардык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-мартындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 5 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылдык кеңеши боюнча;
- Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 23-мартындагы № 1 Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 1 Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-мартындагы № 3 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 25-мартындагы № 1 Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан, Кара-Суу, Сары-Булак айылдык кеңештери боюнча;
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы № 5 Талас облусунун Талас районунун Каракол айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 2 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор, Барскоон айылдык кеңештери боюнча;
2) жеке арызынын негизинде катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-мартындагы № 2 Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-мартындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-мартындагы № 2 Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-мартындагы № 3 жана 2026-жылдын 27-мартындагы № 5 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Уч-Коргон, Ак-Жол айылдык кеңештери боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-мартындагы № 5 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Э.Иманалиев айылдык кеңеши боюнча;
- Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 23-мартындагы № 1 Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 2 Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-мартындагы № 3 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 25-мартындагы № 2 Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан, Кара-Суу, Сары-Булак айылдык кеңештери боюнча;
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы № 6 Талас облусунун Талас районунун Каракол айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 2 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор, Барскоон айылдык кеңештери боюнча;
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-мартындагы № 4 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-мартындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык "Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Бишкек, Баткен, Аксы, Токтогул, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Чүй, Ысык-Ата, Кочкор, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Баткен, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
- Баткен, Аксы, Токтогул, Чоң-Алай, Чүй, Ысык-Ата, Кочкор, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Баткен, Аксы, Токтогул, Чоң-Алай, Чүй, Ысык-Ата, Кочкор, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 48 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө ЧЕЧИМДЕРИ
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү |
Бишкек шаары | |||
1 | Бишкек АШК, № 21, 27.03.2026-ж. (26.03.2026-ж. өз арызы) | Бишкек шаардык кеңеши | "Эмгек" депутаттык фракциясынан Асанбеков Жаныбек Асанбекович (4) |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
2 | Баткен АШК, № 2, 30.03.2026-ж. (17.03.2026-ж. өз арызы) | Суу-Башы айылдык кеңеши (№ 6 Кара-Булак шайлоо округу) | Бакыт уулу Кыялбек |
Жалал-Абад облусу | |||
Аксы району | |||
3 | Аксы АШК № 3, 26.03.2026-ж. (17.03.2026-ж. өз арызы) | Уч-Коргон айылдык кеңеши (№ 5 Жар-Башы шайлоо округу) | Тургуналиев Али Тургуналиевич |
4 | Аксы АШК № 5, 27.03.2026-ж. (16.03.2026-ж. өз арызы) | Ак-Жол айылдык кеңеши (№ 5 Тегене шайлоо округу) | Барсанаева Гулчакан Меймашевна |
5 | Аксы АШК № 4, 26.03.2026-ж. (19.03.2026-ж. өз арызы) | Кербен шаардык кеңеши | "Адилет" депутаттык фракциясынан Дербишов Нуркалый Адишович (10) |
Токтогул району | |||
6 | Токтогул АШК, № 6, 19.03.2026-ж. (18.03.2026-ж. өз арызы) | Токтогул шаардык кеңеши | "Тынчтык" депутаттык фракциясынан Беделбекова Алымкан Усонгазийевна (3) |
Ош облусу | |||
Кара-Кулжа району | |||
7 | Кара-Кулжа АШК, № 5, 18.03.2026-ж. (17.03.2026-ж. өз арызы) | Ой-Тал айылдык кеңеши (№ 5 Ой-Тал шайлоо округу) | Тагайбаев Бейшенали Торобаевич |
8 | Кара-Кулжа АШК, № 5, 18.03.2026-ж. (13.03.2026-ж. өз арызы) |
| Шерменбетова Минавар Турдалиевна |
Чоң-Алай району | |||
9 | Чоң-Алай АШК, № 1, 23.03.2026-ж. (17.03.2026-ж. өз арызы) | Кашка-Суу айылдык кеңеши (№ 1 Кабык, Жайылма шайлоо округу) | Азимбаева Анаркан Кыдыровна |
Чүй облусу | |||
Чүй району | |||
10 | Чүй АШК, № 1, 18.03.2026-ж. (09.03.2026-ж. өз арызы) | Бурана айылдык кеңеши (№ 4 Мээнеткеч шайлоо округу) | Султанказиева Рахат Табышевна |
Ысык-Ата району | |||
11 | Ысык-Ата АШК № 3, 26.03.2026-ж. (17.03.2026-ж. өз арызы) | Ак-Кудук айылдык кеңеши (№ 4 шайлоо округу) | Джумаза Есер Вундирович |
Нарын облусу | |||
Кочкор району | |||
12 | Кочкор АШК, № 1, 25.03.2026-ж. (18.03.2026-ж. өз арызы) | Ормон-Хан айылдык кеңеши (№ 3 Жаңы-Жол Семиз-Бел шайлоо округу) | Исраилова Анаркүл |
13 | Кочкор АШК, № 1, 25.03.2026-ж. (19.03.2026-ж. өз арызы) | Кара-Суу айылдык кеңеши (№ 4 Дөң-Алыш шайлоо округу) | Махмутбекова Нурбурак Шамилбековна |
14 | Кочкор АШК, № 1, 25.03.2026-ж. (13.03.2026-ж. өз арызы) | Сары-Булак айылдык кеңеши (№ 1 Соң-Көл шайлоо округу) | Абласова Салтанат Табылдиевна |
Талас облусу | |||
Талас району | |||
15 | Талас АШК, № 5, 27.03.2026-ж. (24.03.2026-ж. өз арызы) | Каракол айылдык кеңеши (№ 3 Кашка-Жол шайлоо округу) | Жаналиева Гүлнара Сагынбековна |
Ысык-Көл облусу | |||
Жети-Өгүз району | |||
16 | Жети-Өгүз АШК № 2, 18.03.2026-ж. (18.03.2026-ж. өз арызы) | Оргочор айылдык кеңеши (№ 4 Светлая Поляна шайлоо округу) | Абдыраева Асель Нурлановна |
17 | Жети-Өгүз АШК № 2, 18.03.2026-ж. (09.03.2026-ж. өз арызы) | Барскоон айылдык кеңеши (№ 2 Тамга шайлоо округу) | Ниязбек уулу Кубан |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 48 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими
№ | АШКнын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Катталган талапкердин аты-жөнү |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
1 | Баткен АШК, № 2, 30.03.2026-ж. (23.03.2026-ж. өз арызы) | Суу-Башы айылдык кеңеши (№ 6 Кара-Булак шайлоо округу) | Келдибек уулу Суранбек |
2 | Баткен АШК, № 2, 30.03.2026-ж. (24.03.2026-ж. өз арызы) |
| Масейитов Максыт Ымамалиевич |
Жалал-Абад облусу | |||
Токтогул району | |||
3 | Токтогул АШК, № 6, 19.03.2026-ж. (19.03.2026-ж. өз арызы) | Токтогул шаардык кеңеши | Самаган кызы Сайкал (6) "Тынчтык" саясий партиясы |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 48 токтомуна 3-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын бош калган мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
1 | Баткен АШК, № 2, 30.03.2026-ж. | Суу-Башы айылдык кеңеши (№ 6 Кара-Булак шайлоо округу) | Орозбаев Абдиманнап Адилбекович | Убактылуу иштебейт |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
2 | Аксы АШК № 3, 26.03.2026-ж. | Уч-Коргон айылдык кеңеши (№ 5 Жар-Башы шайлоо округу) | Атакеев Ормонбек Абазбекович | Убактылуу иштебейт |
3 | Аксы АШК № 5, 27.03.2026-ж. | Ак-Жол айылдык кеңеши (№ 5 Тегене шайлоо округу) | Коңурбаев Абдыбалы Абдырахманович | Убактылуу иштебейт |
4 | Аксы АШК № 4, 26.03.2026-ж. | Кербен шаардык кеңеши | Наркулов Садырмат Айтыкулович (13) "Адилет" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт |
Токтогул району | ||||
5 | Токтогул АШК, № 6, 19.03.2026-ж. | Токтогул шаардык кеңеши | Алашова Инна Сазыковна (9) "Тынчтык" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт |
6 | Токтогул АШК, № 5, 17.03.2026-ж. | Э.Иманалиев айылдык кеңеши (№ 5 Ничке-Сай шайлоо округу) | Үтүров Бакытбек Шакирович | Дыйкан чарбанын мүчөсү |
Ош облусу | ||||
Чоң-Алай району | ||||
7 | Чоң-Алай АШК, № 1, 23.03.2026-ж. | Кашка-Суу айылдык кеңеши (№ 1 Кабык, Жайылма шайлоо округу) | Абдыгапар уулу Нурбай | Кабык орто мектебинин мугалими |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
8 | Чүй АШК, № 2, 18.03.2026-ж. | Бурана айылдык кеңеши (№ 4 Мээнеткеч шайлоо округу) | Сайбекова Айнагуль Амановна | № 1 А.Пушкин атындагы орто мектебинин мугалими |
Ысык-Ата району | ||||
9 | Ысык-Ата АШК, № 3, 26.03.2026-ж. | Ак-Кудук айылдык кеңеши (№ 4 шайлоо округу) | Вудуян Юсур Щилазович | № 56 кесиптик лицейде өндүрүштүк окутуунун устаты |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
10 | Кочкор АШК, № 2, 25.03.2026-ж. | Ормон-Хан айылдык кеңеши (№ 3 Жаңы-Жол Семиз-Бел шайлоо округу) | Калдарова Элина Анарбековна | "Синогидро" ЖЧК жол-курулуш компаниясынын котормочусу |
11 | Кочкор АШК, № 2, 25.03.2026-ж. | Кара-Суу айылдык кеңеши (№ 4 Дөң-Алыш шайлоо округу) | Абыкешова Жылдыз Асамединовна | С.Эсеналиев атындагы бала бакчанын тарбиячысы |
12 | Кочкор АШК, № 2, 25.03.2026-ж. | Сары-Булак айылдык кеңеши (№ 1 Соң-Көл шайлоо округу) | Исмаилова Нурзат Ыбырайымбековна | "Фаризат" бала бакчасынын директору |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
13 | Талас АШК, № 6, 27.03.2026-ж. | Каракол айылдык кеңеши (№ 3 Кашка-Жол шайлоо округу) | Темиралиева Магира Эшенкуловна | Убактылуу иштебейт |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
14 | Жети-Өгүз АШК, № 2, 18.03.2026-ж. | Оргочор айылдык кеңеши (№ 4 Светлая Поляна шайлоо округу) | Дуйшеева Назира Касымбаевна | А.Алыбаков атындагы орто мектебинин мугалими |
15 |
| Барскоон айылдык кеңеши (№ 2 Тамга шайлоо округу) | Абылбек уулу Чыныбек | "Тамга транс" ЖЧК ишканасынын мастери |