Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-апрели № 220
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн тарифтик жөнгө салуу системасын андан ары өркүндөтүү максатында, «Ичүүчү суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибинде:
1) 3-пункттун 3-пунктчасында «(пландалган же иш жүзүндөгү)» деген сөздөр «(пландалган жана/же иш жүзүндөгү)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-пункттагы «(иш жүзүндөгү же пландык чыгымдардан)» деген сөздөр «(пландалган жана/же иш жүзүндөгү)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 12-пунктта:
– 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) беренелердин чечмелениши менен чыгымдардын калькуляциясы;»;
– 7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7) беренелердин чечмелениши менен калькуляциялардын көрсөткүчтөрүнүн салыштырма таблицасы;»;
4) төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:
«121. Ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык эсептик материалдарды карап чыккандан кийин борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) мамлекеттик органдардын, керектөөчүлөрдүн жана алардын коомдук бирикмелеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу субъекттерин чакыруу менен табигый монополиянын субъектинин жөнгө салынуучу товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) баалардын (тарифтердин) же алардын чектик деңгээлдеринин долбоорун коомдук талкуулоо жол-жобосун өткөрөт.
Талкуулоо өткөрүүнүн принциптери:
1) ачык-айкындуулук;
2) керектөөчүлөрдүн жана суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу субъекттеринин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун сактоо.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы коомдук талкуулоону өткөргөнгө чейин акыркы керектөөчүлөр үчүн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) баалардын (тарифтердин) же анын чектик деңгээлинин күтүлүүчү өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматты өзүнүн интернет-ресурсуна жайгаштырат.
Коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтар суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу субъекти менен макулдашуусуз коомдук угууларда жарыяланууга тийиш эмес.»;
5) 15-пункттагы «14» деген цифралар «15» деген цифраларга алмаштырылсын;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
«15¹. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык бардык зарыл документтерди алгандан кийин борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин эсептөөлөрүндө жана негиздемелеринде дал келбестиктер табылган учурда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү арыз ээсине себептерин жана аныкталган дал келбестиктерди көрсөтүү менен жүйөлүү баш тартууну жазуу жүзүндө берет.»;
7) төмөнкүдөй мазмундагы 19¹-пункт менен толукталсын:
«19¹. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматын көрсөткөн ишкана (уюм) кайрылганда ушул Тартипке ылайык акыркы календардык жылдагы керектөө бааларынын индекси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарын эске алуу менен тарифтер кайра каралышы мүмкүн.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 26 (3786) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |