Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 15-апрели № 254-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 441-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-январындагы № 20 тескемесин аткаруу үчүн, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөрдү долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксат берилсин:
– Ч. Айтматов проспекти менен М. Горький көчөсүнүн кесилишине канал аркылуу жол өткөөлүн жайгаштыруу жана Медеров көчөсүн андан ары узартуу менен көпүрөнү жана транспорт түйүнүн;
– Ч. Валиханов көчөсү боюнча Бишкек шаарынын ЖЭБ техникалык каналы аркылуу көпүрөнү;
– Махатма Ганди көчөсү боюнча Чоң Чүй каналы аркылуу көпүрөнү.
2.. Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштардын заказчысы болуп;
2) «Жол Башат» жоопкерчилиги чектелген коому бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо боюнча жумуштардын берүүчүсү (подрядчысы) болуп;
3) «Бай Таш Строй» жоопкерчилиги чектелген коому бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди куруу боюнча жумуштардын берүүчүсү (подрядчысы) болуп.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 441-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3.. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөргө көмөк көрсөтсүн:
– бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоого жана курууга уруксат документтерди берүүгө;
– курулушу бүткөн объекттерди экспертизадан өткөрүүгө жана эксплуатациялоого кабыл алууга.
4..Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул тескеме эки жыл ичинде колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |