Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 16-апрели № 144
Уруксат берүүчү документтер
жаатындагы жөнгө салуучу гильотина жөнүндө
Кыргыз Республикасында узак убакыттан бери жарандардын жана ишкердик субъекттердин ишинин ар кандай түрлөрүн жөнгө салуучу уруксат берүүчү документтердин ашыкча саны сакталып келүүдө. Лицензияларды, уруксаттарды жана уруксат берүүчү мүнөздөгү башка документтерди алуу менен байланышкан көптөгөн жол-жоболор мамлекеттик органдардын функцияларынын татаалдыгы, узактыгы жана кайталануусу менен айырмаланат.
Мындай кырдаал ашыкча административдик тоскоолдуктарга алып келет, коррупциялык тобокелдиктерге шарт түзөт, бизнестин жана жарандардын мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүнө кеткен чыгымдарын көбөйтөт, ишкердиктин жана инвестициялык активдүүлүктүн өнүгүшүн басаңдатат, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун ачыктык, айкындуулук жана натыйжалуулук принциптерин ишке ашырууга тоскоолдук кылат.
Аныкталган көйгөйлөрдү четтетүү үчүн заманбап талаптарга шайкеш келбеген уруксат берүүчү документтерди жана жол-жоболорду кайра кароого, жоюуга жана оптималдаштырууга багытталган жөнгө салуучу гильотина механизминин алкагында бардык уруксат берүүчү документтерге жана жол-жоболорго системалык талдоо жүргүзүлдү.
Бюрократиядан арылтуу, административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана мамлекеттин жарандар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 552-т тескемеси менен түзүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү, уруксат берүү мүнөзүнө ээ документтерди инвентаризациялоо жана баалоо боюнча комиссия тарабынан жүргүзүлгөн уруксат берүүчү документтерге инвентаризациянын жыйынтыктарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Уруксат берүүчү мүнөзгө ээ болгон документтерди берүү маселелерин убактылуу укуктук жөнгө салуу 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 2027-жылдын 31-мартына чейин киргизилсин жана уруксат берүүчү мүнөзгө ээ болгон документтердин толук тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү мүнөздөгү документтерден тышкары, лицензиялар, уруксаттар, күбөлүктөр, патенттер, маалымкаттар, сертификаттар, аккредитациялар, каттоолор, экспертизалардын корутундулары жана иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруу же белгилүү бир аракеттерди жасоо үчүн берилиши талап кылынган башка документтер уруксат берүүчү мүнөздөгү документтер болуп саналат деп;
2) ушул Жарлык күчүнө кирген датадан тартып жана 2027-жылдын 31-мартына чейин Кыргыз Республикасынын жарандары жана ишкердик субъекттери ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү документтерден тышкары, уруксат берүүчү мүнөзгө ээ болгон документтерди албастан иш жүргүзүүгө укуктуу деп.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан тышкары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) жарандарга жана ишкердик субъекттерге 1-тиркемеде каралбаган уруксат берүүчү мүнөзгө ээ болгон документтерди берүүнү жана талап кылууну токтотсун;
2) 2-тиркемеге ылайык уруксат берүүчү мүнөзгө ээ болгон документтерди берүү жол-жоболорун оптималдаштырууга жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган сунуштарды ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн, ошондой эле бир айлык мөөнөттө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну жана илгерилетүүнү демилгелесин;
3) 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки жана 2027-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ушул Жарлыкты аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги уруксат берүүчү мүнөзгө ээ болгон документтерди берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишти координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 6 айдын ичинде ченемдик укуктук актыларды ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 30 (3790) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |