Редакцияот 12.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 12-сентябры № 94

 

Миң-Булак айыл аймагындагы китепканаларды

оптималдаштыруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №624-буйругуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчы М.Ж.Жылдызбековдун маалыматын угуп чыгып, айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы корутундусунун негизинде, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана китеп фондун сактоо максатында, Миң-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Миң-Булак айыл аймагындагы китепканаларды оптималдаштыруу иш-чараларынын алкагында, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн балансында турган төмөнкү айылдык китепканалары жоюулсун:

•Беш-Корук айылынын айылдык китепканасы;

•Александровка айылынын айылдык китепканасы;

•Садовое айылынын айылдык китепканасы;

•Заря айылынын айылдык китепканасы.

2. Жоюлган китепканалардын китеп фонду Миң-Булак айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин мектеп китепканаларына өткөрүлүп берилсин.

3. Миң-Булак айыл өкмөтү:

•китеп фондун кабыл алуу-тапшыруу боюнча комиссия түзсүн;

•китепканалардын мүлкүн инвентаризациядан өткөрүп, жоюу боюнча документтерди камсыз кылсын;

•2025-жылдын 1-декабрына чейин Сретенка айылынын айылдык китепканасын сактоого тийиш китепканалардын тизмесине киргизсин.

4. Жоюу иш-чараларын өткөрүү жана өткөрүлүп берилген китеп фондунун сакталуусун камсыз кылуу жоопкерчилиги Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.С.Раимкуловко жүктөлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрайым

 

Булазова Г.Т.