Редакцияот 12.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 12-сентябры № 97

 

Жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кенештин Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы корутундусуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси П.И.Лугманын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнө төмөнкү жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин:

• Садовое айылында, Украинская көчөсү,  үй номуру жок, жалпы аянты 357 чарчы метр болгон жер тилкеси.

2. Миң-Булак айыл өкмөтү:

• мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдан муниципалдык менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү камсыз кылсын;

• кабыл алынган жер тилкесин муниципалдык менчиктин реестрине киргизсин.

3. Бардык зарыл болгон документтерди өз учурунда расмий тариздөөнүн жоопкерчилиги Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

Булазова Г.Т.