Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-апрели № 244
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 «Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык
топтоо каражаттарын төлөө эрежелери жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө тартибин жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө эрежелеринде:
– 1-пунктта:
1) 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) төмөнкү адамдарга, алардын жубайларына:
– коммерциялык банктар, башка финансы-кредиттик уюмдар аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган, беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
– коммерциялык банктар аркылуу мурабаха келишими боюнча бөлүп төлөө менен турак жай сатып алуу боюнча ислам принциптеринин алкагында ипотекалык каржылоо алып жаткан же алган, беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган, беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
– «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому (мындан ары – «МИК» ААК) тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн, беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана төлөмдүн калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;»;
2) 7, 8-пунктчалар «адамдарга» деген сөздөн кийин «, алардын жубайларына» деген сөздөр менен толукталсын;
– 2-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6, 7, 8, 9-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдарга көп жолку төлөм.»;
– 3-пунктта:
1) экинчи, жетинчи жана сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) үчүнчү абзацта «(ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн адамдардан тышкары)» деген сөздөр алып салынсын;
– 8-пункттун бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
«81. Пенсиянын топтоо бөлүгүн дайындоо жана төлөө үчүн зарыл болгон жеткиликтүү санариптик документтер, эгерде Кыргыз Республикасынын санарип чөйрөсүндөгү мыйзамдарында башкача каралбаса, түзүлгөн макулдашуулардын негизинде, акысыз негизде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу Социалдык фонддун органдары тарабынан суралат.
Кыргыз Республикасынын маалыматтык санариптик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында санариптик документтер жок болгондо, аларды алуу мүмкүн болбогондо же болбосо маалыматтык системалар техникалык жактан даяр болбогондо зарыл документтер ушул Эрежелердин 8-пунктуна ылайык түздөн-түз камсыздандырылган адам тарабынан берилет.
Арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу, ал эми жеке кайрылганда – ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде жүзөгө ашырылат.»;
– 4-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
– 5-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 1, 2, 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиясынын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
11. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн алуучуларга тиешелүү адамдар Социалдык фонддун региондук органына ушул Эрежелердин 8-пунктуна ылайык ушул Эрежелердин 1, 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн белгиленген форма боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө жөнүндө арыз берүүгө тийиш.
Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындоо үчүн кайрылганда бир эле учурда Социалдык фонддун региондук органына ушул Эрежелердин 1, 2-тиркемелерине ылайык белгиленген форма боюнча арыз берет.
«Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан пенсионерлер жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору болгондо жана жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенде Социалдык фонддун региондук органына ушул Эрежелердин 8-пунктунда каралган тартипте ушул Эрежелердин 1, 2-тиркемелерине ылайык белгиленген форма боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөө жөнүндө арыз берет.
Арызга «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындалган фактыны ырастаган маалымкат тиркелет.»;
– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерге чыгып кеткендиги жөнүндө белги менен каттоо эсебинен чыгарылгандыгы тууралуу даректик маалымкат ушул Эрежелердин 81-пунктуна ылайык суралат.»;
– 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
– мураска укугу жөнүндө күбөлүк (түп нускасы жана көчүрмөсү) же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн мураска калган мүлктү бөлүү жөнүндө макулдашуу (түп нускасы жана көчүрмөсү);
– пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн Социалдык фондго белгиленген тартипте кайрылуу укугу менен мураскордун өкүлүнө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
– камсыздандырылган адам – мурас калтыруучунун өлгөндүгү тууралуу күбөлүк ушул Эрежелердин 81-пунктуна ылайык суралат.»;
– 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«16. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6–8-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдар Социалдык фонддун региондук органына ушул Эрежелердин 8-пунктунда каралган тартипте ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөө жөнүндө арыз берет:
1) ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдын арызына төмөнкүлөр тиркелет:
– никеси тууралуу күбөлүк (жубайы пенсиялык топтоолорду алган учурда) ушул Эрежелердин 81-пунктуна ылайык суралат;
– ушул Эрежелердин 10-тиркемесине ылайык коммерциялык банктардан, башка финансы-кредиттик мекемелерден, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан ипотекалык келишим боюнча берүүнү жактыруу же карызынын бар экендиги жөнүндө же болбосо ипотекалык кредиттөө келишими боюнча милдеттенмелердин жарым-жартылай же толук аткарылышы жөнүндө ырастоо-кат;
– ушул Эрежелердин 10-тиркемесине ылайык ипотекалык кредитти жактыруу, ипотекалык келишим боюнча карызынын бар экендиги же болбосо коммерциялык банктар менен (эгерде ипотекалык кредиттөө «МИК» ААКтын каражаттарынын эсебинен өнөктөш банктар аркылуу берилген болсо) ипотекалык кредиттөө келишими боюнча милдеттенмелердин жарым-жартылай же толук аткарылышы жөнүндө «МИК» ААКтан ырастоо-кат;
– ушул Эрежелердин 10-тиркемесине ылайык «МИК» ААК тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен ижаралоо келишими боюнча турак жай алууну жактыруу жөнүндө, ошондой эле кийин сатып алуу менен ижаралоо келишими боюнча милдеттенмелердин болушу, жарым-жартылай же толук төлөнгөнү жөнүндө «МИК» ААКтан ырастоо-кат;
2) ушул Эрежелердин 1-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдын арызына төмөнкүлөр тиркелет:
– никеси тууралуу күбөлүк (жубайы пенсиялык топтоолорду алган учурда) ушул Эрежелердин 81-пунктуна ылайык суралат;
– ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык үлүштүк курулушка катышкандыгы жөнүндө «МИК» ААКтан ырастоо-кат;
– ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышкандыгы жөнүндө Бишкек же Ош шаарларынын мэрияларынан ырастоо-кат;
3) ушул Эрежелердин 1-пунктунун 8-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдын арызына төмөнкүлөр тиркелет:
– никеси тууралуу күбөлүк (жубайы пенсиялык топтоолорду алган учурда) ушул Эрежелердин 81-пунктуна ылайык суралат;
– кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө.
Эгерде камсыздандырылган адам пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төлөмдү төлөө үчүн колдонсо, курулуш субъекти (куруучу) камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинен пенсиянын топтоо бөлүгү боюнча көчүрмөнү алгандан кийин аны менен үлүштүк курулушка катышуу жөнүндө келишим түзөт.
Үлүштүк курулушка катышуу келишими түзүлгөндөн кийин бул келишим Социалдык фондуна Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө берүү үчүн кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш:
– ушул Эрежелердин 8-тиркемесине ылайык курулуш субъекттеринен (куруучулардан) камсыздандырылган адамдын үлүштүк курулушка катышкандыгы же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен (куруучулардан) бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөндүгү жөнүндө ырастоо-кат;
– ушул Эрежелердин 9-тиркемесине ылайык курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан курулуш объекттери боюнча объекттин Курулуп жаткан объекттердин реестринде бар экендиги жөнүндө маалымат.»;
– 17-пунктта:
1) үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төртүнчү абзацта «, ошондой эле өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү жана салыштыруу үчүн түп нускасы» деген сөздөр алып салынсын;
– 18-пунктта:
1) үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан расмий жумушсуз статусу тууралуу маалыматтар ушул Эрежелердин 81-пунктуна ылайык суралат.»;
– 29-пунктта:
1) биринчи абзацта «, ушул Эрежелердин 30, 31-пункттарына ылайык төлөнгөн ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6–8-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдарга бир жолку төлөөнү кошпогондо,» деген сөздөр алып салынсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«Кайра кайрылган учурда ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6, 7, 8, 9-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдар документтерди кайрадан берет.»;
– жогоруда аталган Эрежелердин 6, 7, 8-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2, 3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
– ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда 10-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| 1-тиркеме «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө 6-тиркеме |
Форма
Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын болгондугун ырастоо жөнүндө маалымкат
____________________________________________________________ (камсыздандырылган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты o, жубайы o, балдары o, ата-энеси o (керектүүсүн белгилеңиз)
Идентификациялык жеке номери
Дареги_________________________________________________ ____________________________________________________________ __________________________________________ дарылоо-алдын алуу уюмунун байкоосунда турат. Диагнозу (Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегине ылайык) ___________________________________________ ____________________________________________________________ Медициналык маалымкаттан көчүрмө берген врач,___________ ____________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) ____________________________________________________________ (дарылоо-алдын алуу уюмунун аталышы жана дареги)
| |||||||||||||||||
Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси_____________________ | |||||||||||||||||
| (колу) |
| |||||||||||||||
М. О.». | |||||||||||||||||
| 2-тиркеме «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө 7-тиркеме |
Форма
«МИК» ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулуштун катышуучуларынан ырастоо-кат 20___-ж. _______________ № _______
1. «МИК» ААК. 2. Бишкек шаарынын мэриясы. 3. Ош шаарынын мэриясы. «МИК» ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка__________________ ____________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) камсыздандырылган адамдын катышкандыгы жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы фактысын ырастайт. Турак жайдын наркынын жалпы суммасы ___________________ Турак жайдын наркын төлөө боюнча калдык _________________ Пенсиялык топтоо (пенсиянын топтоо бөлүгү):_______________ Аты-жөнү ______________________________________________ ИЖН__________________________________________________ Камсыздандырылган адам тарабынан баштапкы төгүмдү же болбосо жарым-жартылай/толук төлөө үчүн билдирилген пенсиялык топтоолордун суммасы ________________________________________ Бишкек шаарынын мэриясы, Ош шаарынын мэриясы (керектүүсүн белгилеңиз) пенсиялык топтоо каражаттарын максаттуу пайдаланууну жана ушул Эрежелердин 32-пунктунда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан кайтарылышын камсыздоого милдеттенет. Пенсиялык топтоо каражаттарын которуу үчүн банктын реквизиттери: 1) банктын аталышы _____________________________________ 2) ИСН _________________________________________________ БИК _________________________________________________ транзиттик эсеп _______________________________________
Жетекчи________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду)
| ||
|
| __________________ (колу) |
|
|
М. О.». |
| 3-тиркеме «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө эрежелерине 8-тиркеме |
Форма
Курулуш субъекттеринен (куруучулардан) камсыздандырылган адамдын үлүштүк курулушка катышкандыгы же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен (куруучулардан) бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөндүгү жөнүндө ырастоо-кат 20___-ж. _______________ № _______
Ушуну менен____________________________________________ (куруучунун аталышы, дареги) камсыздандырылган адамдын___________________________________ ____________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты, үлүштүк катышуу жөнүндө келишимдин номери) үлүштүк курулушка катышкандыгын ырастайт. Турак жайдын наркынын жалпы суммасы ___________________ Турак жайдын наркын төлөө боюнча калдык_________________ ____________________________________________________________ (куруучунун аталышы) жана бөлүп төлөө менен келишимдик негизде турак жай сатып алууга пенсиялык топтоо каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыздоого, ошондой эле ушул Эрежелердин 33-пунктунда каралган учурларда пенсиялык топтоо каражаттарын кайтарууну камсыз кылууга милдеттенет. Аты-жөнү______________________________________________ ИЖН__________________________________________________ Камсыздандырылган адам тарабынан баштапкы төгүмдү төлөө же болбосо жарым-жартылай/толук төлөө үчүн билдирилген пенсиялык топтоолордун суммасы ______________________________.
Пенсиялык топтоо каражаттарын которуу үчүн банктын реквизиттери: 1) банктын аталышы _____________________________________ 2) ИСН _________________________________________________ 3) БИК _________________________________________________ 4) транзиттик эсеп _______________________________________
| |
Компаниянын жетекчиси _________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду) | |
| _____________________________ (колу) |
М. О.». | |
| 4-тиркеме «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө эрежелерине 10-тиркеме |
Форма
Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдардан ырастоо-кат 20___-ж. ________________ №_________
Ушуну менен ___________________________________________ (уюмдун аталышы) ипотекалык кредит же болбосо мурабаха келишими боюнча бөлүп төлөө менен турак жай сатып алуу боюнча ислам принциптеринин алкагында берүү жөнүндө/ипотекалык кредиттин же болбосо мурабаха келишими боюнча бөлүп төлөө менен турак жай сатып алуу боюнча ислам принциптеринин алкагында бар экендиги жөнүндө/«МИК» ААК катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы фактысын ырастайт: Аты-жөнү ______________________________________________ ИЖН __________________________________________________ Сумма _________________________________________________ (сумма жазуу түрүндө) Ипотекалык кредит боюнча/мурабаха келишими боюнча сумманын калдыгы (керектүүсүн гана көрсөтүңүз)_________________ ____________________________________________________________ (сумма жазуу түрүндө)
Керектүү вариантты гана көрсөтүңүз: o «МИК» ААК; o банктын жеке ипотекасы; o финансы-кредиттик уюм; o Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; o Бишкек/Ош шаарларынын мэриялары.
Ипотекалык кредит же болбосо мурабаха келишими боюнча баштапкы төгүмдү каржылоо булагы/ипотекалык кредитти же болбосо мурабаха келишими боюнча толук же жарым-жартылай төлөө/«МИК» ААК катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдү төлөө катары ____________________________________________________________ (камсыздандырылган адамдын аты-жөнү) пенсиялык топтоолорду пайдаланууну пландайт. Ипотекалык кредит же болбосо мурабаха келишими боюнча баштапкы төгүмдү каржылоо/ипотекалык кредитти же болбосо мурабаха келишими боюнча толук же жарым-жартылай төлөө/«МИК» ААК катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдү төлөө үчүн камсыздандырылган адам тарабынан билдирилген пенсиялык топтоолордун суммасы____________________________________________________ (сумма) ____________________________________________________________ (уюмдун аталышы) ипотекалык кредит же мурабаха келишими боюнча баштапкы төгүмдү каржылоого/ипотекалык кредитти же болбосо мурабаха келишими боюнча толук же жарым-жартылай төлөөгө/«МИК» ААК катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдү төлөөгө пенсиялык топтоо каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга милдеттенет. Пенсиялык топтоо каражаттарын которуу үчүн банктын реквизиттери: 1) банктын аталышы______________________________________ 2) ИСН _________________________________________________ 3) БИК_________________________________________________ 4) транзиттик эсеп_______________________________________
| ||
Банктын жетекчиси _____________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду) | ||
|
| ____________________________ (колу) |
|
|
М. О.». |