Редакцияот 12.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 12-сентябры № 100

Миң-Булак айыл аймагынын

«Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө

Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Нормативдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.К.Саркуловдун маалыматын угуп, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-сентябрындагы №79 токтому менен бекитилген «Миң-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) III-бөлүмдүн 1-пункту төмөндөгүдөй жаңы редакцияда берилсин:

«1. Комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы, айылдык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу менен), аялдар кеңешинин төрайымы, жаштар комитетинин төрагасы, ар бир айылдан бирден аксакал кирет».

2. «Миң-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды кароо комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:

• Комиссиянын төрагасы – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы;

• Комиссиянын катчысы – айылдык кеңештин жооптуу катчысы;

Комиссиянын мүчөлөрү:

• айылдык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу менен);

• жаштар комитетинин төрагасы;

• аялдар кеңешинин төрайымы;

• ар бир айылдан бирден аксакал.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

Булазова Г.Т.