Редакцияот 07.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 7-октябры № 102

 

Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамына

татыктуу жарандардын тизмесин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, ошондой эле «Мин-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, белгиленген наамды ыйгаруу боюнча сунуштарды кароо комиссиясынын төрайымынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына татыктуу жарандардын тизмеси №1 тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом мындан аркы тиешелүү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди салтанаттуу тапшыруу үчүн Мин-Булак айыл өкмөтүнө жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын айылдык  кеңешинин төрайымынын орун басарлары көзөмөлүнө алышсын.

 

 

Төрайым

 

Булазова Г.Т.