Редакцияот 15.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 15-апрели № 51

 

 

2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөчө кырдаал учурларында каржылоо (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)" компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Табигый кырсык болгон учурларга карата облигацияларды чыгаруу (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)" компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Өлкө менен кызматташуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин табигый кырсык учурларындагы тобокелдиктеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү боюнча транзакциялардын сериясынын түзүмү жана ишке ашыруу) жөнүндө катты ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөчө кырдаал учурларында каржылоо (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)" компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашуу, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Табигый кырсык болгон учурларга карата облигацияларды чыгаруу (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)" компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Өлкө менен кызматташуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин табигый кырсык учурларындагы тобокелдиктеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү боюнча транзакциялардын сериясынын түзүмү жана ишке ашыруу) жөнүндө кат ратификациялансын.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын жана Каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 29 (3789) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 9-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган