Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 16-марты № 167-т
Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ "Ош шаарында калдыктарды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча комплексти куруу" долбоорун жана мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ "Ош шаарында калдыктарды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча комплексти куруу" долбоорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн импорттолуучу технологиялык жабдуулардын, алардын комплекттөөчүлөрүнүн жана запастык бөлүктөрүнүн, сырьелордун жана материалдардын импортуна кошумча нарк салыгынан бошотуу берүүнүн мөөнөтү аны ишке ашыруу мезгилинде, бирок 5 жылдан ашык эмес колдонулат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегинде:
- 18-пунктта "ИСН 03012202110261" деген сөздөр "ИСН 00306202010079" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Бул тескеме 2025-жылдын 8-декабрынан тартып күчүнө кирүүчү 3-пунктту кошпогондо, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ "Ош шаарында калдыктарды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча комплексти куруу" долбоорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын ТИЗМЕГИ
№ | Уюмдун аталышы жана ИСНи | Улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышы | Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы | Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү | Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагында улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелери |
1 | "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 01303202410541 | "Ош шаарында калдыктарды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча комплексти куруу" долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик | Долбоорду ишке ашыруу үчүн импорттолуучу технологиялык жабдуулардын, алардын комплекттөөчүлөрүнүн жана запастык бөлүктөрүнүн, сырьелордун жана материалдардын импортуна кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотуу | Курулушту белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү |