Редакцияот 21.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ    ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН

 

XXIХ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХХII–СЕССИЯСЫ

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын  10-апрель  айы №106

 

Мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке

кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6- беренесин жетекчиликке алып, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 20-февралындагы №01-13/614 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана  ишкерликти өнүктүрүү  маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин кезексиз сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Аманбаев №154, идентификациялык коду №2-07-04-0061, жер тилкеси жана мүлкү менен мамлекеттик менчик объекттерин Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга  макулдук берилсин.

 

  1. Балыкчы шаарынын мэриясына:

-аталган обьектини муниципалдык менчикке  өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына  ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.

 

 

  1. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб-  сайтында  https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
  2. Мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы                                           Д.Ж.Аманалиев