Загрузка документа…
|
| Тиркеме 4 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 417 токтомуна) |
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата контролдоонун электрондук байкоо жүргүзүү жана техникалык каражаттарын колдонуу
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата контролдоонун электрондук байкоо жүргүзүү жана техникалык каражаттарын колдонуу тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана электрондук байкоо жүргүзүүнү, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдаланууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруу эрежелерин аныктайт.
2. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын жайгашкан жерин аралыктан контролдоо түрүндөгү электрондук байкоо жүргүзүү убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын камсыз кылуу жана алардын юстиция жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан сакталышын контролдоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр:
контролдоо аймагы – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга электрондук байкоо жүргүзүүнүн белгиленген шарттарына ылайык болууга уруксат берилген аймак, ички иштер органдары (же сот) тарабынан чечимде көрсөтүлгөн жашаган, иштеген, окуган жеринин же башка жерлеринин даректеринин негизинде аныкталат;
тыюу салуу аймагы – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга ички иштер органдары (же сот) тарабынан белгиленген аралыкка, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын жашаган, иштеген, окуган же башка иш жүзүндө болгон жерлерине барууга же жакын келүүгө тыюу салынган аймак.
мобилдик контроль – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды аралыктан биометрикалык идентификациялоо, анын жайгашкан жерин мезгил-мезгили менен ырастоо, геомаалыматтарды автоматташтырылган түрдө берүү жана программалык камсыздоону алып салуу, өчүрүү же бөгөт коюу аракеттерин фиксациялоо каралган мобилдик тиркеме же веб-сервис аркылуу жүзөгө ашырылуучу контролдоонун электрондук техникалык каражатынын түрү;
мониторинг борбору – юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук байкоо жүргүзүү шарттарынын сакталышына сутка бою аралыктан контролдоону, контролдоонун техникалык каражаттарынан маалыматтарды алууну жана иштеп чыгууну, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды каттоону, сигналдык окуяларды фиксациялоону жүзөгө ашырган жана бузуулар жөнүндө актыларды түзгөн түзүмдүк бөлүмү;
электрондук билерик – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын денесине бекитилүүчү, анын геолокациясын реалдуу убакыт режиминде автоматташтырылган түрдө көзөмөлдөөнү, ошондой эле тиешелүү сигналдарды мониторинг борборуна жөнөтүү менен түзүлүштү чечүү, бузуу же иштешине кийлигишүү аракеттерин фиксациялоону камсыз кылуучу контролдоонун электрондук техникалык каражатынын түрү;
электрондук байкоо жүргүзүү – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жайгашкан жери жана жүрүм-туруму жөнүндө, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз же мезгил-мезгили менен алуу, иштеп чыгуу жана талдоо аркылуу контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу белгиленген тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн сакталышын аралыктан контролдоо.
2-глава. Электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуунун негиздери жана шарттары
4. Электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
– ички иштер органдарынын чечими;
– укук бузуу жөнүндө ишти кароонун жыйынтыгы боюнча соттун чечими.
5. Ички иштер органдары контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын (электрондук байкоо жүргүзүү) убактылуу коргоо ордеринин колдонуу мөөнөтүндө колдонот.
Электрондук байкоо жүргүзүүнүн колдонулушу убактылуу коргоо ордеринин колдонулушу аяктаган күнү токтотулат. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.
6. Сот төмөнкү тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн бирин же бир нечесин дайындоодо электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонууга укуктуу:
1) жабырлануучу менен түз байланыштарга тыюу салуу;
2) куугунтуктоого тыюу салуу;
3) ок атуучу, пневматикалык жана газ куралдарын сактоого жана (же) пайдаланууга тыюу салуу, ал эми бар болгон учурда ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу;
4) белгилүү бир аймактарда жайгашкан жери боюнча чектөөлөр;
5) жапа чеккен адамдын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка чектөөлөр.
7. Сот электрондук байкоо жүргүзүүнү 3 айга чейинки мөөнөткө белгилөөгө укуктуу.
8. Электрондук байкоо жүргүзүүнү белгилөө жабыр тарткан адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучту алдын алуу зарыл болгон, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерин баалоо протоколунда кайталанып жасалган зомбулуктун жогорку тобокелдиги белгиленген учурларды кошпогондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
9. Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү аткаруу укук бузган адам негизги жаза чарасын аткаргандан кийин ички иштер органдары тарабынан контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын белгилөө жолу менен жүзөгө ашырылат.
10. Сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:
1) электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуу менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр дайындалган адамга контролду жүзөгө ашыруу бөлүгүндө аткаруу үчүн ички иштер органдарына;
2) ушул Тартиптин 6-пунктунун 3, 5-пунктчаларында каралган учурлардан тышкары сот тарабынан дайындалган электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуу менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруу үчүн юстиция органдарына.
3-глава. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруунун шарттары
§ 1. Чараларды колдонуу үчүн негиздер
11. Контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чаралар үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жана үй-бүлөлүк зомбулук тобокелдиктерин баалоонун натыйжалары боюнча «жогорку тобокелдик» деңгээлине киргизилген адамдарга карата ички иштер органы тарабынан колдонулат.
12. Ички иштер органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы Контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө жазуу жүзүндө чечим чыгарат. Чечимдин формасын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бекитет. Чыгарылган чечим жөнүндө кабарлоо мониторинг борборуна чечим кабыл алынган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен жөнөтүлөт.
13. Мониторинг борбору контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдойт.
14. Контроль белгиленгенден кийин ички иштер органы техникалык каражатты активдештирет.
15. Тыюу салуу аймагы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам тарабынан көрсөтүлгөн жашаган, иштеген, окуган жана башка жерлердин белгиленген даректерине ылайык ички иштер органы тарабынан аныкталат.
16. Электрондук билерикти колдонуу жолу менен электрондук байкоо жүргүзүү маалыматтарды мониторинг борборуна реалдуу убакыт режиминде берүү менен адамдын геолокациясын тынымсыз автоматташтырылган түрдө көзөмөлдөө жана автоматтык түрдө кооптонуу сигналын жаратуу менен аны чечүүгө, бузууга же анын ишине кийлигишүүгө болгон ар кандай аракеттерди фиксациялоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
Мобилдик контроль түрүндө электрондук байкоо жүргүзүү төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
– жайгашкан жерди мезгил-мезгили менен ырастоо жана географиялык маалыматтарды автоматташтырылган түрдө берүү;
– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жүзүн мобилдик тиркемеде же веб-сервисте күндүзгү убакыт ичинде аралыктан биометрикалык идентификациялоо;
– тиркемени же веб-сервисти жок кылуу, өчүрүү же бөгөттөө аракеттерин, байланыш режиминин бузулушун жана алардын системасынын ишине кийлигишүүнү көрсөткөн башка аракеттерди фиксациялоо.
17. Электрондук билерикти же башка техникалык каражаттарды колдонуу артыкчылыкка ээ. Электрондук билерик жок болгон учурда мобилдик контроль колдонулат.
§ 2. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн шарттарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
18. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн шарттарын бузуу деп үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын төмөнкүдөй аракеттери таанылат:
1) белгиленген тыюу салуу аймагынан өтүү;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга белгиленген аралыктан жакын аралыкка жакындоо;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды куугунтуктоо;
4) техникалык каражатты өчүрүү, алып салуу, бузуу же анын ишине кийлигишүү;
5) аралыктан биометрикалык идентификациялоодон өтүүдөн баш тартуу же биометрикалык маалыматтардын ылайык келбестиги.
19. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн шарттарын бузуу мониторинг борбору тарабынан автоматташтырылган режимде фиксацияланат.
20. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо болуп саналган электрондук байкоо жүргүзүүнүн шарттарын бузуу факты ырасталган учурда ички иштер органы Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте укук бузуу жөнүндө протокол түзөт. Мында убактылуу коргоо ордеринин колдонулушу токтотулбайт.
21. Белгиленген тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү бузган адам Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
4-глава. Соттун чечими боюнча дайындалуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруу шарттары
§ 1. Колдонуу негиздери
22. Үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамга карата сот электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү дайындоого укуктуу.
23. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуунун жана (же) чектөөнүн конкреттүү түрүн дайындоо жөнүндө маселе сот тарабынан өндүрүштүн алкагында тобокелдиктерди баалоо протоколунун жана иштин материалдарынын, анын ичинде укук бузуу жөнүндө протоколдун жана ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча ички иштер органынын өтүнүчүнүн негизинде укук бузуу жөнүндө иш боюнча каралат.
24. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү дайындоо үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат. Эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам бала же майыптыгы бар адам болсо, макулдашуу анын мыйзамдуу өкүлү (көзөмөлчүсү, камкорчусу, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү) менен жүргүзүлөт.
Тыюу салуу аймактарын аныктоо үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен макулдашылат.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилген учурда макулдашуу талап кылынбайт.
25. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткарууну камсыз кылуу максатында сот актында электрондук байкоо жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн, анын ичинде:
– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты;
– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты;
– үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон балдардын фамилиялары, аттары, аталарынын аттары (алар бар болсо);
– электрондук байкоо жүргүзүүнүн колдонулуучу техникалык каражатынын түрү;
– белгиленген тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр;
– тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн колдонуу мөөнөтү;
– контролдоо аймагы жана тыюу салуу аймагы.
26. Мониторинг борбору сот тарабынан дайындалган электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн аткарылышын контролдоону камсыздайт.
27. Контроль белгиленгенден кийин ички иштер органы техникалык каражатты активдештирет.
28. Электрондук билерикти же мобилдик контролду колдонуу жолу менен электрондук байкоо жүргүзүү ушул Тартиптин 16-пунктунда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
29. Ички иштер органынын техникалык мүмкүнчүлүгү бар болсо, электрондук билерикти колдонуу артыкчылыкка ээ. Электрондук билерик жок болгон учурда мобилдик контроль колдонулат.
30. Контролдоо аймагы сот тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жашаган, иштеген, окуган жеринин белгиленген даректерине ылайык аныкталат.
Тыюу салуу аймагы сот тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам тарабынан көрсөтүлгөн жашаган, иштеген, окуган жеринин жана башка жерлердин белгиленген даректерине ылайык мындай жерлерден минималдуу аралыкты белгилөө менен аныкталат.
§ 2. Соттун чечими боюнча дайындалуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү бузгандык үчүн жоопкерчилик
31. Тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү бузуу деп үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын төмөнкүдөй аракеттери таанылат:
1) белгиленген контролдоо аймагынан чыгуу;
2) белгиленген тыюу салуу аймагынан өтүү;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга белгиленген аралыктан жакын аралыкта жакындоо;
4) техникалык каражатты өчүрүү, алып салуу, бузуу же анын ишине кийлигишүү;
5) аралыктан биометрикалык идентификациялоодон өтүүдөн баш тартуу же биометрикалык маалыматтардын ылайык келбестиги.
Ошондой эле сот тарабынан дайындалган тыюу салуунун жана (же) чектөөнүн түрүнө жараша башка аракеттер да бузуу деп таанылышы мүмкүн.
32. Жабырлануучу менен түз байланышка тыюу салууну бузуу деп байланыштын демилгесине карабастан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен ар кандай формадагы түз баарлашуу же өз ара аракеттенүү, анын ичинде жеке жолугушуулар, телефон чалуулар, видео чалуулар, мессенджерлер, социалдык тармактар же башка байланыш каражаттары аркылуу кат алышуулар таанылат.
33. Куугунтуктоого тыюу салууну бузуу деп үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамда анын коопсуздугуна коркунуч келтирген, анын эркине каршы ага багытталган ар кандай атайылап жасалган жүрүм-турум таанылат, ал түз же кыйыр байланыштарды демилгелөөнү, анын жашаган, иштеген, окуган, турган жерлеринде болууну, ошондой эле жашыруун байкоо жүргүзүү же аңдуу үчүн шарттарды түзгөн аракеттерди билдирет.
34. Ок атуучу, пневматикалык жана газ куралдарын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салууну бузуу болуп куралды сактоо, алып жүрүү, колдонуу же сатып алуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдар тарабынан куралды өз ыктыяры менен убактылуу алып коюудан баш тартуу же анын бар экендиги жөнүндө маалыматты жашыруу эсептелет.
Ок атуучу, пневматикалык жана газ куралдарын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салууну аткаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чечими менен аныкталат.
35. Белгилүү бир аймактарда болууга чектөөнү бузуу болуп сот тарабынан белгиленген контролдоо жана тыюу салуу аймактарынын чегинде адамдын болуусу, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга белгиленген аралыктан жакын аралыкта жакындоо, чектөөлөрдүн географиялык чектеринен өтүү же жүрүү маршруттарын сактабоо саналат.
36. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сот тарабынан дайындалган башка чектөөлөрдү бузуу деп сот тарабынан белгиленген тыюу салууларга жана (же) чектөөлөргө түздөн-түз карама-каршы келген ар кандай аракет таанылышы мүмкүн.
37. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн шарттарын бузуу мониторинг борбору тарабынан автоматташтырылган режимде фиксацияланат.
38. Сот тарабынан белгиленген электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү бузуу факты ырасталган учурда ички иштер органы Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте укук бузуу жөнүндө протокол түзөт.
39. Сот тарабынан белгиленген тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү бузган адам Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
5-глава. Электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуунун жана байкоо жүргүзүүнүн кошумча шарттары
40. Эгерде үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адам алдын ала көрүүгө же алдын алууга мүмкүн болбогон же алдын ала көрүүгө мүмкүн болгон, бирок алдын алууга мүмкүн болбогон ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажордук жагдайлар) келип чыккан учурларды кошпогондо, медициналык көрсөтмөлөр боюнча жеке өзү кайрылса же шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмуна жеткирилсе, ал же анын мыйзамдуу өкүлү бул факт жөнүндө мониторинг борборуна, ички иштер органына, ошондой эле ага карата электрондук байкоо жүргүзүлгөндүгү жөнүндө саламаттык сактоо уюмуна токтоосуз кабарлоого милдеттүү.
41. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын биргелешкен чечими боюнча бир ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук байкоо жүргүзүү функциялары башка мамлекеттик органдын мониторинг борборуна жүктөлүшү мүмкүн.
42. Ушул Тартипте каралбаган башка маселелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ведомстволук актылары менен жөнгө салынат.».