Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-марты № 75
Александровка айыл өкмөтүнүнү укук бузуулар боюнча административдик комиссиясы жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Ш.Исмаевтин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Александровка айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-ноябрындагы №73 токтому, Александровка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-сентябрындагы №37 токтому күчүн жоготкон деп эсептелсин.
2. Александровка айыл өкмөтүнүн укук бузуулар боюнча административдик комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
- Исмаев Керим Шабанеевич – Александровка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
- Исмаев Шамиль Арлиевич Александровка айыл өкмөтүнүн башкы адис юристи, комиссиянын катчысы;
Комиссиянын мүчөлүрү:
- Ниязалиев Санжар Ашыралиевич – “Александровка” муниципалдык ишканасынын директору;
- Хиязов Джумар Юнурович – Александровка айыл өкмөтүнүн жеке турак жай, жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси;
- Ясыров Арсмане Сулейманович – Александровка айылдык кеңешинин депутаты, айылдык кеңештин айыл чарба, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Булазова Гульнара Токтомкуловна – Александровка айылдык кеңешинин депутаты, айылдык кеңештин план бюджеттик, социалдык мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комисссиясынын төрайымы;
- Неваза Карим Салихарович – Александровка айылдык кеңешинин депутаты, айылдык кеңештин социалдык маселелер, элдик билим жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Уметбаев Улан Иманбекович – Крупский айылынын башчысы;
- Мырзалиев Руслан Кубатбекович - Беш-Көрүк айылынын башчысы;
3. Александровка айыл өкмөтүнүн укук бузуулар боюнча административдик комиссиясы өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексин жетекчиликке алсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |