Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-марты № 73
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлердин ижара акысына жеңилдетүү берүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2023-жылдын 14-мартындагы №2 Протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлеринен №107 контурдагы 11,65 га сугат жерин пайдаланууга ижара акысы 1 (бир) гектарына 3000 (үч) миң сом деп белгиленсин.
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлеринен №804 контурдагы 8,3 га кайрак жери ижара акысын төлөөдөн бошотулсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин айыл чарба, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.С.Ясыровко жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |