АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 18-сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 72
Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине кайтарып берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин план бюджеттик, социалдык мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Т.Булазованын “Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн Александровка айыл өкмөтүнүн бюджетинен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине кайтарып берүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык:
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн Александровка айыл өкмөтүнүн бюджетинен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга кайтарылып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жана Александровка айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ш.Х.Сардиге жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |