Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-марты № 90
Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык автотоктотмолордун жана авто коюу жайларынын иш-аракеттерин жөнгө салуу маселелери жөнүндө
Бишкек шаарындагы автотоктотмолор жана авто коюу жайлары менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу, ошондой эле транспорт системасы үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолору жана авто коюу жайлары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда жана авто коюу жайларында автотранспорт каражаттарын токтотуу жана коюу үчүн акылардын өлчөмү 2-тиркемеге ылайык;
Бишкек шаарынын акы алуунун жана сааттык тариф боюнча убакытты эсепке алуунун автоматташтырылган системасы бар муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн акылардын өлчөмү 3-тиркемеге ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэринин тийиштүү маселени жетектеген орун басарына жана «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасынын директоруна бюджеттин киреше бөлүгүнүн толук жана өз убагында аткарылышы, ошондой эле ушул токтомду ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
ушул токтомдон келип чыгуучу башка тиешелүү чараларды көрсүн;
жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына чагылдырууну камсыздоо менен жарандарды жана коомчулукту кабыл алынган токтом жөнүндө маалымдасын;
Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына квартал сайын ушул токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө, анын ичинде ишкананын бюджетинин финансылык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № .206 «Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы №. 197 «Бишкек шаарында жыйымдарды, токтотмолорду жана унаа туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө» токтому;
3) Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 151 «Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча, Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарды жакшыртуу маселелери боюнча, экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияларына, ошондой эле Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | Б. Усеналиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 90 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда жана авто коюу жайларында автотранспорт каражаттарын токтотуу жана коюу үчүн акылардын өлчөмү
№ зона | Зонанын сүрөттөлүшү | Наркы (сом) | Муниципалдык автотоктотмолордун иштөө режими |
1 | Чектелген зона: Ж. Бөкөнбаев көчөсү, С. Ибраимов көчөсү, М. Фрунзе көчөсү, Жаш Гвардия бульвары;
Базарларга, чакан базарларга жанаша жайгашкан көчөлөр; жайгашкан жерине көз карандысыз соода борборлорунун айланасында жайгашкан көчөлөр | 25 | саат 8:00дөн 20:00гө чейин |
2 | Чектелген зона: И. Ахунбаев көчөсү, Жибек Жолу проспекти, Т. Айтматов көчөсү, Ю. Фучик көчөсү, № 1 зонаны кошпогондо | 25 | саат 8:00дөн 20:00гө чейин |
3 | № 1, № 2 зоналарга кирбеген Бишкек шаарынын калган көчөлөрү | 25 | саат 9:00дөн 18:00гө чейин |
Эскертүү: Бишкек шаарынын муниципалдык авто коюу жайларынын иштөө режими күнү-түнү болуп саналат .
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И. Б. Аденов |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 90 токтомуна 3-тиркеме |
Бишкек шаарынын акы алуунун жана сааттык тариф боюнча убакытты эсепке алуунун автоматташтырылган системасы бар муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн акылардын өлчөмү
Зона № | Зонаны сүрөттөлүшү | Наркы (сом) | |
Алгачкы эки саатта | Кийинки сааттарда | ||
1 | Чектелген зона: Т. Айтматов көчөсү (Аламүдүн дарыясы), Жибек-Жолу проспекти, Ю. Фучик көчөсү, И. Ахунбаев көчөсү;
Базарларга, чакан базарларга жанаша жайгашкан; жайгашкан жерине көз карандысыз соода борборлорунун айланасында жайгашкан көчөлөр | 50
| 10
|
2 | № 1 зонага кирбеген Бишкек шаарынын калган көчөлөрү | 30 | 10 |
Ишемби, жекшемби жана расмий майрам күндөрү муниципалдык автотоктотмолорду акысыз пайдалануу жүзөгө ашырылат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И. Б. Аденов |