Редакцияот 11.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКCИЗ XVIII СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 11-марты № 13

 

Ача-Кайыңды айылындагы таза суу резервуары жайгашкан жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө 

 

      Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ошондой эле Ат-Башы айыл аймагынын Ача-Кайыңды айылында жайгашкан таза суу кошумча резервуарынын орду, тактап айтканда 1994-жылдагы “Кыргызгипрозем” институту тарабынан даярдалган инвентаризациялоо маалыматына ылайык №66 контурда “водозабор”  багытындагы 0,50 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

  • 1. Ат-Башы айыл аймагынын Ача-Кайыңды айылында жайгашкан Кыймылсыз мүлктүн бирдейлештирилген идентификациялык коду: 4-02-07-1001-0819 сандуу номериндеги Наркеев Имангазы №56 дарегинде  8000,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен №66 контурда “водозабор”  багытындагы 0,50 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
  • 2. Ат-Башы айыл өкмөтүнө көрсөтүлгөн жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүп, тиешелүү документтерди даярдоо жана каттоо иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
  • 3. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялоо жана Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
  • 4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнчатуруктуу комиссияга жүктөлсүн.
  •  

 

Төрага

Мелис уулу У.