Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-марты № 95
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы
№ 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо
жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү)
пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» деген сөздөр «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо), 1-тиркемеге ылайык;
Бишкек шаарында көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторун сатып алуу типтүү келишими, 2-тиркемеге ылайык;
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасы, 3-тиркемеге ылайык;
Күрөө берүүнүн түрүн, шарттарын аныктоо жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркын азайтуу тартиби жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык;
Күрөө жөнүндө типтүү келишим, 5-тиркемеге ылайык.»;
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2-пункттун үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
ушул токтомдун 3, 4, 5-тиркемелерине ылайык редакциядагы 2, 3, 4-тиркемелер менен толукталсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жободо:
6-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
8-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жер участогунун сатып алуу наркы «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамы кабыл алынганга чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасына (мындан ары – Методика) ылайык аныкталат. Жер участогунун наркын эсептөө көрсөтүлгөн Методикага ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат.»;
15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардан тийиштүү документтер келип түшкөн учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде Комиссиянын жыйынына көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мурда берилген жер участокторун сатып алуу жөнүндө маселени киргизет.»;
17-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
21-пункттун в-1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в-1) Методикага ылайык жер участогунун наркын эсептөө;»;
30-пунктта:
биринчи абзацта «баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчётко ылайык,» деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзацта «тийиштүү буйрук» деген сөздөр «тийиштүү чечим» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
31-пунктта:
биринчи абзацта «буйругунда» деген сөз «чечиминде» деген сөз менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацында «Буйруктун» деген сөз «Чечимдин» деген сөз менен алмаштырылсын;
32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«32. Комиссиянын чечиминин негизинде ижарачы жер участогунун сатып алуу наркын төлөө жүргүзүүгө жана ыйгарым укуктуу орган менен жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө милдеттүү.
Жер участогунун сатып алуу наркын жарым-жартылай төлөөгө жол берилет. Жарым-жартылай төлөгөн учурда ижарачы, Күрөө берүүнүн түрүн, шарттарын аныктоо жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркын азайтуу тартиби жөнүндө жобого ылайык күрөө берүү жолу менен сатып алуу наркынын калган бөлүгүн төлөө боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
Жер участогунун сатып алуу наркынын төлөнбөгөн бөлүгүнүн суммасына күрөө берилет жана аны төлөө боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин күчүндө болот.
Жер участогунун сатып алуу наркын төлөө жүргүзүлгөн суммага пропорционалдуу күрөөнүн өлчөмү азайтылууга жатат.».
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
2026-жылдын 13-апрелинде https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6495-95-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-2020-zhyldyn-14-yanvaryndagy-139-bishkek-shaaryndagy-k-p-batirl-jl-rd-dolboorloo-zhana-kuruu-ch-n-murda-izhara-shartynda-ubaktyluu-m-n-tt-pajdalanuuga-berilgen-zher-uchastoktordu-satyp-aluu-tartibi-zh-n-nd-zhobonu-bekit-tuuraluu-toktomuna-zg-rt-l-rd-kirgiz-tuuraluu.html расмий сайтында жарыяланды
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Усеналиев |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31 03 № 95 токтомуна 1-тиркеме |
| «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №139 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда
ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген
жер участокторун сатып алуунун
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары | 20__-жылдын «___» _________ |
Бишкек шаарынын мэриясы, __________________________________ атынан, __________________________________________________негизинде иштеген, мындан ары «1-тарап» деп аталган биринчи тараптан, жана________________________________атынан __________________________________________________негизинде иштеген, мындан ары «2-тарап» деп аталган экинчи тараптан, бирге «Тараптар» деп аталуучулар, Бишкек шаарындагы Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын 20___-жылдын ____ ________ №___ чечиминин негизинде, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
Келишимдин предмети
1. 1-тарап Бишкек шаарындагы Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын 20___ - жылдын ____ ________ №___ чечиминин негизинде акы төлөнүүчү негизде, ал эми 2-тарап Бишкек шаарынын ______________________ дареги боюнча жайгашкан, _______ га аянты менен жер участогун бардык чектөөлөрү жана сервитуттары менен менчигине кабыл алат. 2. 1-пунктта көрсөтүлгөн жер участогунун функционалдык багыты __________________________________________________________________.
Жер участогуна менчик укугунун баасы
3. 2-тарап 1-тарапка сатып алынган жер участогунун наркын ушул Келишим боюнча ________________________________________________________________ сом өлчөмүндө, (цифралар жана жазуу менен) ошондой эле, башка чыгымдарды ______________________________________________сом (цифралар жана жазуу менен) өлчөмүндө төлөп берүүгө милдеттүү. 4. Жер участогуна укуктун баасы ушул Келишим боюнча 2-тарап тарабынан ушул Келишимди түзгөнгө чейин 1-тараптын эсептик эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төлөнгөндүгүн Тараптар тастыкташат. Төлөм 20___ - жылдын ____ ________ №___ төлөм документи (тиркелет) менен тастыкталат. 5. 2-тарапка жер участогуна менчик укугу мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып, 20___ - жылдын ____ ________ №___ ижаралоо келишими боюнча Тараптардын милдеттенмелери токтойт.
Тараптардын милдеттери
6. 2-тарап төмөнкүлөргө милдеттүү: 6.1. Жер участогуна менчик укугу пайда болгон учурдан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жер салыгын белгиленген тартипте төлөөгө; 6.2. Жер участогун функционалдык багыты боюнча пайдаланууга; 6.3. Ушул Келишимди жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөрүүгө жана белгиленген тартипте кадастрдык планды тариздөөгө; 6.4. Кадастрдык план таризделгенден кийин 3 жумуш күндүн ичинде шаар курулушу боюнча нөөмөттүк планды жүргүзүү үчүн архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылууга.
Кепилдиктер жана дооматтар
7. Тараптар тарабынан ушул Келишимдин предмети үчүнчү жактын укуктары менен чектелбегендиги, күрөөдө турбагандыгы жана тыюу (камак) салынбагандыгы макулдашылды. 8. Ушул Келишимдин Тараптары алар тараптан кол коюлуп жаткан ушул Келишимдин маңызын түшүнүшөт жана укуктары бар экенин, ошондой эле алар үчүн өзгөчө ыңгайсыз шарттарды ушул Келишимди алар тарабынан түзүүнү мажбурлаган жагадайлар болбогондугун билдиришет. 9. Ушул Келишим үчүнчү жактардын укугун жана мыйзамда каралган кызыкчылыктарын бузбай тургандыгын, мажбурлоонун жана аргасыз шарттарда түзүлбөгөндүгүн кепилдешет.
Талаштарды чечүү
10. Бардык талаш-тартыштар Тараптардын ушул Келишимде көрсөтүлгөн юридикалык дарекетерине каттарды (корреспонденцияларды) жөнөтүү аркылуу сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен чечилет. Эгерде талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн эмес болсо, Тараптар Кыргыз Республикасынын сотторуна мыйзам тартибинде каралган тартипте кайрылууга укуктуу.
Келишимдин шарттарын өзгөртүү жана аны бузуу
11. Ушул Келишимдин шарттарын өзгөртүү же ага толуктоолорду киргизүү Тараптардын макулдугу менен гана мүмкүн болот. 12. Ушул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылып, андан кийин өзгөртүүлөр жана толуктоолор жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөрүлөт, жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча келишим түрүндө таризделет.
Чыгымдар
13. Ушул Келишимди түзүүгө, мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жана аны аткарууга байланышкан бардык чыгымдарды 2-тарап тартат.
Кошумча шарттар
14. Ушул Келишим Тараптар тарабынан кол коюлган учурдан жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет. 15. Ушул Келишим Тараптар бардык милдеттенмелерин аткарганга чейин күчүндө болот. 16. Ушул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлдү. Бир нускасы жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу органда, ал эми бирден нускасы ар бир Тарапта сакталат.
Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери: | |
Бишкек шаарынын мэриясы | Сатып алуучу |
(Аталышы) Дарек ____________________________________ Телефон ___________________________________ Банктык эсеби ____________________________________ Банк ____________________________________ БИК ____________________________________ Бишкек шаарынын мэри ___________________________________
“____” ______________/______________ (датасы)
(кол тамгасы) МО | (Аталышы) Дарек _____________________________________ Телефон _____________________________________ Банктык эсеби _____________________________________ Банк _____________________________________ БИК _____________________________________ _____________________________________
“____” ______________/________________ (датасы)
(кол тамгасы)
МО |
». | |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31 03 № 95 токтомуна 2-тиркеме |
| «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №139 токтомуна 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга
киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу
укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген
муниципалдык менчиктин жер участокторунун
наркын эсептөө методикасы
Жалпы жоболор
1. Ушул Методика Бишкек шаарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга мурда берилген жер участокторунун наркын аныктайт (мындан ары-Методика).
2. Ушул Методиканын максаты болуп төмөнкүлөрдү камсыздоо саналат:
жер участогунун сатып алуу наркын бир түргө келтирүү;
жол-жоболордун ачыктыгы;
муниципалитеттин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо.
3. Методиканын аракети Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторуна гана жайылтылат.
Негизги түшүнүктөр
4. Ушул Методикада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
сатып алуу наркы (Сн)– жер участогун менчикке сатып алууда пайдалануучу тарабынан төлөнүүчү Бишкек шаарынын аймагында көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участогунун наркы;
жалпы аянты (Жа) – ижара келишимине ылайык сатып алууга тийиштүү жер участогунун аянты;
рыноктук нарк (Рн) – ушул Методикага ылайык белгиленген тартипте аныкталган кыймылсыз мүлк көлөмүнүн бир чарчы метринин рыноктук наркы;
экономикалык зона – аныкталган Бишкек шаарынын экономикалык зонасында жер участогунун наркын эсептөө үчүн колдонулган Бишкек шаарынын аймактык зонасы.
Сатып алуу наркын аныктоонун тартиби
5. Жер участогунун сатып алуу наркын аныктоо көп кабаттуу үйдү эксплуатациялоого киргизүү мөөнөтүн эске алуу менен ретроспективдүү баалоо методу аркылуу жүргүзүлөт. Сатып алуу наркын эсептөөдө ачык булактардан расмий статистикалык маалыматтар колдонулат.
6. Сатып алуу наркын аныктоодо ар жылдын 1-августуна карата АКШ долларынын курсу, Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектери, жер участогунун бир чарчы метринин орточо наркы эске алынат.
7. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун сатып алуу наркын аныктоодо төмөнкүдөй формула колдонулат:
Сн = Рн × Жа, мында:
(Сн) – сатып алуу наркы;
(Рн) - рыноктук нарк;
(Жа) - жалпы аянт.
8. Сатып алуу наркын бир түргө келтирүү жана сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгы үчүн жер участогунун бир чарчы метри үчүн сом менен эсептелген жер участокторунун рыноктук наркынын төмөнкүдөй маалыматтары белгиленет:
| (сом) | ||||
Жылдар |
Бишкек шаарынын экономикалык зоналары | ||||
I | II-III | VI-XI-XII- XVI | VII | VIII | |
2000-жыл | 9462 | 5037 | 1742 | 7861 | 4143 |
2001-жыл | 9591 | 5106 | 1766 | 7969 | 4200 |
2002-жыл | 9303 | 4953 | 1713 | 7730 | 4073 |
2003-жыл | 8823 | 4697 | 1625 | 7731 | 3863 |
2004-жыл | 8542 | 4548 | 1573 | 7097 | 3740 |
2005-жыл | 8231 | 4382 | 1516 | 6839 | 3604 |
2006-жыл | 8014 | 4667 | 1476 | 6659 | 3509 |
2007-жыл | 7598 | 4045 | 1399 | 6313 | 3327 |
2008-жыл | 7063 | 3760 | 1301 | 5868 | 3093 |
2009-жыл | 8751 | 4659 | 1611 | 7271 | 3832 |
2010-жыл | 9389 | 4998 | 1729 | 7801 | 4111 |
2011-жыл | 8964 | 4772 | 1651 | 7448 | 3925 |
2012-жыл | 12684 | 5564 | 1604 | 8440 | 5045 |
2013-жыл | 15027 | 6804 | 1469 | 8811 | 6706 |
2014-жыл | 22903 | 8014 | 3568 | 8582 | 10440 |
2015-жыл | 24933 | 11611 | 4400 | 8067 | 10939 |
2016-жыл | 19304 | 10740 | 5302 | 6390 | 9040 |
2017-жыл | 25264 | 9406 | 4943 | 7346 | 7689 |
2018-жыл | 29852 | 12988 | 6528 | 8092 | 10540 |
2019-жыл | 29646 | 14160 | 9626 | 11719 | 11789 |
2020-жыл | 33005 | 14584 | 10132 | 16273 | 13509 |
2021-жыл | 35599 | 16105 | 10426 | 17885 | 14833 |
2022-жыл | 41754 | 15887 | 8734 | 22873 | 14805 |
2023-жыл | 42100 | 19559 | 9561 | 25612 | 20875 |
2024-жыл | 48150 | 28907 | 16806 | 31764 | 25378 |
2025-жыл | 58242 | 39091 | 24486 | 40490 | 36380 |
Эскертүү: Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектеринин сүрөттөлүшү Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №141 токтомуна ылайык алынды. | |||||
Төмөндөтүү коэффициентин колдонуу тартиби
9. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторун өз убагында сатып алууга дем берүү максатында жер участогунун сатып алуу наркын төлөө мөөнөтүнөн аныкталган сатып алуу наркына төмөндөтүлгөн коэффициент (мындан ары - коэффициент) колдонулат.
10. Коэффициент ушул Методиканын 9-пунктуна ылайык аныкталган сатып алуу наркына карата колдонулат.
11. Коэффициенттин өлчөмү жер участогун сатып алуунун акыркы суммасын төлөө убактысынан көз каранды белгиленет:
ушул Методика бекитилген учурдан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин - 0,5 белгиси колдонулат;
2027-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин - 0,6;
2028-жылдын 1-январынан 2028-жылдын 31-декабрына чейин - 0,8;
2029-жылдын 1-январынан 2029-жылдын 31-декабрына чейин - 1,0;
2030-жылдын 1-январынан 2030-жылдын 31-декабрына чейин - 1,2.
2031-жылдын 1-январынан тартып жана андан кийинки жылдары жер участогун сатып алуу учуруна чейин 1,2 өлчөмүндөгү коэффициент колдонулат.
2026-жылдын 1-октябрына чейин 1 гектардан ашкан жер тилкелерине 0,4 өлчөмүндөгү коэффициент колдонулат.
12. Дем берүү коэффициентин эске алуу менен сатып алуу наркын эсептөө төмөнкүдөй формулада жүргүзүлөт:
Сн = ЧН × Жа × К, мында:
ЧН – ушул Методиканын 9-пунктунда келтирилген таблицага ылайык жер участогунун бир чарчы метринин наркы;
(Жа) – жер участогунун жалпы аянты;
(К) – толук сумманы төлөө мөөнөтүнөн көз каранды, ушул Методиканын 12-пунктунда каралган төмөндөтүү коэффициенти.
13. Мөөнөттөрү ар башка жылдарга туш келген төлөмдүн суммасын бөлүп төлөө учурунда белгиленген мезгилге тиешелүү коэффициент сумманын калдыктарына колдонулат. Жыйынтык суммасын тегеректөө математикалык тегеректөө эрежелери боюнча максаттуу сомго чейин жүргүзүлөт.
Өзгөчө жана өткөөл жоболор
14. Эгерде мурда бекитилген жер участогун ижаралоо келишимине ылайык ижаралоочу тарабынан турак жана (же) турак эмес жайлардын жалпы аянтынын 10 пайыздан кем эмес өлчөмдөгү бөлүгү өткөрүлүп берилген учурда, жетпеген бөлүгү өткөрүлүп берилүүгө же ушул Методикага ылайык акчалай түрүндө төлөөгө жатат.
15. Эгерде ижаралоочу тарабынан турак жана (же) турак эмес жайлардын 10 пайыз жана андан ашык өлчөмдөгү бөлүгү өткөрүлүп берилсе, көрсөтүлгөн аянт жер участогун сатып алуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине кошулат, бул учурда Методика боюнча эсептөөлөр колдонулбайт.
16. 10 пайыздан ашкан өлчөмдөгү аянтты өткөрүп берүү ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруу катары каралат, 10 пайызды ашырган бөлүгү кайтарып берүүгө жатпайт.
17. Эгерде жер участогун сатып алууга тоскоолдук жараткан соттук талаштар болсо, маселени кароо соттук талаштар аяктаганга чейин токтотулат.
18. Сатып алуу наркын аныктоо жана аныктоонун тууралыгына контроль жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
».
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31 03 № 95 токтомуна 3-тиркеме |
| «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №139 токтомуна 4-тиркеме |
Күрөө берүүнүн түрүн, шарттарын аныктоо жана күрөөгө коюлган
мүлктүн наркын азайтуу тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун сатып алуу наркын төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо максатында күрөөнү берүү тартибин жөнгө салат.
2. Күрөөнү белгилөөнүн максаты жергиликтүү бюджетке акча каражаттарынын кепилденген түшүүсүн камсыздоо жана милдеттенмелердин аткарылбай калуу тобокелдиктерин азайтуу болуп саналат.
2. Камсыздоо түрлөрү
3. Жер участокторунун сатып алуу наркын төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоонун түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
күрөөгө берүүчүнүн менчик укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу;
ыйгарым укуктуу органга сатып алуу наркынын өлчөмүндөгү милдеттенме суммасын төлөп берүүгө кепилдик берген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын банктык кепилдиги, жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
4. Төлөөгө жөндөмсүздүк тобокелдиги жогору болгон учурда, банктык кепилдик камсыздоонун артыкчылыктуу ыкмасы болуп саналат.
3. Күрөө берүүчүгө жана күрөө предметине карата талаптар
5. Көп батирлүү турак үйдү куруу үчүн берилген жер участогунун ижарачысы гана күрөө берүүчү болуп чыга алат.
6. Күрөө берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
күрөө предметине менчик укугун тастыктоого;
күрөөгө берилген мүлккө чектөөлөрдүн жок экендигин тастыктаган документтерди берүүгө.
7. Салыктар боюнча же бюджет алдындагы башка милдеттенмелер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыз болгон учурда, бузуулар жоюлганга чейин күрөөнү кабыл алуудан баш тартылышы мүмкүн.
8. Күрөө берүүчү күрөө предметин ажыратууга, ижарага берүүгө, кайра күрөөгө коюуга же башка жол менен тескөөгө укуксуз.
4. Күрөөнүн өлчөмүн азайтуу тартиби
9. Күрөө өлчөмү иш жүзүндө жүргүзүлгөн төлөмгө пропорционалдуу азайтылышы мүмкүн.
10. Күрөөнүн жаңы өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
КЖӨ - КБӨ - ТЖС, мында:
КЖӨ - күрөөнүн жаңы өлчөмү;
КБӨ - күрөөнүн баштапкы өлчөмү;
ТЖС - төлөө жүргүзүлгөн сумма.
11. Күрөөнүн өлчөмүн азайтуу акча каражаттары түшкөндөн кийин гана жүзөгө ашырылат.
12. Күрөөнүн өлчөмүн азайтуу күрөө жөнүндө келишимге кошумча макулдашуу менен таризделет.
13. Кошумча келишим белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
5. Күрөөнү токтотуу жана өндүрүп алууну айлантуу
14. Жер участогунун сатып алуу наркын төлөө боюнча милдеттенме толук аткарылгандан жана сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөндөн кийин күрөө токтотулат.
15. Күрөөнү токтотууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
жер участогунун сатып алуу наркы толук төлөнгөндүгүн тастыктоо;
күрөө жөнүндө келишимди токтотууну мамлекеттик каттоо.
16. Ыйгарым укуктуу орган сатып алуу боюнча милдеттенме аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда, соттук же соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алууну күрөө предметине айлантууга укуктуу.
17. Күрөө предметин сатуудан түшкөн акча жер участогунун сатып алуу наркы боюнча карызды төлөөгө багытталат.
6. Аткарылышын контролдоо
18. Ушул Жобонун сакталышын жана аткарылышын контролдоо компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.».
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын «31» 03 № 95 токтомуна 4-тиркеме |
| «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №139 токтомуна 5-тиркеме |
№ ________ күрөө жөнүндө типтүү келишим
| |
Бишкек шаары
| 20__ -жыл «____» ____________
|
Мындан ары «Күрөө кармоочу» деп аталуучу Бишкек шаарынын мэриясынын атынан, ______________________________ бир тараптан жана мындан ары «Күрөө берүүчү» деп аталуучу _____________________________ экинчи тараптан, биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар 20___-жылдын «___» _________ № ____ өткөрүлгөн конкурстун (мамлекеттик сатып алуулардын) жыйынтыгынын негизинде төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
Келишимдин предмети
1. Ушул Келишим Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын 20___-жылдын «__» _________ № ____ чечиминин негизинде «Күрөө берүүчүгө» берилген жер участогун ижаралоо келишими _________________________________________________________ (келишимдин номери жана датасы) боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн түзүлдү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Күрөө берүүчү төмөнкү кыймылсыз мүлктү күрөөгө берет: _____________________________________________________, (толук аталышы) бааланган наркы ___________________________________________________, (суммасы) __________________________________________________________ таандык. (ээсинин аты-жөнү) 2. Күрөөгө коюлган мүлккө болгон укуктар төмөнкү документтер менен тастыкталат: ________________________________________________ . (аталышы, № жана датасы) 3. Күрөөгө коюлган мүлк көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланат:____________________________________________________. (сумма) 4. Күрөөгө коюлган мүлк Күрөө берүүчүнүн ээлигинде жана пайдалануусунда калат. 5. Ушул Келишим түзүлгөн учурда күрөөгө коюлган мүлк ижарага берилген эмес, күрөөгө коюлган эмес, талаш-тартышта эмес жана камакка алынган эмес.
Тараптардын милдеттери
6. Күрөө берүүчү төмөнкүлөргө милдеттенет: Күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз акысыз өткөрүп бербөөгө, башка адамдарга күрөөгө койбоого, күрөөгө коюлган мүлктү алмаштырбоого, ошондой эле кандайдыр бир башка жол менен тескебөөгө; күрөөгө коюлган мүлктү күтүү үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылууга; ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун ижаралоо келишими күчүндө турган мезгилде күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышы жана техникалык абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартууга; күрөөгө коюлган мүлктүн бар экендигин, сапатын, абалын жана сактоо шарттарын текшерүү максатында анын турган жерине Күрөө кармоочунун өкүлдөрүнүн кирүүсүнө жол берүүгө; күрөөгө коюлган мүлктүн жоголуу же бузулуу коркунучу пайда болгон учурда, Күрөө кармоочуга дароо кабарлоого; күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларына белги коюу менен күрөөгө коюлган мүлктү ажыратууга тыюу салууну белгилөө жолу менен тиешелүү каттоо органдарында каттоодон өткөрүүгө. 7. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө милдеттенет: Көп батирлүү үйдү долбоорлоо жана куруу үчүн ижара шартында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участогун сатып алуу боюнча кол коюлган келишимдин негизинде күрөө берүүчү ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун ижаралоо келишими боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткарганда күрөөгө берилген мүлктү ажыратууга тыюу салууну алып салууга.
Тараптардын укуктары
8. Күрөө кармоочу төмөнкүдөй укуктарга ээ: күрөө мүлкүнүн абалын текшерүүгө; Тараптардын макулдашуусу боюнча, тиешелүү мүлккө рыноктун конъюнктурасы өзгөргөн учурда, күрөөгө коюлган мүлктүн наркын өзгөртүүгө; күрөө менен камсыздалган милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын же күрөөнүн предмети бузулган жана талап кылынбаган учурда күрөөнүн предметинин алмаштырылышын талап кылууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте күрөөгө коюлган мүлктү толук көлөмдө өндүрүп алууга; күрөө предметин сатуудан түшкөн сумма Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда, жетишпеген сумманы Күрөө берүүчүнүн башка мүлкүнөн талашсыз тартипте алууга. 9. Күрөө берүүчү күрөөнүн предметин анын мүнөзүнө жана багытына ылайык пайдаланууга жана ага ээлик кылууга укуктуу.
Өзгөчө шарттар
10. Ушул Күрөө жөнүндө келишимге кол койгон Күрөө берүүчүгө талап коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар келип чыккан учурда (өлүм, камакка алынуу жана башка жагдайлар), ушул Күрөө жөнүндө келишимдин шарттары анын укук мурасчысы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылууга тийиш.
Келишимдин колдонуу мөөнөтү
11. Ушул Келишим жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган учурдан тартып күчүнө кирет жана ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун ижаралоо келишими боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин колдонулат. 12. Ушул Келишимдин 10-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурда, ушул Келишим боюнча колдонуу мөөнөттөрү жана милдеттенмелери токтотулбайт.
Башка шарттар
13. Ушул Келишимдин шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча жазуу жүзүндө өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 14. Ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун ижаралоо келишими боюнча милдеттенмелер аткарылган учурда, ажыратууга тыюу салуу алып салынбаган күрөө Күрөө кармоочу менен макулдашуу боюнча башка кийинки милдеттенмелерди да камсыздай алат. 15. Күрөө берүүчү ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун ижаралоо келишими боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин, ошондой эле жер участогун ижаралоо келишимине киргизилүүчү шарттар ар кандай өзгөртүлгөн учурда ушул Келишимде көрсөтүлгөн күрөө предметин берүүгө жана күрөөдө калтырууга өзүнүн макулдугун тастыктайт. 16. Ушул Келишимди тариздөө боюнча, ошондой эле мүлктөн өндүрүп алынган учурда, күрөөгө коюлган мүлктү сатуу менен байланышкан чыгымдар Күрөө берүүчүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат. 17. Ушул Келишимден келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракеттенишет жана макулдашууга келбеген учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто каралууга тийиш. 18. Ушул келишим ______________ нускада түзүлдү.
Тараптардын даректери жана реквизиттери | |
Күрөө кармоочу: ______________________________ (органдын аталышы)
______________________________ Дареги:_ ______________________________ ______________________________ ЖРИУК_______________________ ИСН__________________________ Паспорт_______________________ ______________________________ (фамилиясы, аты-жөнү)
______________________________ (кол тамга) М.О.
| Күрөө берүүчү: ________________________________ (субъектин аталышы)
________________________________ Дареги: ________________________________ ________________________________ ЖРИУК _________________________ ИСН____________________________ Паспорт_________________________ _________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү)
_________________________________ (кол тамга) М.О. |
». | |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |