Загрузка документа…
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 90 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарынын муниципалдык
автотоктотмолору жана авто коюу жайлары
жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолору жана авто коюу жайлары жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан автотоктотмолорду жана авто коюу жайларын уюштуруу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.
2. Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолору жана авто коюу жайлары (мындан ары - автотоктотмолор жана авто коюу жайлары) транспорт каражаттарын уюштуруу менен убактылуу жайгаштыруу, автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында түзүлөт.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автотоктотмо – атайын белгиленген, жасалган жана жабдылган, анын ичинде автомобилдик жолдордун бөлүгү болуп саналган жана белгиленген чектери менен акы төлөө негизде транспорт каражаттарын уюштуруу үчүн арналган орун;
токтотуу убактысы - транспортту токтотуу ордуна коюу убактысынын башталышы жана токтотуу ордунан чыккан учур аягы болуп эсептелген акы төлөнүүчү токтотмого транспорт каражатын жайгаштыруу убагынын мезгили (токтотмо ордун пайдалануу);
автотоктотмону пайдалануучу – транспорт каражатын автотоктотмого киргизүүнү жана ага жайгаштырууну жүзөгө ашырган транспорт каражатын башкарган адам;
авто коюу жайы – ушул максаттар үчүн каралган аянтчаларда периметри боюнча тосмосу бар жана авто коюу жайынын күзөткө алынган аймагына эркин кирүүгө же чыгууга тоскоолдук түзгөн шлагбаумду же башка жабдыктарды орнотуу менен эркин жеткиликтүүлүк чектелген, атайын жабдылган, ыңгайлаштырылган орун (күнү-түнү иштеген режимде), ошондой эле транспорт каражаттарын коюу жана сактоо үчүн белгиленген тартипте ушул максаттар үчүн бөлүнгөн жеңилдетилген типтеги объекттер (гараждар) орнотулган жер участоктору;
адистештирилген авто коюу жайы – белгиленген тартипте эвакуацияланган транспорт каражаттарын убактылуу сактоо үчүн атайын бөлүнгөн жай;
токтотмо орду – автотоктотмодо жана/же авто коюу жайында акы төлөнүүчү негизде бир транспорт каражатын жайгаштыруу үчүн арналган атайын белгиленген жана зарыл болгон учурда жасалган жана жабдылган орун;
ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарында муниципалдык автотоктотмолордун, авто коюу жайларынын иш-аракеттерин уюштуруу, башкаруу, тартипке келтирүү ыйгарым укугу берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү/ишканасы.
2-глава. Автотоктотмолорду жана авто коюу жайларын
уюштуруу тартиби
4. Автотоктотмолорду жана авто коюу жайларын уюштуруу схемасы Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын (мындан ары-ыйгарым укуктуу орган) арызынын негизинде архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча иштелип чыгат.
5. Автотоктотмолорду түзүү жана пайдалануу жол кыймылына тоскоолдук жаратпоого, анын коопсуздугун төмөндөтпөөгө, Жол кыймылы эрежелеринин талаптарына каршы келбөөгө тийиш.
Автотоктотмолор тийиштүү жол белгилери жана жол бетиндеги чийиндер менен жабдылууга тийиш.
Автотоктотмолор жол кыймылын уюштуруунун кошумча техникалык каражаттары менен, ошондой эле автоматташтырылган система, анын ичинде видеофиксация каражаттары жана төлөмдү контролдоочу техникалык түзүлүштөр менен жабдылышы мүмкүн.
Автотоктотмолордун иштөө графиги жана режими Бишкек шаарынын мэриясы менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
6. Авто коюу жайлары күнү-түнү күзөтү менен, ушул максатта атайын каралган аянтчаларда транспорт каражаттарын күнү-түнү сактоо үчүн түзүлөт.
Авто коюу жайлары төмөнкүлөр менен жабдылууга тийиш:
башка адамдардын кирүүсүнө жол бербеген, эстетикалык көрүнүшкө ээ тосмосу менен;
периметри боюнча жарыктандыруусу менен;
күзөт үчүн жайы менен;
транспорт каражаттарынын эркин кирүүсүнө же чыгуусуна тоскоолдук түзгөн шлагбаум же башка орнотмолору менен.
Авто коюу жайларынын иштөө режими күнү-түнү болуп саналат.
3-глава. Автотоктотмолорду пайдалануу эрежелери
7. Автотоктотмонун ишин уюштуруу Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан камсыздалат.
8. Автотоктотмодо орнотулган жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары, автотоктотмонун иштеши үчүн арналган акы төлөнүүчү автотоктотмолордун стационардык жабдуу элементтери автотоктотмонун бөлүгү болуп саналат.
9. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен автотоктотмонун иштешин камсыздоого;
ар бир адамга, анын ичинде жазуу жүзүндөгү арызы боюнча автотоктотмону пайдалануу эрежелери, токтотмо орундарын пайдалануу үчүн төлөмдүн өлчөмү, төлөмдөрдү төлөө тартиби жана ыкмалары жөнүндө маалыматтарды билдирүүгө;
автотоктотмонун жабдуу элементтеринин жарактуу болушун, сакталышын контролдоону жүзөгө ашырууга, аларды техникалык тейлөөнү жана күтүүнү камсыздоого;
калкты автотоктотмолордун иши жөнүндө маалымдоону, анын ичинде Интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарын пайдалануу менен маалымдоону камсыздоого.
10. Ыйгарым укуктуу орган автотоктотмолордо пайдалануучуларга көрүнүктүү жана ыңгайлуу жерге төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтарды жайгаштырууга милдеттүү:
автотоктотмону пайдалануу эрежелери, анын ичинде автотоктотмонун иштөө режими;
автотоктотмого транспорт каражаттарын жайгаштыруу үчүн акы төлөө ыкмалары, тартиби жана өлчөмдөрү жөнүндө маалымат;
ыйгарым укуктуу органдын толук аталышы, дареги жана телефон номери.
11. Автотоктотмолорду пайдалануу төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрүү мезгилинде токтотулат:
автотоктотмо жайгашкан автомобиль жолунун участогунда реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, оңдоо боюнча жумуштарды жүргүзүүдө, автомобиль жол тилкесинин чегинде жайгашкан инженердик коммуникацияларды, автотоктотмонун аймагынын чегинен өтүүчү инженердик коммуникацияларды төшөө, жылдыруу, кайра орнотуу, оңдоо жумуштарын жүргүзүүдө;
автотоктотмолордун жабдуу элементтерин оңдоо боюнча жумуштарды жүргүзүүдө.
Автотоктотмолорду пайдалануу токтотулган мезгилде алардын аймагында транспорт каражаттарын жайгаштырууга тыюу салынат.
12. Автотоктотмонун пайдалануучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
автотоктотмонун пайдалануу эрежелерин сактоого;
белгиленген тартипте жана өлчөмдө автотоктотмону пайдалануу наркын төлөөгө;
автотоктотмонун аймагында тазалыкты жана тартипти сактоого.
13. Автотоктотмонун пайдалануучусуна төмөнкүлөргө тыюу салынат:
орун ээлеп коюуга жана башка адамдардын автотоктотмону пайдалануусу үчүн ар кандай тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жаратууга;
автотоктотмонун жабдуу элементтерин бузууга;
автотоктотмонун аймагын булгоого;
ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чаралар өткөрүлүп жаткан мезгилде автотоктотмого транспорт каражаттарын жайгаштырууга.
14. Автотоктотмонун пайдалануучулары токтотмонун пайдалануу эрежелери, автотоктотмону пайдалангандыгы үчүн акы төлөө өлчөмү, аны төлөөнүн тартиби жана ыкмалары жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
15. Автотоктотмолорго жайгаштырууну контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан, анын ичинде автоматтык режимде иштеген атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
16. Акысыз жайгаштырылуучу төмөнкү транспорт каражаттарын кошпогондо, транспорт каражаттарын автотоктотмо орундарына жайгаштыруу акы төлөнүүгө тийиш болуп саналат:
тиешелүү таануу белгилери, графикалык боёк түсүнө жана жазуулары бар экстрендик оперативдик кызматтардын (медициналык тез жардамдын, өрт өчүрүү кызматынын, милициянын, авариялык-куткаруу кызматтарынын) транспорт каражаттары;
тиешелүү таануу белгилери менен белгиленген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын транспорт каражаттары.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар транспорт каражаттарын ушул пунктта көрсөтүлгөн токтотмо орундан башка орунда жайгаштырган учурда, мындай жайгаштыруу ушул Жобого ылайык акы төлөнүүгө тийиш.
17. Транспорт каражаттарын жайгаштыруу үчүн төлөм Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген өлчөмдө сааттык формада жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
18. Токтотуу убактысынын аякташы автотоктотмону пайдалангандыгы үчүн акы төлөнгөн жана анын аймагынан чыгып кеткен учур эсептелет.
19. Транспорт каражатын автотоктотмодо жайгаштыруу үчүн төлөм токтотмону пайдалануучу тарабынан анын аймагынан чыгуу алдында төлөнөт.
20. Муниципалдык автотоктотмодо коюунун алгачкы 15 (он беш) мүнөтү акысыз болуп саналат.
4-глава. Авто коюу жайларын пайдалануу эрежелери
21. Авто коюу жайлары транспортту күнү-түнү сактоо үчүн арналган.
22. Авто коюу жайларындагы токтотмо орундарын пайдалануу акы төлөөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.
23. Авто коюу жайынын аймагына кирүүдө авто коюу жайынын жумушчусу транспорт каражатын тийиштүү журналга каттоону жүргүзөт. Транспорт каражатын жайгаштыруу үчүн төлөмдү фискалдык чекти сатып алуу же башка белгиленген төлөм жүргүзүү ыкмасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
24. Авто коюу жайында транспорт каражаттарынын ээлерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:
токтотмо орундарында транспорт каражаттарын эркин жайгаштырууга тоскоолдук түзүүгө;
транспорт каражатын токтотмо орундардын чектерин бузуу менен жайгаштырууга;
мамлекеттик каттоо белгиси окулбаган же бузулган, аны идентификациялоо оор болгон транспорт каражатын калтырууга;
авто коюу жайынын штаттык ишине тоскоолдук кылууга;
транспорт каражаттарынын авто коюу жайына киришине (чыгышына) бөгөт коюуга;
башка адамдардын авто коюу жайындагы токтотмолорду пайдалануусуна тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жаратууга;
коомдук тартипти бузууга;
авто коюу жайынын аймагын булгоого;
авто коюу жайындагы токтотмо орундарын пайдалануунун белгиленген тартибин бузган башка аракеттерди жасоого.
5-глава. Корутунду жоболор
25. Муниципалдык автотоктотмолордо жана авто коюу жайларында автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн төлөмдүн өлчөмү Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
26. Ыйгарым укуктуу органдын оперативдүү башкаруусунда турган автотоктотмолорду жана авто коюу жайларын пайдалануудан түшкөн пайда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Бишкек шаарынын бюджетине которулат жана бюджеттин кирешелеринин классификациясына ылайык Бишкек шаарынын бюджетинин кирешелеринин курамында эсепке алынат.
27. Автотоктотмолордо үчүнчү жактар тарабынан транспорт каражаттарына келтирилген уурдоо жана зыян келтирүү тобокелдиктерин транспорт каражаттарынын ээлери өз алдынча тартышат.
28. Авто коюу жайынын жумушчусунун күнөөсү боюнча авто коюу жайында сактоо учурунда транспорт каражатына зыян келтирилген учурда, зыяндын орду жумушчу же ыйгарым укуктуу орган тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте толтурулат.
29. Автотоктотмо жана авто коюу мейкиндиктерин өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
30. Ушул Жобонун талаптарынын сакталбагандыгы үчүн ыйгарым укуктуу орган жана автотоктотмолордун жана авто коюу жайларынын пайдалануучулары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И. Б. Аденов |