Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-апрели № 253
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 417 «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 5722-беренесине, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 291-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 417 «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
«4) Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата контролдоонун электрондук байкоо жүргүзүү жана техникалык каражаттарын колдонуу тартиби 4-тиркемеге ылайык.»;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомду ишке ашыруу маселелери боюнча калк арасында, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралар министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 29 (3789) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Форма
Убактылуу коргоо ордери (УКО) (үч нускада түзүлөт) | № __________ | |||||||||||||||||||
Кызмат адамынын коду (зарыл болсо) |
| Серия № ____________ | ||||||||||||||||||
| Берген ИИО |
| ||||||||||||||||||
Түзүлгөн датасы/убактысы |
| 20___ -ж. | Аяктаган датасы/убактысы: |
| ||||||||||||||||
УКО түзүлгөн жер |
| |||||||||||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу адам жөнүндө маалымат (кызмат орду, аты-жөнү, байланыш тел.) | ______________________________________________ ______________________________________________ | |||||||||||||||||||
УКОну контролдоо жүктөлгөн адамдын аты-жөнү (кызмат орду, аты-жөнү, байланыш тел.) | ______________________________________________ ______________________________________________ | |||||||||||||||||||
Зомбулуктун формасы (керектүүсүн белгилөө) | Дене бойлук | Психологиялык | Экономикалык | Кайдыгер мамиле | Куугунтуктоо | |||||||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга (мыйзамдуу өкүлгө) берилген (бир нече адам жабыр тарткан учурда, нускасы ар бирине берилет) | ||||||||||||||||||||
ИЖН |
| Туулган датасы |
| |||||||||||||||||
Фамилиясы |
| Жарандыгы |
| |||||||||||||||||
Аты |
| Жынысы | Э | А | Майыптык ___ т. | |||||||||||||||
Атасынын аты |
| Туулган жери |
| |||||||||||||||||
Иш жүзүндө жашаган дареги |
| Катталган дареги |
| |||||||||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалымат (аты-жөнү) | ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ | Туугандык даражасы (кызмат орду, мамлекеттик органдын аталышы) | ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ | |||||||||||||||||
Иш жүзүндө жашаган жери (органдын дареги) | ____________________________ ____________________________ | Телефон номери, электрондук почта дареги | ____________________________ ____________________________ | |||||||||||||||||
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (тиби, сериясы, №) |
| Балдары: Аты-жөнү, туулган жылы _______________________________________________ | ||||||||||||||||||
Байланыш тел. |
| |||||||||||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын иштеген жери кабарлануусуна макулдук: ооба _________ жок _________ | ||||||||||||||||||||
Социалдык камсыздоо органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө кабарлоого макулдук ооба _________ жок _________ | ||||||||||||||||||||
Иштеген/окуган жери |
| Кызмат орду | ||||||||||||||||||
Билими |
| |||||||||||||||||||
УКОну алгандыгы тууралуу колу |
| |||||||||||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу жактын колу |
| |||||||||||||||||||
Контролдоо чаралары жөнүндө белги (датасы/контролдун түрү) |
|
|
| |||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга берилген | ||||||||||||||||||||
ИЖН |
| Туулган датасы |
| |||||||||||||||||
Фамилиясы |
| Жарандыгы |
| |||||||||||||||||
Аты |
| Жынысы | Э | А | Майыптык ___ т. | |||||||||||||||
Атасынын аты |
| Туулган жери |
| |||||||||||||||||
Иш жүзүндө жашаган дареги |
| Катталган дареги |
| |||||||||||||||||
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (тиби, сериясы, №) |
| |||||||||||||||||||
Байланыш тел.: | E-mail: | |||||||||||||||||||
Алгандыгы тууралуу колу ______________________ Мессенджер, электрондук почта, смс аркылуу кабарланды (астын сызуу керек). Абоненттик номерди же даректи көрсөтүү керек: ______________ | Иштеген/окуган жери/кызмат орду: | |||||||||||||||||||
Билими: | ||||||||||||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу адамдын колу |
| |||||||||||||||||||
Контролдоо чаралары жөнүндө белгилер (датасы/контролдун түрү) |
|
|
| |||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||||||
ИИОнун жетекчисинин колу |
| |||||||||||||||||||
Электрондук байкоо жүргүзүү колдонулган учурда минималдуу жакындоо аралыгы:_________ метр, № ____________ дареги/объект | ||||||||||||||||||||
1. | 2. | 3. | ||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Убактылуу коргоо ордери (УКО) (үч нускада түзүлөт) | № __________ | ||||||||||||
Жабыр тарткан таран үчүн нуска |
| Серия № ____________ | |||||||||||
| Берген ИИО |
| |||||||||||
Түзүлгөн датасы/убактысы |
| 20___ -ж. | Аяктаган датасы/убактысы: |
| |||||||||
УКО түзүлгөн жер |
| ||||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу адам жөнүндө маалымат (кызмат орду, аты-жөнү, байланыш тел.) | ______________________________________________ ______________________________________________ | ||||||||||||
УКОну контролдоо жүктөлгөн адамдын аты-жөнү (кызмат орду, аты-жөнү, байланыш тел.) | ______________________________________________ ______________________________________________ | ||||||||||||
Зомбулуктун формасы (керектүүсүн белгилөө) | Дене бойлук | Психологиялык | Экономикалык | Кайдыгер мамиле | Куугунтуктоо | ||||||||
|
|
|
|
|
| ||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга (мыйзамдуу өкүлгө) берилген:
| |||||||||||||
ИЖН |
| Туулган датасы |
| ||||||||||
Фамилиясы |
| Жарандыгы |
| ||||||||||
Аты |
| Жынысы | Э | А | Майыптык ___ т. | ||||||||
Атасынын аты |
| Туулган жери |
| ||||||||||
Иш жүзүндө жашаган дареги |
| Катталган дареги |
| ||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалымат (аты-жөнү) | ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ | Туугандык даражасы (кызмат орду, мамлекеттик органдын аталышы) | ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ | ||||||||||
Иш жүзүндө жашаган жери (органдын дареги) | ____________________________ ____________________________ ____________________________ | Телефон номери, электрондук почта дареги | ____________________________ ____________________________ | ||||||||||
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (тиби, сериясы, №) | Балдары: Аты-жөнү, туулган жылы _______________________________________________ | ||||||||||||
Байланыш тел. |
| ||||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын иштеген жери кабарлануусуна макулдук: ооба _________ жок _________ | |||||||||||||
Социалдык камсыздоо органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө кабарлоого макулдук ооба _________ жок _________ | |||||||||||||
УКОну алгандыгы тууралуу колу |
| ||||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу адамдын колу |
| ||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам үчүн маалымат
Зарыл болсо актуалдуу маалымат жайгаштырылат (жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматтык жана башка ресурстарга шилтемелер, кью-ар-коддор) |
|
Арткы бет
Убактылуу коргоо ордери эмнени камтыйт |
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык убактылуу коргоо ордери төмөнкү шарттарды камтышы мүмкүн: - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын баласы/балдары же үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын баласы/балдары менен түз жана кыйыр байланышка тыюу салуу; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен бирге жашаган же турган жерде болууга тыюу салуу; - жабыр тарткан адамды куугунтуктоого, ошондой эле анын жайгашкан жерин ачыктоого тыюу салуу, анын ичинде жеке өзү же үчүнчү жактар аркылуу; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын сакталышын контролдоону, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруу милдетин; - ок атуучу, пневматикалык жана газ куралын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салуу, ал эми бар болсо - ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу; - убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүү. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 40 сааттык мөөнөткө коомдук иштер же болбосо жетиден он төрт суткага чейин камакка алуу түрүндө жаза салууга алып келет. Убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим прокуратурада же сотто даттанылышы мүмкүн |
Кошумча коргоо чаралары |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан төмөнкүлөргө укуктуу: - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды бирге жашаган жеринен убактылуу чыгаруу жана ата-энелик укуктарын чектөө тууралуу талаптар менен сотко кайрылууга; - жабыр тарткандын макулдугу менен коопсуз жерге же баш калкалоочу жайга жайгаштырууга; - адистештирилген мекемелерде юридикалык, медициналык, социалдык жана психологиялык жардам алууга. Кошумча маалымат жана жардам алуу үчүн жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын шыр байланыш телефону - 114 боюнча кайрылууга укуктуу. Сизге карата техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыздоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн. Мындай чечим тиешелүү ички иштер органы тарабынан тобокелдиктерди баалоо протоколунун негизинде кабыл алынат |
Убактылуу коргоо ордери (УКО) (үч нускада түзүлөт) | № __________ | |||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам үчүн нуска |
| Серия № ____________ | ||||||||||
| Берген ИИО |
| ||||||||||
Түзүлгөн датасы/убактысы |
| 20___ -ж. | Аяктаган датасы/убактысы: |
| ||||||||
УКО түзүлгөн жер |
| |||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу адам жөнүндө маалыматтар (кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты) | ______________________________________________ ______________________________________________ | |||||||||||
УКОну контролдоо жүктөлгөн адамдын аты-жөнү (кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты) | ______________________________________________ ______________________________________________ | |||||||||||
Зомбулуктун формасы (керектүүсүн белгилөө керек) | Дене бойлук | Психологиялык | Экономикалык | Кайдыгер мамиле | Куугунтуктоо | |||||||
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам үчүн маалымат | ||||||||||||
Убактылуу коргоо ордери - бул үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга мамлекеттик коргоо көрсөтүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата мыйзам менен каралган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ. "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам укук бузуулардын атайын алдын алуу объекттерине кирет, аларга карата профилактикалык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн, анын ичинде: 1) профилактикалык аңгемелешүүнү жүргүзүү; 2) расмий эскертүү берүү; 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндигин бузбаган, ошондой эле анын укуктарын мыйзамсыз чектөөлөрдү карабаган башка чаралар. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузган учурда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды коргоо максатында берилген убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо, кылмыш белгилери жок болгон учурда 40 сааттык мөөнөткө коомдук иштерге тартуу же болбосо жетиден он төрт суткага чейинки мөөнөткө камакка алууну колдонуу түрүндө жаза салууга алып келет | ||||||||||||
Зарыл болгон учурда актуалдуу маалымат жайгаштырылат (мобилдик жана контролдоонун башка түрлөрү жөнүндө маалыматтык жана башка ресурстарга шилтемелер, кью-ар-коддор) | ||||||||||||
|
| |||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулук актын жасаган адамга берилди | ||||||||||||
ИЖН |
| Туулган датасы |
| |||||||||
Фамилиясы |
| Жарандыгы |
| |||||||||
Аты |
| Жынысы | Э | А | Майыптык ___ т. | |||||||
Атасынын аты |
| Туулган жери |
| |||||||||
Иш жүзүндө жашаган дареги |
| Катталган дареги |
| |||||||||
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (тиби, сериясы, №) |
| |||||||||||
Байланыш тел. | E-mail: | |||||||||||
Алгандыгы тууралуу колу ______________________ Мессенджер, электрондук почта, смс аркылуу кабарланды (астын сызуу керек). Абоненттик номерди же даректи көрсөтүү керек: ______________ | ||||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу адамдын колу |
| |||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Арткы бет
Убактылуу коргоо ордери эмнени камтыйт |
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык убактылуу коргоо ордери төмөнкү шарттарды камтышы мүмкүн: - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын баласы/балдары же үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын баласы/балдары менен түз жана кыйыр байланышка тыюу салуу; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен бирге жашаган же турган жерде болууга тыюу салуу; - жабыр тарткан адамды куугунтуктоого, ошондой эле анын жайгашкан жерин ачыктоого тыюу салуу, анын ичинде жеке өзү же үчүнчү жактар аркылуу; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын сакталышын контролдоону, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруу милдетин; - ок атуучу, пневматикалык жана газ куралын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салуу, ал эми бар болсо - ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу; - убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүү. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 40 сааттык мөөнөткө коомдук иштер же болбосо жетиден он төрт суткага чейин камакка алуу түрүндө жаза салууга алып келет. Убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим прокуратурада же сотто даттанылышы мүмкүн |
Кошумча коргоо чаралары |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан төмөнкүлөргө укуктуу: - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды бирге жашаган жеринен убактылуу чыгаруу жана ата-энелик укуктарын чектөө тууралуу талаптар менен сотко кайрылууга; - жабыр тарткандын макулдугу менен коопсуз жерге же баш калкалоочу жайга жайгаштырууга; - адистештирилген мекемелерде юридикалык, медициналык, социалдык жана психологиялык жардам алууга. Кошумча маалымат жана жардам алуу үчүн жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын шыр байланыш телефону - 114 боюнча кайрылууга укуктуу. Сизге карата техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыздоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн. Мындай чечим тиешелүү ички иштер органы тарабынан тобокелдиктерди баалоо протоколунун негизинде кабыл алынат |
".
|
| 2-тиркеме |
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата контролдоонун электрондук байкоо жүргүзүү жана техникалык каражаттарын колдонуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата контролдоонун электрондук байкоо жүргүзүү жана техникалык каражаттарын колдонуу тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана электрондук байкоо жүргүзүүнү, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдаланууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруу эрежелерин аныктайт.
2. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын жайгашкан жерин аралыктан контролдоо түрүндөгү электрондук байкоо жүргүзүү убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын камсыз кылуу жана алардын юстиция жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан сакталышын контролдоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр:
контролдоо аймагы – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга электрондук байкоо жүргүзүүнүн белгиленген шарттарына ылайык болууга уруксат берилген аймак, ички иштер органдары (же сот) тарабынан чечимде көрсөтүлгөн жашаган, иштеген, окуган жеринин же башка жерлеринин даректеринин негизинде аныкталат;
тыюу салуу аймагы – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга ички иштер органдары (же сот) тарабынан белгиленген аралыкка, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын жашаган, иштеген, окуган же башка иш жүзүндө болгон жерлерине барууга же жакын келүүгө тыюу салынган аймак.
мобилдик контроль – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды аралыктан биометрикалык идентификациялоо, анын жайгашкан жерин мезгил-мезгили менен ырастоо, геомаалыматтарды автоматташтырылган түрдө берүү жана программалык камсыздоону алып салуу, өчүрүү же бөгөт коюу аракеттерин фиксациялоо каралган мобилдик тиркеме же веб-сервис аркылуу жүзөгө ашырылуучу контролдоонун электрондук техникалык каражатынын түрү;
мониторинг борбору – юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук байкоо жүргүзүү шарттарынын сакталышына сутка бою аралыктан контролдоону, контролдоонун техникалык каражаттарынан маалыматтарды алууну жана иштеп чыгууну, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды каттоону, сигналдык окуяларды фиксациялоону жүзөгө ашырган жана бузуулар жөнүндө актыларды түзгөн түзүмдүк бөлүмү;
электрондук билерик – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын денесине бекитилүүчү, анын геолокациясын реалдуу убакыт режиминде автоматташтырылган түрдө көзөмөлдөөнү, ошондой эле тиешелүү сигналдарды мониторинг борборуна жөнөтүү менен түзүлүштү чечүү, бузуу же иштешине кийлигишүү аракеттерин фиксациялоону камсыз кылуучу контролдоонун электрондук техникалык каражатынын түрү;
электрондук байкоо жүргүзүү – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жайгашкан жери жана жүрүм-туруму жөнүндө, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз же мезгил-мезгили менен алуу, иштеп чыгуу жана талдоо аркылуу контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу белгиленген тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн сакталышын аралыктан контролдоо.
2-глава. Электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуунун негиздери жана шарттары
4. Электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
– ички иштер органдарынын чечими;
– укук бузуу жөнүндө ишти кароонун жыйынтыгы боюнча соттун чечими.
5. Ички иштер органдары контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын (электрондук байкоо жүргүзүү) убактылуу коргоо ордеринин колдонуу мөөнөтүндө колдонот.
Электрондук байкоо жүргүзүүнүн колдонулушу убактылуу коргоо ордеринин колдонулушу аяктаган күнү токтотулат. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.
6. Сот төмөнкү тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн бирин же бир нечесин дайындоодо электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонууга укуктуу:
1) жабырлануучу менен түз байланыштарга тыюу салуу;
2) куугунтуктоого тыюу салуу;
3) ок атуучу, пневматикалык жана газ куралдарын сактоого жана (же) пайдаланууга тыюу салуу, ал эми бар болгон учурда ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу;
4) белгилүү бир аймактарда жайгашкан жери боюнча чектөөлөр;
5) жапа чеккен адамдын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка чектөөлөр.
7. Сот электрондук байкоо жүргүзүүнү 3 айга чейинки мөөнөткө белгилөөгө укуктуу.
8. Электрондук байкоо жүргүзүүнү белгилөө жабыр тарткан адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучту алдын алуу зарыл болгон, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерин баалоо протоколунда кайталанып жасалган зомбулуктун жогорку тобокелдиги белгиленген учурларды кошпогондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
9. Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү аткаруу укук бузган адам негизги жаза чарасын аткаргандан кийин ички иштер органдары тарабынан контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын белгилөө жолу менен жүзөгө ашырылат.
10. Сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:
1) электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуу менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр дайындалган адамга контролду жүзөгө ашыруу бөлүгүндө аткаруу үчүн ички иштер органдарына;
2) ушул Тартиптин 6-пунктунун 3, 5-пунктчаларында каралган учурлардан тышкары сот тарабынан дайындалган электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуу менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруу үчүн юстиция органдарына.
3-глава. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруунун шарттары
§ 1. Чараларды колдонуу үчүн негиздер
11. Контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чаралар үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жана үй-бүлөлүк зомбулук тобокелдиктерин баалоонун натыйжалары боюнча «жогорку тобокелдик» деңгээлине киргизилген адамдарга карата ички иштер органы тарабынан колдонулат.
12. Ички иштер органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы Контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө жазуу жүзүндө чечим чыгарат. Чечимдин формасын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бекитет. Чыгарылган чечим жөнүндө кабарлоо мониторинг борборуна чечим кабыл алынган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен жөнөтүлөт.
13. Мониторинг борбору контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдойт.
14. Контроль белгиленгенден кийин ички иштер органы техникалык каражатты активдештирет.
15. Тыюу салуу аймагы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам тарабынан көрсөтүлгөн жашаган, иштеген, окуган жана башка жерлердин белгиленген даректерине ылайык ички иштер органы тарабынан аныкталат.
16. Электрондук билерикти колдонуу жолу менен электрондук байкоо жүргүзүү маалыматтарды мониторинг борборуна реалдуу убакыт режиминде берүү менен адамдын геолокациясын тынымсыз автоматташтырылган түрдө көзөмөлдөө жана автоматтык түрдө кооптонуу сигналын жаратуу менен аны чечүүгө, бузууга же анын ишине кийлигишүүгө болгон ар кандай аракеттерди фиксациялоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
Мобилдик контроль түрүндө электрондук байкоо жүргүзүү төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
– жайгашкан жерди мезгил-мезгили менен ырастоо жана географиялык маалыматтарды автоматташтырылган түрдө берүү;
– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жүзүн мобилдик тиркемеде же веб-сервисте күндүзгү убакыт ичинде аралыктан биометрикалык идентификациялоо;
– тиркемени же веб-сервисти жок кылуу, өчүрүү же бөгөттөө аракеттерин, байланыш режиминин бузулушун жана алардын системасынын ишине кийлигишүүнү көрсөткөн башка аракеттерди фиксациялоо.
17. Электрондук билерикти же башка техникалык каражаттарды колдонуу артыкчылыкка ээ. Электрондук билерик жок болгон учурда мобилдик контроль колдонулат.
§ 2. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн шарттарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
18. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн шарттарын бузуу деп үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын төмөнкүдөй аракеттери таанылат:
1) белгиленген тыюу салуу аймагынан өтүү;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга белгиленген аралыктан жакын аралыкка жакындоо;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды куугунтуктоо;
4) техникалык каражатты өчүрүү, алып салуу, бузуу же анын ишине кийлигишүү;
5) аралыктан биометрикалык идентификациялоодон өтүүдөн баш тартуу же биометрикалык маалыматтардын ылайык келбестиги.
19. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн шарттарын бузуу мониторинг борбору тарабынан автоматташтырылган режимде фиксацияланат.
20. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо болуп саналган электрондук байкоо жүргүзүүнүн шарттарын бузуу факты ырасталган учурда ички иштер органы Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте укук бузуу жөнүндө протокол түзөт. Мында убактылуу коргоо ордеринин колдонулушу токтотулбайт.
21. Белгиленген тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү бузган адам Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
4-глава. Соттун чечими боюнча дайындалуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруу шарттары
§ 1. Колдонуу негиздери
22. Үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамга карата сот электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү дайындоого укуктуу.
23. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуунун жана (же) чектөөнүн конкреттүү түрүн дайындоо жөнүндө маселе сот тарабынан өндүрүштүн алкагында тобокелдиктерди баалоо протоколунун жана иштин материалдарынын, анын ичинде укук бузуу жөнүндө протоколдун жана ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча ички иштер органынын өтүнүчүнүн негизинде укук бузуу жөнүндө иш боюнча каралат.
24. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү дайындоо үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат. Эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам бала же майыптыгы бар адам болсо, макулдашуу анын мыйзамдуу өкүлү (көзөмөлчүсү, камкорчусу, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү) менен жүргүзүлөт.
Тыюу салуу аймактарын аныктоо үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен макулдашылат.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилген учурда макулдашуу талап кылынбайт.
25. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткарууну камсыз кылуу максатында сот актында электрондук байкоо жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн, анын ичинде:
– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты;
– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты;
– үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон балдардын фамилиялары, аттары, аталарынын аттары (алар бар болсо);
– электрондук байкоо жүргүзүүнүн колдонулуучу техникалык каражатынын түрү;
– белгиленген тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр;
– тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн колдонуу мөөнөтү;
– контролдоо аймагы жана тыюу салуу аймагы.
26. Мониторинг борбору сот тарабынан дайындалган электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн аткарылышын контролдоону камсыздайт.
27. Контроль белгиленгенден кийин ички иштер органы техникалык каражатты активдештирет.
28. Электрондук билерикти же мобилдик контролду колдонуу жолу менен электрондук байкоо жүргүзүү ушул Тартиптин 16-пунктунда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
29. Ички иштер органынын техникалык мүмкүнчүлүгү бар болсо, электрондук билерикти колдонуу артыкчылыкка ээ. Электрондук билерик жок болгон учурда мобилдик контроль колдонулат.
30. Контролдоо аймагы сот тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жашаган, иштеген, окуган жеринин белгиленген даректерине ылайык аныкталат.
Тыюу салуу аймагы сот тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам тарабынан көрсөтүлгөн жашаган, иштеген, окуган жеринин жана башка жерлердин белгиленген даректерине ылайык мындай жерлерден минималдуу аралыкты белгилөө менен аныкталат.
§ 2. Соттун чечими боюнча дайындалуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү бузгандык үчүн жоопкерчилик
31. Тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү бузуу деп үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын төмөнкүдөй аракеттери таанылат:
1) белгиленген контролдоо аймагынан чыгуу;
2) белгиленген тыюу салуу аймагынан өтүү;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга белгиленген аралыктан жакын аралыкта жакындоо;
4) техникалык каражатты өчүрүү, алып салуу, бузуу же анын ишине кийлигишүү;
5) аралыктан биометрикалык идентификациялоодон өтүүдөн баш тартуу же биометрикалык маалыматтардын ылайык келбестиги.
Ошондой эле сот тарабынан дайындалган тыюу салуунун жана (же) чектөөнүн түрүнө жараша башка аракеттер да бузуу деп таанылышы мүмкүн.
32. Жабырлануучу менен түз байланышка тыюу салууну бузуу деп байланыштын демилгесине карабастан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен ар кандай формадагы түз баарлашуу же өз ара аракеттенүү, анын ичинде жеке жолугушуулар, телефон чалуулар, видео чалуулар, мессенджерлер, социалдык тармактар же башка байланыш каражаттары аркылуу кат алышуулар таанылат.
33. Куугунтуктоого тыюу салууну бузуу деп үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамда анын коопсуздугуна коркунуч келтирген, анын эркине каршы ага багытталган ар кандай атайылап жасалган жүрүм-турум таанылат, ал түз же кыйыр байланыштарды демилгелөөнү, анын жашаган, иштеген, окуган, турган жерлеринде болууну, ошондой эле жашыруун байкоо жүргүзүү же аңдуу үчүн шарттарды түзгөн аракеттерди билдирет.
34. Ок атуучу, пневматикалык жана газ куралдарын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салууну бузуу болуп куралды сактоо, алып жүрүү, колдонуу же сатып алуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдар тарабынан куралды өз ыктыяры менен убактылуу алып коюудан баш тартуу же анын бар экендиги жөнүндө маалыматты жашыруу эсептелет.
Ок атуучу, пневматикалык жана газ куралдарын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салууну аткаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чечими менен аныкталат.
35. Белгилүү бир аймактарда болууга чектөөнү бузуу болуп сот тарабынан белгиленген контролдоо жана тыюу салуу аймактарынын чегинде адамдын болуусу, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга белгиленген аралыктан жакын аралыкта жакындоо, чектөөлөрдүн географиялык чектеринен өтүү же жүрүү маршруттарын сактабоо саналат.
36. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сот тарабынан дайындалган башка чектөөлөрдү бузуу деп сот тарабынан белгиленген тыюу салууларга жана (же) чектөөлөргө түздөн-түз карама-каршы келген ар кандай аракет таанылышы мүмкүн.
37. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн шарттарын бузуу мониторинг борбору тарабынан автоматташтырылган режимде фиксацияланат.
38. Сот тарабынан белгиленген электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү бузуу факты ырасталган учурда ички иштер органы Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте укук бузуу жөнүндө протокол түзөт.
39. Сот тарабынан белгиленген тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү бузган адам Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
5-глава. Электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуунун жана байкоо жүргүзүүнүн кошумча шарттары
40. Эгерде үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адам алдын ала көрүүгө же алдын алууга мүмкүн болбогон же алдын ала көрүүгө мүмкүн болгон, бирок алдын алууга мүмкүн болбогон ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажордук жагдайлар) келип чыккан учурларды кошпогондо, медициналык көрсөтмөлөр боюнча жеке өзү кайрылса же шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмуна жеткирилсе, ал же анын мыйзамдуу өкүлү бул факт жөнүндө мониторинг борборуна, ички иштер органына, ошондой эле ага карата электрондук байкоо жүргүзүлгөндүгү жөнүндө саламаттык сактоо уюмуна токтоосуз кабарлоого милдеттүү.
41. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын биргелешкен чечими боюнча бир ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук байкоо жүргүзүү функциялары башка мамлекеттик органдын мониторинг борборуна жүктөлүшү мүмкүн.
42. Ушул Тартипте каралбаган башка маселелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ведомстволук актылары менен жөнгө салынат.».