Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-апрели № 268
«Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда
таштандыларды утилдештирүү» инвестициялык долбоорун ишке
ашыруу үчүн тартылган Кытай Эл Республикасынын
жарандарын визалык колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2025-жылдын 31-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Цзюньсинь Хуаньбао (Ысык-Көл)» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда таштандыларды утилдештирүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө» токтому менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобонун 24-пунктунун 12-пунктчасына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда таштандыларды утилдештирүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча жумуштарды аткаруу үчүн «Цзюньсинь Хуаньбао (Ысык-Көл)» жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет өлкөлүк ишкана тарабынан тартылган 500 адам санында Кытай Эл Республикасынын жарандары консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктун аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |