Редакцияот 22.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

15-сессия

 

 

22-сентябрь 2023–жыл №89/XV-28

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.08.2023-жылдагы №215 - “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткарууга, Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча иштерди координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1-чечимине ылайык

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн Кант шаарынын жергиликтүү Курултайын өткөрүү 2023-жылдын 15-ноябрына (шаршемби) саат 10.00гө Кант шаары, Куттукбек Тагаев көчөсү №19 (Кант ш.Шаардык маданият үйү) дарегине белгиленсин.

2. Бекитилсин.:

- Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу комиссиясы №1-тиркемеге ылайык;

-Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси №-2 тиркемеге ылайык;

-Кант шаарынын Элдик Курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча өкүлчүлүк жыйынын өткөрүү графиги №3-тиркемеге ылайык.

3. Элдик Курултайга өкүлчүлүктүн саны 150 делегат болуп бекитилсин.

4. Кант шаарынын мэриясы Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштурууга жана каражатка байланышкан маселелерди чечсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин төрагасы М.Т. Бейшебаевге жана Кант шаарынын мэри У.Б.Майлибашевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.Бейшебаев