КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
15-сессия
22-сентябрь 2023-жыл №87/ХV-28
Кант шаарынын аксакалдар сотунун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соту жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кант шаарынын аксакалдар сотунун төрайымы А.Томашевскаянын Кант шаарынын аксакалдар сотунун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өтүнүч катынын негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын аксакалдар сотунун курамынан Кант шаарынын аксакалдар сотунун мурунку мүчөсү Андрусевич Сергей Борисович каза болгондугуна байланыштуу тастыкталган документтердин негизинде чыгарылсын;
2. Кант шаарынын аксакалдар сотунун курамына Кант шаарынын тургундарынын атынан Кениг Анатолий Петрович киргизилсин.
3. Аксакалдар сотунун курамы төмөнкү курамда бекитилсин:
Томашевская Айнагуль Кенешбековна
Дунганаева Раиса Ибрагимовна
Фаст Екатерина Петровна
Кениг Анатолия Петровича
Рысалиева Джибек Ишенбаевна
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына (Эдигеев Д.А.) жана Кант шаарынын мэринин орун басарына (Убалканов А.М.) жүктөлсүн.
Төрага | М.Бейшебаев |