Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №9
“Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитʏʏ жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024 -жыл үчүн түзүлгөн Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жылдык иш планы алымча-кошумчасы менен кабыл алынсын.
2. 2024 -жыл үчүн түзүлгөн Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын жылдык иш планы алымча-кошумчасы менен кабыл алынсын.
3. Жалал-Абад областык Юстиция башкармасы тарабынан каттоодон ѳткѳрүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков |