КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
15-сессия
22-сентябрь 2023-жыл №86/ХV-28
Кант шаарынын турак-жай коммуналдык тармагы боюнча 2023-2024-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдыгы жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарынын турак-жай коммуналдык тармагы боюнча 2023-2024-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдыгы жөнүндө” маалыматын карап чыгып
Кант шаарынын мэриясы Кант жылуулук ишканасы менен биргеликте белгиленген иштер жасалган.
«Кант жылуулук ишканасы" филиалында 13 откана бар, анын ичинен:
7 откана – мазут,
2 откана – көмүр,
2 откана - электроэнергиясы,
2 откана – газ менен жылытылат.
Мындан тышкары “ТШП” ААКнан сатып алынган жылуулук энергиясы менен Кант шаарынын 2-3 кич.р-ндору жылытылат.
ГП «Кант жылуулук ишканасы» МИсы 2023–2024-ж.ж. жылытуу мезгилинде 43268,4 Гкал иштеп чыгууну, ошону менен катар эле “ТШП” ААКнан - 13362,28 Гкал жылытуу энергиясын сатып алууну мерчемдөөдө. Пайдалануучуларга 29020,0 Гкал кое берилет, анын ичинен калкка - 22622,2 Гкал; бюджеттегилерге жана башкаларга– 6398,0 Гкал. Кант шаары үчүн жылуулук берүүнүн нормативдик узактыгы 136 күндү түзөт. 2022 - 2023ж.ж. жылуулук берүү мезгили 27.10. 2022-ж. башталган.
2023-2024-ж.ж. жылытуу мезгилине күйүүчү майлар даярдалууда. Көмүрдү ташып жеткирүү боюнча тендер “Кыргызжылуулукэнерго” МИнын борбордук аппараты аркылуу жүргүзүлгөн. Учурда “Кыргыз көмүр” менен жеткирүүсү менен кошо 1 тоннасы 4,438 сомду түзгөн 242,2 тонна көмүргө келишим түзүлдү. Көмүрдү жеткирүү август айынан декабрь айына чейин график боюнча ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө көмүрдүн көлөмү былтыркыдан калган көмүр менен кошо 153,05 тоннаны түзөт.
Мазутту жеткирүү боюнча “Кыргызнефтегаз” ААКу менен 2064 тонна мазутка тендер жүргүзүлдү.
Газга болгон талап – 3555,58 миң мз түзөт. Кант жылуулук ишканасынын электрэнергиясына мерчемделген жылдык керектөөсү 3471,3 тыс. кВт/саатты, ошону менен катар эле жылуулук багытында электроэнергия 849,59 тыс. кВт/саатты түзөт.
Кант жылуулук ишканасы бекитилген планга ылайык отканаларды оңдоо иштерин толугу менен аяктаган. Оңдоо иштери мурунку жылытуу мезгили аяктаары менен дароо башталган. Милдеттүү гидроизоляция жана жылуулук изоляциясы менен жылуулук тармактарын капиталдык оңдоо иштери 90%га аткарылды.
«Кант жылуулуккамсыздоо ишканасы» МИсын жылуулук менен камсыздоо системаларын региондук өнүктүрүү боюнча «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга чакан жана орто шаарларды жылуулук менен камсыздоо тутумун өнүктүрүү программасы» долбооруна киргизүү программасы макулдашылды. Программага ылайык Кант шаарынын Гагарин көчөсүндөгү №13а, 14а, 15а, 19а, 19б, (20а, 21а, 22а) үйлөрүн жылуулук менен камсыздоо үчүн газды пайдалануу менен кубаттуулугу 2 МВт МКУ отканасын куруу ишке ашырылды. Долбоор 100%га аткарылып, откананы кабыл алуу иштери жүргүзүлүүдө.
2021-2022-ж.ж. жылытуу мезгилинде Гагарин көчөсүндө 99 жаңы абонент, Куттубек Тагаев көчөсү 5а/3 дарегинде 40 жаңы абонент кошулган.
2023-жылы оңдоо жана тейлөө иштерин жүргүзүү үчүн чийки зат жана керектүү каражаттарга 6960,0 миң сом сарптоо пландаштырылууда. анын ичинде капиталдык оңдоого - 4060,1 миң сом жумшалат.
Оңдоо, калыбына келтирүү иштери 95%га аткарылды, учурда үйдүн ичтерин жана жылуулук трассаларын оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, №12-откананын от казаны алмаштырылып, муздак суу берүү калыбына келтирилет.
Жогоруда камтылган маалыматтардын негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын “Кант шаарынын турак-жай коммуналдык тармагы боюнча 2023-2024-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдыгы жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. Кант жылуулук камсыздоо ишканасынын директору: (Тагаеву Н.К.):
3. Жылытуу мезгилине отун камдоо боюнча иштер күчөтүлсүн жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынсын;
4. Авариялардын, күтүлбөгөн кырсыктардын жана өрттүн алдын алуу максатында бардык жылытуу тутумдарынын жана түзүлүштөрүнүн иштешине туруктуу мониторинг жүргүзүлсүн.
5. Кант шаарынын мэриясы жылуулук энергиясын учурунда керектөө үчүн Кант шаарынын муниципалдык мекеме-уюмдарынынын төлөмдөрүн ай сайын камсыздасын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сармолдоев А.Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | М.Бейшебаев |