КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
15-сессия
22-сентябрь 2023-жыл №85/ХV-28
Кант шаарынын мэриясынын бюджетинин 2023-жылдын 8 айына карата аткарылышы жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарынын мэриясынын бюджетинин 2023-жылдын 8 айына карата аткарылышы жөнүндө” маалыматын талкуулап
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарынын мэриясынын бюджетинин 2023-жылдын 8 айына карата аткарылышы жөнүндө” маалыматы тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясы:
- бюджеттик каражаттардын, өзгөчө анын корголгон беренелеринин максаттуу пайдаланышына көзөмөлдү камсыздасын;
- карыздарды кыскартуу жана салыктык башкарууну жакшыртуу аркылуу бюджетке салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн толук түшүүсү камсыз кылынсын;
- салык базасын мүмкүн болушунча кеңейтүү, бюджеттин кирешелерин толтуруунун жаңы булактары дайыма караштырылсын.
3. 2023-жылдын 11-декабрына чейин 2024-жылга карата Кант шаарынын мэриясынын болжолдуу бюджетинин долбоору камсыздалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Талантбек у. К.) жүктөлсүн.
Төрага | М.Бейшебаев |