КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
15-сессия
22-сентябрь 2023-жыл №84/ХV-28
2023-жылга бекитилген чыгымдар сметасынын алкагында акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 22-сентябрындагы №01-14/725 2023-жылдын 8 айындагы Кант шаарынын ишмердүүлүгүүн жыйынтыгында үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен 2023-жылга бекитилген чыгымдар сметасынын алкагында шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, калкты социалдык чөйрөдө колдоо ж.б. багытта натыйжалуу колдонууга акча каражатын жылдыруу жөнүндөгү катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы 15295,0 (он беш млн эки жүз токсон беш миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөрдүн беренелери боюнча кыскартсын:
- «Мамлекеттик кызмат» бөлүмү - 1750,0 миң сом
- 2212 (байланыш) беренеси боюнча – 50,0 миң сом;
- 2214 (транспорттук тейлөө) беренеси боюнча – 200,0 миң сом;
- 2214 (башка кызматтар) беренеси боюнча - 1200,0 миң сом;
- 2222 (МБП сатып алуу) беренеси боюнча– 300,0 миң сом;
«Мектепке чейинки уюмдар» бөлүмү - 11820,0 миң сом
- 2212 (байланыш) беренеси боюнча – 120,0 миң сом;
- 2218 (тамак-аш) беренеси боюнча – 10000,0 миң сом;
- 2225 (күзөт) беренеси боюнча – 700,0 миң сом;
- 3112 (жабдыктарды сатып алуу) беренеси боюнча – 1000,0 миң сом;
«Жалпы билим берүү уюмдары» бөлүмү- 725,0 миң сом
- 2212 (байланыш) беренеси боюнча – 100,0 миң сом;
- 3111 (капиталдык курулуш) беренеси боюнча – 625,0 миң сом;
«Соц. коргоо» бөлүмү - 1000,0 миң сом
- 2215 (башка кызматтар) беренеси боюнча – 1000,0 миң сом;
2. Кант шаарынын мэриясы 15295,0 (он беш млн эки жүз токсон беш миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөрдүн беренелери боюнча көбөйтсүн:
- «Мектепке чейинки уюмдар» бөлүмү- 1120,0 миң сом
- 2215 (башка кызматтар) беренеси боюнча– 1120,0 миң сом;
«Жалпы билим берүү уюмдары» бөлүмү - 5000,0 миң сом
- 2221 (кезектеги оңдоп-түздөө) беренеси боюнча – 5000,0 миң сом;
«Мектептен тышкаркы уюмдар» - 1000,0 миң сом
- 2222 (МБП сатып алуу) беренеси боюнча – 1000,0 миң сом;
«Соц.коргоо» - 1000,0 миң сом
- 2222 (соц. пособия) беренеси боюнча – 1000,0 миң сом;
«ТЖКЧ» бөлүмү - 7175,0 миң сом
- 3111 (курулуш) беренеси боюнча – 7175,0 миң сом;
3. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кант шаардык кеңешине 2023-жылдын 01-декабрынан кечиктирилбей маалымат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Талантбек у. К.) жүктөлсүн.
Төрага | М.Бейшебаев |