Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-январы № 1
Курама айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин аткарылышынын отчетун жана 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекетттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2.2.п. ылайык, 2025-жылга бюджетинин аткарылышынын отчетун жана 2026-жылга бюджетин бекитүү боюнча бюджеттик комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Курама айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджеттин аткарылгандыгы боюнча: киреше бөлүгү планы 30738,3 миң сомго аткарылгандыгы 34479,2 миң сомду түздү, чыгаша бөлүгү бекитилген план 34933,3 миң сом, такталган план 40014,7 миң сом, касса боюнча чыгаша бөлүгү 39199,2 миң сом. Өздүк счет бекитилген план 2880,0 миң сом, такталган план 3349,6 миң сом, касса боюнча чыгаша бөлүгү 3073,3 миң сом аткарылгандыгы боюнча отчету кабыл алынсын.
2. Курама айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 2026-жылга 42159,7 миң сомго бекитилсин, анын ичинен: бюджет боюнча 39179,2 миң сом, суммасында бекитилсин.(№1, №2 тиркеме).
3. 2026-жылдын 1-январында жергиликтүү бюджетинин эркин калдыктын жалпы суммасы 4187,2 миң сом; атайын каражаттар 921,5 миң сомго чыгаша бөлүгүнүн беренелерине ылайык сарпталсын.(№3 тиркеме).
4. 2026-жылга бюджетти каржылоо чыгашалары, биринчи кезекте бюджеттин корголгон эмгек акылары, социалдык фонд, коммуналдык кызматтар беренелери боюнча каржылоо жүргүзүлсүн.
5. Резервный фонд 2026-жылга 391,0 миң сомго бекитилсин.
6. Курама айыл өкмөтүнүн коммуналдык кызмат бөлүмүнө 3 (үч) штаттык бирдик бекитилип, келишим түрдө айлык акысы төлөнүп берилсин.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысына жыл ичинде бюджеттин ашыкча кирешелерин жана атайын эсептерди бөлүштүрүү, тендерден үнөмдөлгөн акча каражаттарын айылдык кеңештин макулдашуусу менен киреше жана чыгаша беренелерине которууга укук берилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жана Курама жергиликтүү кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Э.Т.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
9. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
10. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
11. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.К. Джумагулов |