КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
16-сессия
19-декабрь 2023-жыл №91/ХVI-28
Ысык-Ата районунун Люксембург айыл аймагынын Кант шаарына кошулуусуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 «Административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө» Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине ылайык, ошондой эле Кант шаарынын мэри У.Б.Майлибашевдин бул маселе боюнча толук маалыматын угуп
КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын Ысык-Ата районунун Люксембург айыл аймагына кошулуусуна макулдук берилсин.
2. Кант шаарынын аталышы өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Бул биригүүнүн администртавтивдик борбору Кант шаары болуп эсептелсин.
4. Кант шаардык кеңешинин депутаттарынын курамы жана ыйгарым укуктары өзгөртүүсүз калтырылсын.
5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаарынын мэрине (Майлибашев У.Б.) жүктөлсүн.
Төрага | М.Бейшебаев |