Редакцияот 27.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 27-январы № 4

Курама айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ата-энелердин каражаттарынын эсебинен тамактануунун төлөмүн бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесине жана 28-беренесине, ошондой эле Курама айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ата-энелердин жалпы жыйынынын протоколунун негизинде мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тарбияланган балдардын рационалдуу жана тең салмактуу тамактанышын камсыз кылуу максатында, азык-түлүктүн баасынын жогорулашын эсепке алып, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:

1. Курама айыл аймагынын Орто-Арык айылындагы “Орто-Арык” МЧББМ, Эфиронос айылындагы  “Эфиронос” МЧББМ, Панфилов “Керемет-Нур” МЧББМ жана “Бешик Ордо” МЧББМ бала бакчаларындагы балдардын тамактануусу үчүн ата-энелердин каражаттарынын эсебинен 1 балага күнүмдүк төлөмү 100 (жүз) сом өлчөмүндө тамактануунун наркы бекитилсин.

2. Тамактануунун бекитилген наркы 2026-жылдын 1-февралынан тартып колдонууга киргизилсин.

3. Курама айыл өкмөтүнө: бала бакчаларда тамактанууну уюштурууну; тамак-аштын сапатына жана белгиленген наркын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине милдеттендирилсин.

5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

А.К. Джумагулов