Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2026-жылдын 1-апрели № 1
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1 “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоонун даректүүлүгүн камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-сентябрындагы № 623 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1 “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогорудагы буйрук менен бекитилген “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрдө:
1) 3-пункттун бешинчи абзацы ““Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтыксистемасында катталган дарекке дал келиши керек.” деген сөздөрдөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы текст менен толукталсын:
“Жарандын жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо эсебиндеги дареги, жашаган жери боюнча “Санарип аймак”автоматташтырылган маалыматтык системасындагы дарекке дал келбеген, бирок эки дарек тең бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарга, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарына кирген бир калктуу конушта жайгашкан учурларды кошпогондо.”;
2) төмөнкү мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
““Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоонун даректүүлүгүн камсыз кылуу максатында, жарандынжашаган жери жана турган жери боюнча каттоо эсебиндеги дареги жашаган жери боюнча “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасындакатталган дарекке дал келүүсү талап кылынат, жарандын жогоруда аталган эки автоматташтырылган маалымат системасында катталган эки башка дареги бар болуп, бирок бул даректер бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарга, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарына тиешелүү бир калктуу конушта жайгашкан учурларды кошпогондо.”.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти ушул буйруктун негизинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) аймактык бөлүмдөрүнө (мындан ары – аймактык бөлүмдөр) туруктуу негизде практикалык жана усулдук жардам көрсөтсүн.
3. Аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери:
1) бул буйрукту “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоодо жетекчиликке алсын;
2) ушул буйрукка ылайык, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулундайындоодо туруктуу негизде калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. МинистрликтинСатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин веб-сайтына жайгаштырууну камсыз кылсын.
5. Министрликтин Социалдык төлөмдөр башкармалыгы:
1) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин;
2) Ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн, расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.
6. МинистрликтинАткарууну контролдоо жана канцелярия бөлүмү ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Министрдин м.у.а. |
| М.К.Байгончоков |