КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-январы № 6
“Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдагы жылдык отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамына ылайык, “Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.С.Тынаевдын 2025-жылдын ичиндеги аткарган иштери боюнча маалыматты угуп жана талкуулап, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. “Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдагы жылдык аткарган иштеринин маалыматы кабыл алынсын.
2. “Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдагы жылдык аткарган иштеринин маалыматы канааттандырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айылдык кеңештин туруктуу бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.К. Джумагулов |