Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №139 токтомуна 4-тиркеме |
Күрөө берүүнүн түрүн, шарттарын аныктоо жана күрөөгө коюлган
мүлктүн наркын азайтуу тартиби жөнүндө жобо
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Камсыздоо түрлөрү
3. Күрөө берүүчүгө жана күрөө предметине карата талаптар
4. Күрөөнүн өлчөмүн азайтуу тартиби
5. Күрөөнү токтотуу жана өндүрүп алууну айлантуу
6. Аткарылышын контролдоо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун сатып алуу наркын төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо максатында күрөөнү берүү тартибин жөнгө салат.
2. Күрөөнү белгилөөнүн максаты жергиликтүү бюджетке акча каражаттарынын кепилденген түшүүсүн камсыздоо жана милдеттенмелердин аткарылбай калуу тобокелдиктерин азайтуу болуп саналат.
2. Камсыздоо түрлөрү
3. Жер участокторунун сатып алуу наркын төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоонун түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
күрөөгө берүүчүнүн менчик укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу;
ыйгарым укуктуу органга сатып алуу наркынын өлчөмүндөгү милдеттенме суммасын төлөп берүүгө кепилдик берген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын банктык кепилдиги, жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
4. Төлөөгө жөндөмсүздүк тобокелдиги жогору болгон учурда, банктык кепилдик камсыздоонун артыкчылыктуу ыкмасы болуп саналат.
3. Күрөө берүүчүгө жана күрөө предметине карата талаптар
5. Көп батирлүү турак үйдү куруу үчүн берилген жер участогунун ижарачысы гана күрөө берүүчү болуп чыга алат.
6. Күрөө берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
күрөө предметине менчик укугун тастыктоого;
күрөөгө берилген мүлккө чектөөлөрдүн жок экендигин тастыктаган документтерди берүүгө.
7. Салыктар боюнча же бюджет алдындагы башка милдеттенмелер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыз болгон учурда, бузуулар жоюлганга чейин күрөөнү кабыл алуудан баш тартылышы мүмкүн.
8. Күрөө берүүчү күрөө предметин ажыратууга, ижарага берүүгө, кайра күрөөгө коюуга же башка жол менен тескөөгө укуксуз.
4. Күрөөнүн өлчөмүн азайтуу тартиби
9. Күрөө өлчөмү иш жүзүндө жүргүзүлгөн төлөмгө пропорционалдуу азайтылышы мүмкүн.
10. Күрөөнүн жаңы өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
КЖӨ - КБӨ - ТЖС, мында:
КЖӨ - күрөөнүн жаңы өлчөмү;
КБӨ - күрөөнүн баштапкы өлчөмү;
ТЖС - төлөө жүргүзүлгөн сумма.
11. Күрөөнүн өлчөмүн азайтуу акча каражаттары түшкөндөн кийин гана жүзөгө ашырылат.
12. Күрөөнүн өлчөмүн азайтуу күрөө жөнүндө келишимге кошумча макулдашуу менен таризделет.
13. Кошумча келишим белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
5. Күрөөнү токтотуу жана өндүрүп алууну айлантуу
14. Жер участогунун сатып алуу наркын төлөө боюнча милдеттенме толук аткарылгандан жана сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөндөн кийин күрөө токтотулат.
15. Күрөөнү токтотууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
жер участогунун сатып алуу наркы толук төлөнгөндүгүн тастыктоо;
күрөө жөнүндө келишимди токтотууну мамлекеттик каттоо.
16. Ыйгарым укуктуу орган сатып алуу боюнча милдеттенме аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда, соттук же соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алууну күрөө предметине айлантууга укуктуу.
17. Күрөө предметин сатуудан түшкөн акча жер участогунун сатып алуу наркы боюнча карызды төлөөгө багытталат.
6. Аткарылышын контролдоо
18. Ушул Жобонун сакталышын жана аткарылышын контролдоо компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |