Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-январы № 8
Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы сейил багына “Аскер Ата” атын ыйгаруу жөнүндө
Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылынын тургундарынын коллективдүү кайрылуу катынын негизинде сейил багына “Аскер Ата” ысымын ыйгаруу боюнча катын карап жана талкуулап, Курама жергиликтүү кеңешинин депутаттары “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” Жобонун 6 пунктуна жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Арыкбай көчөсү №1/48 дарегиндеги муниципалдык менчик болуп саналган жалпы аянты 19763.25 м2 түзгөн сейил багына “Аскер Ата” ысымы ыйгарылсын. Сейил бактын аты “Аскер Ата атындагы сейил багы” деп аталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама жергиликтүү кеңешинин туруктуу жер комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.К. Джумагулов |