Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-январы № 9
Курама айыл аймагынын айылдык кеӊешинин, айылдык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын 2026-жылга Типтүү иш планын бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Курама айылдык кеңешинин 2026-жылга иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Курама айыл аймагынын айылдык кеӊешинин, айылдык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын 2026-жылга Типтүү иш планы бекитилсин.
2. Курама айыл аймагынын айылдык кеңешинин бекитилген Типтүү иш планына ылайык иш алып баруу Курама айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына, туруктуу комиссиялардын тɵрага, тɵрайымдарына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.К. Джумагулов |