Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 23-февралы № 131

 

 

"Кыргыз спутник" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө

 

 

Жер ресурстарын сарамжалдуу колдонуу жана эсепке алуу, экологиялык мониторинг жүргүзүү, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, өтө маанилүү минералдарды табуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн пайдаланылуучу аэрокосмостук сүрөттөрдү алуу үчүн заманбап космостук технологияларды киргизүү максатында, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бир акциянын номиналдык наркы 1000 (бир миң) сом болгон 100 (бир жүз) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен 100000 (бир жүз миң) сом өлчөмдөгү уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыздык катышуусу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Кыргыз спутник" ачык акционердик коому түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан "Кыргыз спутник" ачык акционердик коомунун уюштуруучусу жана жалгыз акционери болот деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги белгиленген тартипте:

1) "Кыргыз спутник" ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;

2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматында "Кыргыз спутник" ачык акционердик коомунун акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;

3) "Кыргыз спутник" ачык акционердик коомунун уставын иштеп чыксын жана бекитсин;

4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Каракол шаарынын мэриясына (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте "Кыргыз спутник" ачык акционердик коомунун имаратын куруу жана жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жер тилкесин коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында берүүнү камсыз кылуу сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине "Кыргыз спутник" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүүгө республикалык бюджеттен 100000 (бир жүз миң) сом бөлүп берсин;

2) "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев