Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-январы № 10
Курама айыл аймагынын 2026-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жɵнүндɵ
Курама айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу бюджеттик комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси” мыйзамынын 88-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Курама айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы (СЭӨП) жактырылсын жана бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын (СЭӨП) алкагында бир жылдык божомол пландын негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетин түзүү жана аны максаттуу иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы туруктуу бюджеттик комиссияга тапшырылсын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.К. Джумагулов |