Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-апрели № 49
Бишкек, Каракол, Ак-Суу, Тоң, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Ысык-Ата, Сузак, Токтогул жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:
1) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 1 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы № 4 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 1 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңеши боюнча;
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга жана Кара-Бүргөн айылдык кеңештери боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 1 Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал жана Миң-Куш айылдык кеңештери боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 3 Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу жана Кум-Дөбө айылдык кеңештери боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-мартындагы № 4 жана 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 6 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет жана Жайылма айылдык кеңештери боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 5 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 7 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңештери боюнча;
- Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңеши боюнча;
2) Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 2 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айылдык кеңешинин депутаты каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими.
3) жеке арыздарынын негизинде катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңеши боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айылдык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 7 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы № 5 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 1 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңеши боюнча;
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга жана Кара-Бүргөн айылдык кеңештери боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылдык кеңеши боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 4 Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу жана Кум-Дөбө айылдык кеңештери боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 2 жана 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 5, № 6 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк, Нурманбет жана Жайылма айылдык кеңештери боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 7 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңештери боюнча;
- Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңеши боюнча;
5) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 22 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык: "Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Каракол, Ак-Суу, Тоң, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Ысык-Ата, Сузак, Токтогул жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Ак-Талаа, Жумгал жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
- Бишкек, Каракол, Ак-Суу, Тоң, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Ысык-Ата, Сузак, Токтогул жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Бишкек, Каракол, Ак-Суу, Тоң, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Ысык-Ата, Сузак, Токтогул жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 49 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө ЧЕЧИМДЕРИ
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү |
Ысык-Көл облусу | |||
Каракол шаары | |||
1 | Каракол АШК, № 1, 31.03.2026-ж. (31.03.2026-ж. өз арызы) | Каракол шаардык кеңеши | "Ынтымак" депутаттык фракциясынан Бийбаев Муканбет Өмүрович (4) |
Ак-Суу району | |||
2 | Ак-Суу АШК, № 4, 27.03.2026-ж. (24.03.2026-ж. өз арызы) | Каракол айылдык кеңеши (№ 6 Орлиное шайлоо округу) | Садыкова Асылкан Уркадыровна |
Тоң району | |||
3 | Тоң АШК, № 1, 31.03.2026-ж. (15.03.2026-ж. өз арызы) | Ак-Терек айылдык кеңеши (№ 5 Кызыл-Туу - Кара-Коо шайлоо округу) | Исаев Аман Канатович |
4 | Тоң АШК, № 1, 31.03.2026-ж. (16.03.2026-ж. өз арызы) | Ак-Терек айылдык кеңеши (№ 3 Комсомол - Дон-Талаа шайлоо округу) | Калыков Максатбек Аскарович |
Нарын облусу | |||
Ак-Талаа району | |||
5 | Ак-Талаа АШК, № 2, 31.03.2026-ж. (26.03.2026-ж. өз арызы) | Ала-Буга айылдык кеңеши (№ 3 Жерге-Тал - Чолок-Кайын шайлоо округу) | Төрөгожоева Анаркүл Бейшенбековна |
6 | Ак-Талаа АШК, № 2, 31.03.2026-ж. (25.03.2026-ж. өз арызы) | Ала-Буга айылдык кеңеши (№ 4 Конорчок шайлоо округу) | Мураталиев Азамат Шаршенбекович |
7 | Ак-Талаа АШК, № 2, 31.03.2026-ж. (27.03.2026-ж. өз арызы) | Кара-Бүргөн айылдык кеңеши (№ 1 Кара-Бүргөн шайлоо округу) | Атабекова Рита Куляевна |
Жумгал району | |||
8 | Жумгал АШК, № 1, 31.03.2026-ж. (30.03.2026-ж. өз арызы) | Жумгал айылдык кеңеши (№ 2 Чоң-Дөбө шайлоо округу) | Казыбаева Жылдыз Туратбековна |
9 | Сыдыков Сүйүнбек Айтбекович | ||
10 | Миң-Куш айылдык кеңеши (№ 3 17-21-аянтча шайлоо округу) | Майрамбеков Жакшылык Майрамбекович | |
Кочкор району | |||
11 | Кочкор АШК, № 3, 03.04.2026-ж. (27.03.2026-ж. өз арызы) | Кара-Суу айылдык кеңеши (№ 4 Дөң-Алыш шайлоо округу) | Биймурза кызы Фаризат |
12 |
| Кум-Дөбө айылдык кеңеши (№ 5 Шамшы шайлоо округу) | Эгинбаева Нуриса Асанкановна |
Чүй облусу | |||
Ысык-Ата району | |||
13 | Ысык-Ата АШК № 2, 18.03.2026-ж. (Каза болгондугу тууралуу № 2506010486 күбөлүгү Түрк Республикасы тарабынан 2025-жылдын 1-июнунда берилген) | Жээк айылдык кеңеши (№ 3 шайлоо округу) | Садыкова Айнура Кенжебековна |
14 | Ысык-Ата АШК № 4, 26.03.2026-ж. (26.03.2026-ж. өз арызы) | Нурманбет айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Сагынбекова Жылдыз Эрмековна |
15 | Ысык-Ата АШК № 6, 02.04.2026-ж. (01.04.2026-ж. өз арызы) | Жайылма айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Мамытов Алмас Абдылдаевич |
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
16 | Сузак АШК, № 5, 31.03.2026-ж. (30.03.2026-ж. өз арызы) | Кыз-Көл айылдык кеңеши (№ 1 Ак-Тоок, Кара-Март шайлоо округу) | Канатбек уулу Эрлан |
Токтогул району | |||
17 | Токтогул АШК, № 7, 01.04.2026-ж. (19.03.2026-ж. өз арызы) | Үч-Терек айылдык кеңеши (№ 1 Жетиген шайлоо округу) | Токтомушова Жаңыл Абалаковна |
18 | Токтогул АШК, № 7, 01.04.2026-ж. (19.03.2026-ж. өз арызы) | Үч-Терек айылдык кеңеши (№ 4 Үч-Терек шайлоо округу) | Мундузбаева Наргиза Маратбековна |
19 | Токтогул АШК, № 7, 01.04.2026-ж. (23.03.2026-ж. өз арызы) | Урматаев Тагайбек Максатбекович | |
20 | Токтогул АШК, № 7, 01.04.2026-ж. (30.03.2026-ж. өз арызы) | Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши (№ 3 Мазар-Суу шайлоо округу) | Батыралиева Бүсайра Кененбаевна |
Тогуз-Торо району | |||
21 | Тогуз-Торо АИГК, № 1, 31.03.2026-ж. (23.03.2026-ж. өз арызы) | Тогуз-Торо айылдык кеңеши (№ 1 Ленин шайлоо округу) | Атанаева Айпери Атайбековна |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 49 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө ЧЕЧИМИ
№ | АШКнын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Катталган талапкердин аты-жөнү |
Нарын облусу | |||
Ак-Талаа району | |||
1 | Ак-Талаа АШК, № 2, 31.03.2026-ж. (26.03.2026-ж. өз арызы) | Ала-Буга айылдык кеңеши (№ 3 Жерге-Тал - Чолок-Кайын шайлоо округу) | Мамбетакунова Салимабү Токтомамбетовна |
Жумгал району | |||
2 | Жумгал АШК, № 2, 31.03.2026-ж. (30.03.2026-ж. өз арызы) | Жумгал айылдык кеңеши (№ 2 Чоң-Дөбө шайлоо округу) | Абылаева Майрамкүл Орозбаевна |
Жалал-Абад облусу | |||
Токтогул району | |||
3 | Токтогул АШК, № 7, 01.04.2026-ж. (31.03.2026-ж. өз арызы) | Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши (№ 3 Мазар-Суу шайлоо округу) | Тажыбекова Аймира Тентимишовна |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 49 токтомуна 3-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө ЧЕЧИМДЕРИ
№ | АШКнын бош калган мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек АШК, № 22, 02.04.2026-ж. | Бишкек шаардык кеңеши | Шаршенбай уулу Руслан (14) "Эмгек" саясий партиясы | "Аламедин Базары" ЖЧКнын башкы директору |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
2 | Каракол АШК, № 2, 31.03.2026-ж. | Каракол шаардык кеңеши | Тойчубеков Канат Койчуманович (5) "Ынтымак" саясий партиясы | Жеке ишкер |
Ак-Суу району | ||||
3 | Ак-Суу АШК, № 5, 27.03.2026-ж. | Каракол айылдык кеңеши (№ 6 Орлиное шайлоо округу) | Замирбек кызы Мээрим | В.Омельченко атындагы орто мектебинин мугалими |
Тоң району | ||||
4 | Тоң АШК, № 1, 31.03.2026-ж. | Ак-Терек айылдык кеңеши (№ 5 Кызыл-Туу - Кара-Коо шайлоо округу) | Эркинбеков Бексултан Эркинбекович | Жеке ишкер |
5 | Ак-Терек айылдык кеңеши (№ 3 Комсомол - Дон-Талаа шайлоо округу) | Асанкадыров Болоткан Жакшылыкович | Жеке ишкер | |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
6 | Ак-Талаа АШК, № 2, 31.03.2026-ж. | Ала-Буга айылдык кеңеши (№ 3 Жерге-Тал - Чолок - Кайын шайлоо округу) | Мамбетакунова Нургүл Каракеевна | № 3 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) лаборанты |
7 | Кара-Бүргөн айылдык кеңеши (№ 1 Кара-Бүргөн шайлоо округу) | Абдыбеков Кубанычбек Дөөлөтбекович | Токой чарбада, токой сакчысы | |
Жумгал району | ||||
8 | Жумгал АШК, № 2, 31.03.2026-ж. | Миң-Куш айылдык кеңеши (№ 3 17-21-аянтча шайлоо округу) | Болот уулу Аскар | "Строй-Стоун" ЖЧКда башкы инженери |
Кочкор району | ||||
9 | Кочкор АШК, № 4, 03.04.2026-ж. | Кара-Суу айылдык кеңеши (№ 4 Дөң-Алыш шайлоо округу) | Осмонов Руслан Жылкыбекович | "Бишкекзеленстрой" муниципалдык ишканасынын кызматкери |
10 | Кум-Дөбө айылдык кеңеши (№ 5 Шамшы шайлоо округу) | Акматбекова Гүлнара Сабирдиновна | Пенсионер | |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
11 | Ысык-Ата АШК, № 2, 18.03.2026-ж. | Жээк айылдык кеңеши (№ 3 шайлоо округу) | Кадралиева Махабат Акжоловна | "Актилек" (ЖББМ) мектебинин мугалими |
12 | Ысык-Ата АШК, № 5, 02.04.2026-ж. | Нурманбет айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Медетов Алтынбек Эржанович | Жеке ишкер |
13 | Ысык-Ата АШК, № 6, 02.04.2026-ж. | Жайылма айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Николенко Евгения Геннадьевна | Ново-Покровка айылынын Жаштар сарайынын башчысы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
14 | Сузак АШК, № 6, 31.03.2026-ж. | Кыз-Көл айылдык кеңеши (№ 1 Ак-Тоок, Кара-Март шайлоо округу) | Калимбетов Туратбек Каримович | Пенсионер |
Токтогул району | ||||
15 | Токтогул АШК, № 7, 01.04.2026-ж. | Үч-Терек айылдык кеңеши (№ 1 Жетиген шайлоо округу) | Алымкулова Жаңыл Серкебаевна | Дыйкан чарба мүчөсү |
16 | Үч-Терек айылдык кеңеши (№ 4 Үч-Терек шайлоо округу) | Саматова Гүлжамал Чормоновна | Дыйкан чарба мүчөсү | |
17 | Күлчороев Улукбек Күлчороевич | М.Нургазиев атындагы орто мектебинин мугалими | ||
18 | Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши (№ 3 Мазар-Суу шайлоо округу) | Ташкенбай уулу Аскарбек | Убактылуу иштебейт | |
Тогуз-Торо району | ||||
19 | Тогуз-Торо АШК, № 2, 31.03.2026-ж. | Тогуз-Торо айылдык кеңеши (№ 1 Ленин шайлоо округу) | Субанкулова Керезбүбү Жумабековна | Убактылуу иштебейт |