Загрузка документа…
Курама айылдык кеңешинин “1”апрель 2026-жылдагы №17 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-январы № 11
Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Инновациялык борборду жана сейил бакты мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун негизинде пайдаланууга берүү жөнүндө
Орто-Арык айылынын тургуну Эрматов Аскербек Эрматовичтин кайрылуу катын карап чыгып, Орто-Арык айылындагы сейил бакты жана анын аймагында жайгашкан Инновациялык борборду натыйжалуу пайдалануу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Арыкбай көчөсү №1/48 дарегиндеги жалпы аянты 19763,25 м2 түзгөн сейил багын жана Арыкбай көчөсү №1/51 дарегиндеги жалпы аянты 3176,75 м2 түзгөн Инновациялык борборду мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун негизинде пайдаланууга берилсин.
2. Курама айыл өкмөтүнө:
мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча тийиштүү документтерди даярдоону;
инвестор (демилгечи) менен мыйзам талаптарына ылайык келишим түзүүнү;
сейил бактын жана Инновациялык борбордун коомдук маанисин сактоо шарттарын келишимде так көрсөтүүнү тапшырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы туруктуу бюджеттик комиссияга, аткарылышы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.К. Джумагулов |