Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 270 токтому менен бекитилди) |
2026–2029-жылдарга мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын ишке
ашыруу боюнча иш-чаралар планы
1. Корпоративдик башкаруу чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү
2. Мамлекеттин экономикалык акталбаган экономикага катышуусун кыскартуу жана мамлекеттик секторду оптималдаштыруу
3. МКИ менен жеке сектордун ортосунда рынокто бирдей атаандаштык чөйрөсүн жана адилеттүү атаандаштыкты камсыз кылуу
4. МКИни башкарууга активдүү, маалымдуу жана жоопкерчиликтүү мамилени киргизүү
5. Так максаттардын жана натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн негизинде МКИнин натыйжалуулугун башкаруу
6. Дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга ылайык АКтын корпоративдик башкаруусун өркүндөтүү
7. Финансылык жана финансылык эмес маалыматтын ачыктыгын, сапатын жана маалыматты ачыкка чыгаруу деңгээлин жогорулатуу
8. IPO аркылуу менчиктештирүү
№ | Милдеттер | Иш-чаранын аталышы | Ишке ашыруу мөөнөт-төрү | Күтүлүүчү натыйжа/индикатор-лор | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1. Корпоративдик башкаруу чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү | ||||||
1 | Корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү | Корпоративдик башкаруу маселелерин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө жобого талдоо жүргүзүү жана сунуштарды даярдоо | 2027-ж. | Корпоративдик башкаруу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө жобого талдоо даярдалды | Финкөзөмөл, Маммүлк | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде
|
2. Мамлекеттин экономикалык акталбаган экономикага катышуусун кыскартуу жана мамлекеттик секторду оптималдаштыруу | ||||||
2 | Жыйынды отчеттуулукту талдоонун негизинде МКИни классификациялоо критерийлерин (негиздерин) аныктоо | Мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды реформалоо маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | 2026-ж. | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү | ЭКМ, Маммүлк, акционерлердин укуктарын жана тейлөөчү мамлекеттик органдын функцияларын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде
|
Мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды классификациялоо критерийлери жөнүндө сунуштамаларды жана мамлекеттин экономикага катышуусун негиздөө/рационалдаш-тыруу маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2027-ж. 1-жарым жылдыгы | Ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштамалары даярдалды | ЭКМ, ведомстволор аралык жумушчу топ | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде
| ||
Ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштамаларын КРМК тарабынан карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды классификациялоо критерийлери жөнүндө жана мамлекеттин экономикага катышуусун негиздөө/рационалдаш-тыруу жөнүндө КРМК токтомунун долбоорун даярдоо | 2027-ж. IV кв. | МКИнин классификациясынын критерийлери жөнүндө КРМК токтомунун долбоору даярдалды | ЭКМ, Маммүлк | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде
| ||
Критерийлердин негизинде мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорго жана мамлекеттик ишканаларга, ошондой эле алардын ишин классификациялоо жүргүзүү | 2028-ж. | Критерийлердин негизинде МКИге классификациялоо жүргүзүлдү | Маммүлк, акционерлердин укуктарын жана тейлөөчү мамлекеттик органдын функцияларын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде
| ||
МКИ үчүн фискалдык жана квазифискалдык тобокелдиктерге белгиленген тартипте талдоо жүргүзүү (анын ичинде мамлекеттик колдоо, мамлекеттик бюджеттин жана башка МКИнин алдындагы карыздар, карыздык жүктөм жана бул колдонулган кредиттөө зарылдыгы) | 2027– 2028-жж. (камтуунун баштапкы мезгили); андан ары – жыл сайын | Тиешелүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарына киргизилген МКИнин фискалдык тобокелдиктери боюнча маалымат | ФМ, Маммүлк, МКИ, «Мамфинхол-динг» ААК (макулдашуу боюнча)
| Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде
| ||
3 | Экономиканын өсүшү үчүн туруктуу шарттарды түзүүгө жана мамлекеттин экономикага негизсиз катышуусун кыскартууга багытталган мамлекеттик ишканалардын портфелин оптималдаштыруу | МКИни башкарууга карата саясатты ишке ашыруу боюнча колдонмону (сунуштамаларды) даярдоо | 2027-ж. | МКИни башкарууга карата саясатты ишке ашыруу боюнча колдонмону (сунуштамаларды) бекитүү жөнүндө КРМК чечиминин долбоору даярдалды | ЭКМ | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде
|
МКИни узак мөөнөттүү негизде башкарууну реформалоонун стратегиясын даярдоо | 2027–2028-жж. | МКИни башкарууну реформалоо стратегиясын жана реформалардын жол картасын жактыруу жөнүндө КРМК токтомунун долбоору даярдалды | ЭКМ
| Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде
| ||
4 | МКИ менен жеке сектордун иши үчүн бирдей шарттарды түзүү | МКИнин товардык рыноктордогу ишинин жүктөлгөн милдеттерди аткаруудагы жана түзүү максатын камсыз кылуудагы натыйжалуулугуна ылайык келишине баа берүү | 2027-ж. | Отчет белгиленген тартипте берилди
| Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде
|
|
| Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык пайдалануудагы документтердин категориясына кирген маалыматты жана жеткиликтүүлүгү чектелген башка маалыматтарды кошпогондо, МКИни мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрү жөнүндө ар жылдык консолидацияланып ачыкталган маалыматты даярдоо анын ичинде, кеминде: (i) түз субсидиялар/трансферт-тер; (ii) капиталдык салымдар/капиталдаш-тыруу; (iii) бюджеттик зайымдар/кредит берүү; (iv) кепилдиктер/ кепилчиликтер жана квазикепилдик милдеттенмелери; жана (v) тиешелүү учурларда олуттуу салыктык жеңилдиктер. Маалыматты ачык берүү укуктук негизди, максатты, алуучуну, сумманы жана мезгилди камтышы керек. Бул отчеттуулук фискалдык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү менен бюджеттик документтер интеграцияланышы керек | 2026-финансы-лык жыл үчүн маалымат-тардын биринчи жарыяла-нышы 2027-жылы; андан ары – жыл сайын | Жылдык отчет жарыяланды
| ФМ, Маммүлк, акционерлердин укуктарын жана тейлөөчү мамлекеттик органдын функцияларын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде
|
3. МКИ менен жеке сектордун ортосунда рынокто бирдей атаандаштык чөйрөсүн жана адилеттүү атаандаштыкты камсыз кылуу | ||||||
5 | Жөнгө салуучу дагы менчик ээси да болгон акционердик коомдордо директорлор кеңешинин объективдүүлүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөө (акционердин/ катышуучунун/ уюштуруучунун укуктарын ишке ашырат) | АКка карата министрлик же ведомство бир эле учурда менчик ээсинин жана жөнгө салуучунун функцияларын аткарган учурда, көз карандысыз директорлордун үчтөн биринен кем эмеси директорлор кеңешинин курамына шайланышын камсыз кылуу үчүн АКтын уставдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 2027– 2028-жж. | АКтын уставдарына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди | Акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар
| Тиешелүү жылга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
6 | Бирдей шарттарда иштеген атаандашкан жеке компаниялар менен салыштырууга мүмкүн болгон туруктуу киреше ченемине жетүү талабын бекемдөө | МКИге ушул сыяктуу жеке компаниялар менен салыштырууга мүмкүн болгон натыйжаларга жетүү жөнүндө талаптар бекитилсин (эгерде бар болсо) | 2028– 2029-жж. | МКИнин стратегиялары, өнүктүрүү пландары/бизнес пландары, бюджеттери бекитилди | Тескөөчү мамлекеттик органдын функциясын жана акционердин укугун ишке ашыруучу мамлекеттик органдар | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
4. МКИни башкарууга активдүү, маалымдуу жана жоопкерчиликтүү мамилени киргизүү | ||||||
7 | Борборлоштурулган көзөмөлдү жана натыйжалуулуктун мониторингин камсыз кылуу | АКтын ишинин натыйжалуулугун жана координациясын көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү
| 2028-ж.; андан ары– жыл сайын | АКтагы текшерүү комиссияларын аудит боюнча комитеттерге кайра түзүү | Маммүлк, акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар, ФМ (фискалдык тобокелдиктер), Финкөзөмөл | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
8 | АКты башкарууга кесипкөй ыкманы колдонуу | Мамлекеттин менчик ээси катары укуктарын ишке ашыруунун бирдиктүү методологиясын өркүндөтүү | 2026– 2027-жж. | АКта мамлекеттик органдар тарабынан акционердин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча методологияны өркүндөтүү жөнүндө Маммүлктүн буйругу кабыл алынды | Маммүлк | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
5. Так максаттардын жана натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн негизинде МКИнин натыйжалуулугун башкаруу | ||||||
9 | МКИде ННК стандарттуу системасын иштеп чыгуу | МКИнин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн ННК индикаторлорун стандартташтыруучу ННКнын бирдиктүү системасын иштеп чыгуу | 2027– 2028-жж. | МКИде ННКнын стандарттуу системасы бекитилди | ЭКМ, Маммүлк, тескөөчү мамлекеттик органдын функциясын жана акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
10 | МКИде ННКны бекитүү, мониторинг жүргүзүү жана ачыкка чыгаруу боюнча бирдиктүү ыкманы киргизүү | Салыштырмалуу көрсөткүчтөрдү талдоону эске алуу менен ар бир МКИ үчүн ННКнын жылдык максаттуу маанилерин бекитүү | 2029-финансы жылына карата ННКнын максаттуу көрсөткүч-төрүн бекитүүнүн биринчи цикли (2029-жылдын IV кварталына карата); маалымат-ты биринчи ачыкка чыгаруу 2030-жылы; андан ары – жыл сайын | ННКны аныктоого катышкан бардык МКИлер ННКнын максаттуу көрсөткүчтөрүн бекитишти | Маммүлк, тескөөчү мамлекеттик органдын функциясын жана акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар, МКИ | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде; МКИнин жеке каражаттары |
МКИнин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн ННКны киргизүү | 2029-ж. IV кв. | ННК киргизилди; ННК боюнча отчеттуулуктун үлгүлөрү колдонулууда; МКИде ННК боюнча отчеттуулуктун бирдейлиги камсыздалууда | Тескөөчү мамлекеттик органдын функциясын жана акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар, МКИ | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде; МКИнин жеке каражаттары | ||
6. Дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга ылайык АКтын корпоративдик башкаруусун өркүндөтүү | ||||||
11 | Талапкерлердин компетенциялары-нын негизинде АК ДК мүчөлөрүн тандоо жана шайлоо процессине ачык-айкын жана координацияланган мамилени ишке киргизүү | АКтын Директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жана тандоо жол-жобосун өркүндөтүү, ишкананын кесиптик көндүмдөрүн, тажрыйбасын жана стратегиялык милдеттерин талдоого негизделген координацияланган ыкманы ишке киргизүү | 2027-жылдын IV кварталына чейин күчүнө кирүүчү жол-жоболор; 2028-жылдан баштап бардык жаңы дайындоо-лорго колдонулат | АК ДК мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жана тандоо жол-жоболорун өркүндөтүү жөнүндө КРМК токтомунун долбоору даярдалды; ДКга жаңы дайындоолордун 100%ы алардын компетенцияларынын негизинде талапкерлерди ачык жана айкын тандоо жана шайлоо процессинин алкагында жүргүзүлдү | ЭКМ, Маммүлк, акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
12 | АК ДК мүчөлөрүнүн көз карандысыздыгына карата минималдуу талаптарды сактоо | ДК мүчөлөрүнүн көз карандысыздыгына минималдуу талаптарды ишке киргизүү жана жылдык отчетто ДКнын ар бир мүчөсүнүн көз карандысыз директор же менчик ээсинин өкүлү катары статусу жөнүндө маалыматты ачыктоо | 2028– 2029-жылдары этап менен ишке киргизүү; 2029-жылдын IV кварталына карата талаптарга толук жооп берүү | ДКнын ар бир мүчөсүнүн статусу жөнүндө маалымат ДКнын мүчөлөрүн шайлоо учурунда акционерлердин жалпы чогулушунун чечимдеринде, ошондой эле ДК жөнүндө ачык-айкын маалыматта көрсөтүлөт | Маммүлк, акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар
| Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
13 | Кыргыз Республикасынын Корпоративдик башкаруу кодексин колдонуунун милдеттүү мүнөзүн камсыз кылуу | Кыргыз Республикасынын бардык АКтар үчүн милдеттүү болгон Корпоративдик башкаруу кодексин жаңыртуу
| 2028-ж. IV кв. | Кыргыз Республикасынын Корпоративдик башкаруу кодекси G20/ЭКӨУ корпоративдик башкаруу принциптеринин (2023) жана Мамлекеттик катышуу үлүшү менен ишканалар үчүн корпоративдик башкаруу боюнча ЭКӨУ жетектөөчү принциптеринин (2024) талаптарынын негизинде жаңыртылды, ал МКИ тарабынан колдонуу үчүн милдеттүү болуп саналат | Финкөзөмөл | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
7. Финансылык жана финансылык эмес маалыматтын ачыктыгын, сапатын жана маалыматты ачыкка чыгаруу деңгээлин жогорулатуу | ||||||
14 | Мыйзамдардын талаптарын бузууга нөлдүк сабырдуулук принцибин колдонуу | АКтын уюштуруу документтеринде АКтын мыйзамдардын талаптарын сактоосу үчүн ДКнын жоопкерчилигин кароо | 2027-ж.; андан ары – жыл сайын | Уставдарды, ДК жөнүндө жоболорду жана АК ДК мүчөлөрү менен келишимдерди жаңыртуу жөнүндө акционерлердин жалпы чогулушунун чечимдери кабыл алынды | Акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
15 | Эл аралык аудит стандарттарына ылайык АКтын финансылык отчеттуулугуна жыл сайын тышкы аудит жүргүзүү | Бардык АКтар тарабынан финансылык отчеттуулуктун жылдык тышкы аудитин Эл аралык аудит стандарттарына (ЭАС) ылайык жүргүзүүнү киргизүү жана мындай аудиттен өткөн финансылык отчеттуулуктун ачык жарыяланышын камсыз кылуу | 2027-жылга карата 2026-финансы-лык жыл үчүн аудиттерди толук камтуу; андан ары – жыл сайын | Финансылык отчеттуулукка жыл сайын тышкы аудит жүргүзүү жөнүндө акционерлердин жалпы чогулушунун чечими кабыл алынды | Акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар, ААК | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
16 | АКтын финансылык отчеттуулугунун аудитинин жыйынтыгы боюнча тышкы аудитордун корутундуларынын өзгөрүшүнүн себептерин жана ички контролдоо системасында аныкталган кемчиликтерди жоюу | Финансылык отчеттуулуктун аудитинин жыйынтыгы боюнча тышкы аудитордун корутундуларынын өзгөрүшүнүн себептерин жана ички контролдоо системасында аныкталган кемчиликтерди жоюуга багытталган оңдоп-түзөө иш-аракеттеринин планын белгиленген мөөнөттө, чараларды, милдеттерди жана мөөнөттөрдү көрсөтүү менен бекитүү жана аудиттин олуттуу сын-пикирлерин жоюу боюнча талаптар кайрадан сакталбаган учурда оңдоп-түзөө чараларын көрүү | 2027-ж.; андан ары – жыл сайын | Финансылык отчеттуулуктун аудитинин жыйынтыгы боюнча тышкы аудитордун корутундуларына киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана ички контролдоо системасында аныкталган кемчиликтердин 100 % үчүн оңдоп-түзөө иш-аракеттеринин пландары бекитилди | Финкөзөмөл ФМ, акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар
| Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
17 | МКИ үчүн сатып алууларга милдеттүү түрдө жыл сайын аудит жүргүзүү | Бардык МКИ үчүн бирдиктүү эрежелерге ылайык менчик ээсине жана Маммүлккө отчетторду берүү, ошондой эле сатып алуулардын аудитинин жыйынтыктары боюнча жыйынды отчетторду ачыкка чыгаруу менен сатып алууларга жыл сайын милдеттүү түрдө аудит жүргүзүү | 2027-ж.; андан ары – жыл сайын | Бардык МКИ үчүн сатып алууларга милдеттүү түрдө жыл сайын аудиттер жүргүзүлөт | Маммүлк, акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар, ДК, МКИнин аткаруу органы | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде; ААКтын жеке каражаттары |
18 | Сатып алууларга байланышкан даттанууларды кароонун милдеттүү стандартташтырыл-ган эки баскычтуу жол-жоболорун ишке киргизүү | Сатып алууларга байланышкан даттанууларды кароонун милдеттүү стандартташтырылган эки баскычтуу жол-жоболорун экинчи деңгээлде калыс жана ишенимдүү чечимди камсыз кылуу үчүн көз карандысыз комиссиялар же эксперттер тарабынан кароо менен ишке киргизүү | 2027-ж. | Сатып алууларга байланышкан даттанууларды кароонун милдеттүү стандартташтырыл-ган эки баскычтуу жол-жоболору ишке киргизилди | Маммүлк, МКИ | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде; МКИнин жеке каражаттары |
19 | АКтын маалыматтык ачыктыгын жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын Корпоративдик башкаруу кодексин колдонуу жөнүндө жылдык отчетторду, аудиттелген финансылык отчетторду жана жылдык отчетту ААКтын интернет ресурсунда жарыялоо | 2029-ж. | ЭАСга ылайык аудиттелген отчеттуулук (өзүнчө жана консолидацияланган) АКтын сайтына жарыяланды | Финкөзөмөл, акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар, ДК, МКИнин аткаруу органы | ААКтын жеке каражаттары |
20 | МКИнин иши жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу инфраструктурасын өнүктүрүү | Андан ары жыйынды отчеттуулукту түзүү үчүн МКИнин ишинин маселелери боюнча электрондук финансылык жана финансылык эмес отчеттуулукту берүү системасын ишке киргизүү менен МКИнин бирдиктүү электрондук реестрин түзүү, эксплуатациялоо жана колдоо | 2028-ж. I кв.; андан ары – квартал сайын | Андан ары жыйынды отчеттуулукту түзүү үчүн электрондук финансылык жана финансылык эмес отчеттуулукту берүү системасын ишке киргизүү менен бирдиктүү реестр түзүлдү, ага МКИнин 100 % кирди. Реестр квартал сайын жаңыланып турат | Маммүлк, Финкөзөмөл, тескөөчү мамлекеттик органдын функциясын жана акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
|
| ESG МКИни түзүү жана ачыкка чыгаруу жөнүндө талаптарды ишке киргизүү | 2029-ж. II кв. | ESG МКИни түзүү жана ачыкка чыгаруу жөнүндө КРМК токтомунун долбоору даярдалды | Финкөзөмөл | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
8. IPO аркылуу менчиктештирүү | ||||||
21 | Айрым АКты IPOго даярдоо | IPOго чыгуу үчүн ААКтын тизмегин аныктоо | 2026-ж. | IPOго чыгуу үчүн ААКтын тизмеги аныкталды | Маммүлк, акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар, ЭКМ | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде |
ФОЭС боюнча аудитти, корпоративдик башкарууну жана маалыматты ачыкка чыгарууну кошкондо, АКты IPOго комплекстүү даярдоону камсыз кылуу | 2026– 2028-жж. | Бирден кем эмес АКты IPOго даярдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү | Маммүлк, ААК ДК, Финкөзөмөл | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде; ААКтын жеке каражаттары | ||
22 | Инвесторлорду тартуу | Стратегиялык жана институттук инвесторлорду тартуу, анын ичинде инвестициялык меморандумдарды даярдоо жана роуд-шоулорду өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу | 2027–2029-жж. | Инвестициялык презентациялар өткөрүлдү | Маммүлк, ИУА, Финкөзөмөл, ААК | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде; ААКтын жеке каражаттары |
23 | IPOго чыгуу | Тандалган АКты IPOго чыгаруу | 2029-ж. | Акционерлердин жалпы чогулушунда бизнес-пландарды (долбоорлорду) камтыган ААКтын ишинин пландары жана бюджеттери бекитилди, ачык эмиссиялар жүргүзүлдү | Маммүлк, акционерлердин укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдар, ААК | Тиешелүү жылдарга мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде; ААКтын жеке каражаттары |
Кыскартуулардын тизмеси
| |||
АК/ААК | – | акционердик коомдор/мамлекеттик катышуу үлүшү бар ачык акционердик коомдор | |
Маммүлк | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | |
ННК | – | натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү | |
КРМК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети | |
ФОЭС | – | тышкы пайдалануучулар (инвесторлор, кредиторлор) үчүн компаниялардын финансылык отчеттуулугун түзүүнү регламенттеген принциптердин жана эрежелердин бирдиктүү топтому | |
ФМ | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | |
ЭКМ | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |
ИУА | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик | |
ЭКӨУ | – | өкүлчүлүктүү демократиянын жана эркин рынок экономикасынын принциптерин тааныган өнүккөн өлкөлөрдүн эл аралык экономикалык уюму | |
МКИ | – | мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканалар, анын ичинде акционердик коомдор жана мамлекеттик ишканалар | |
Жыйынды отчеттуулук | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 409 «Уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулугу жана маалыматтарды ачуу маселелери тууралуу» токтому менен бекитилген Акционердин укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиги жана башка бийлик органдары жүзөгө ашыруучу, уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулугу жана маалымат ачуу форматы | |
ДК | – | Директорлор кеңеши | |
Финкөзөмөл | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы | |
ESG | – | бул компаниянын экологиялык, социалдык жана башкаруу проблемаларын чечүүгө катышуусуна жетишилген, компанияны башкаруу мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы | |
IPO | – | коомдун акцияларынын жана акцияларга конвертациялануучу баалуу кагаздарынын кошумча чыгарууларын баштапкы ачык жайгаштыруу | |