БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XVIII – сессиясы
2023-жылдын 6-апрели № 4
2022-жылы Кыргыз Тажик чек арасында шейит кеткен Шарабидин уулу Бекмырзага Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамын жана төш медалын ыйгаруу жөнүндө
Баткен жергесиндеги каргашалуу окуяда мамлекеттик чек арада күтүүсүз куралдуу кол салуудан өз мекенин коргоп жатып баатырларча курман болгон маркум Б. Шарабидин уулуна Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамын жана төш медалын ыйгаруу, ошондой эле айыл аймагындагы Жеңиш аллеясына таш чегип эстелигин жасоо жөнүндөгү айыл тургуну С.Мамировдун кайрылуусун, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги XVIII – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаңы-Арык айылынын Б.Шарабидин уулу көчөсүнүн тургуну С.Мамировдун кайрылуусу жана айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштары эске алынсын.
2. Баткен жергесиндеги каргашалуу окуяда мамлекеттик чек арада күтүүсүз куралдуу кол салуудан өз мекенин коргоп жатып баатырларча курман болгон маркум Б.Шарабидин уулуна Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамы жана төш медалы ыйгарылсын.
3.Бүргөндү айыл аймагындагы Жеңиш аллеясына Б.Шарабидин уулунун эстелиги орнотулсун.
4.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын жана төш медалын даярдоо, юридикалык иш кагаздарын камсыздоо, тиешелүү жогорку органдарга кайрылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго милдеттендирилсин.
5. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамын жана төш медалын даярдоо, Жеңиш аллеясына эстелик жасатуу үчүн керектелген акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Осмоновго жүктөлсүн.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кубатбеков |